Сапар ИСАКОВ: «Мен күчтүү адаммын, элдин алдында жүзүм жарык, эч нерседен уялбайм»

Сапар ИСАКОВ: «Мен күчтүү адаммын, элдин алдында жүзүм жарык, эч нерседен уялбайм»

Бүгүн, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өттү. Сот бүгүн, кечке маал өкүм чыгарды.

Экс-премьер-министр Сапар Исаков  менен «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга эркинен ажыратылды. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынды.

Соттун алдында баарына акыркы сөз берилген. Анда Сапар Исаков: «Мени президент Жээнбековдун угушун каалайм. Балким, мен билбей эле аны жемелеп жаткандырмын. Аны да алдап жатышкандыр. Андыктан Жээнбеков өзү мени угушун каалайм. ТЭЦти реконструкциялоо долбоору Жогорку Кеңештин комитеттери, көпчүлүк коалиция тарабынан каралып, жалпы жыйында добуш берүү менен жактырылган. Жээнбеков премьер-министр болуп турганда эксплуатацияга берилген. Бул иш боюнча сот өтө оор өкүм чыгарат, баары бир мен акталбайм, мен аны сезип турам. Ошентсе да, мен ТЭЦти реконструкциялаганыма сыймыктанам. Мындан башка дагы долбоорлорду ишке ашырганыма сүйүнөм. Борбор Азияда Бишкектегиден арзан курулган ТЭЦ жок. Мен тырышчаак, күчтүү адаммын, аягына чейин күрөшөм. Элдин алдында жүзүм жарык, эч нерседен уялбайм«, — деген.

Сапар Исаков буга чейин, 3-декабрдагы соттук отурумда сүйлөгөндө да Сооронбай Жээнбеков кезинде болгонун айтып, аны каралап, калп айтып жаткандарын баса белгилеп, ыйлап жиберген.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында башталган, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылган. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.