Видео – Рыскелди МОМБЕКОВ: “Кызматтан кетип Жангарачева эркектик кылды, а министр Жаманкулов аялдын ишин кылды»

Видео – Рыскелди МОМБЕКОВ: “Кызматтан кетип Жангарачева эркектик кылды, а министр Жаманкулов аялдын ишин кылды»

Жогорку Кеңшетин депутаты Алмамбет Шыкмаматов экс-президент Роза Отунбаеванын айткандары тууралуу өз пикирин «Азаттыкка» айткан. Дагы бир дайыма калыстыгын айтып келген депутат Рыскелди Момбеков Роза Отунбаеванын айткан сөзү боюнча “Жалбырак ТВга” өз пикирин билдириптир. Анда ал элдин култ мүнөзүнө туура баа берип, калыстыгын айтыптыр.

Баары эле жылаңач кызды элдин көзүнчө көрбөсө да, өзүнчө Интернеттен көрөт да, Роза Отунбаева жылаңач кызга болушкан жок, Жангарачевага болушуп жатат. Ага болуша калам деп өзүнө болуша турган киши таппай калды. Дегеле ал жерде Роза Исаковна жаман сөз айткан жок, жигиттердин намысына тийчү сөздөрдү айтты, андыктан анын сөзүн бурмалап, бетине көө жабуунун эч кажети жок. Роза Исаковна сүйлөгөндө мен да бар болчумун. Анда ал бизге, депутаттарга кайрылды, “жаш министрге үч-төрт бала келип алып, коркутуп, Мира Жангарачеваны кызматтан алдырып салды”,-деп. Негизи Жангарачева кызматтан кетип, бүтүндөй коллективин жана маданият министрди сактап калды. Бул жагынан ал эркектик кылды, а минстр Жаманкулов аялдын ишин кылды. Негизи жоопкерчиликти министр мойнуна алышы керек болчу. Ал алган жок, коркоктук кылып койду. Ал эми ага барган “Кырк чоронун” балдары кыйын экен саунадагы жылаңач кыздарды жаптырбайбы? Кыйын экен көчөдөгү түнкү көпөлөктөрдү жаптырбайбы? Роза Исаковна ошону айтып жатат да”,-деген Р.Момбеков.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-декабрда, Бишкектеги “Домас” отелинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачары болуп өткөн. Анда экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп, Өмүрбек Чиркешовичтин артыкчылык, кемчилигин айтып, андан кийин музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды искусствону туура түшүнүүгө жана аларды аң-сезимин өстүрүп, маданиятыбызды өнүктүрүп, бөлүнбөөгө чакырык таштаган. Бул сөзү да чуу болуп, дуу жаратты. Коомчулук экиге бөлүндү: бири жактап, бир жамандап дегендей. Роза Исаковнаны буга чейин жамандап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып келген айрым бир «ОБОНчу» аялдарга жага бербей, «обон» созуп эле жатып калды. Алар да өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп жаткан кези…

Бүгүн, Роза Исаковна коомчулукка кечээ айтканын дагы бир жолу түшүндүрдү.  Ал төмөндөгү тасмада:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.