ЖЭБ боюнча мурдагы премьер-минстрлер: Сапар Исаков 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жарым жылга кесилди

ЖЭБ боюнча мурдагы премьер-минстрлер: Сапар Исаков 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жарым жылга кесилди

Бүгүн, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өттү. Сот бүгүн ЖЭБ боюнча ишти жыйынтыктап, өкүм чыгарды.

Экс-премьер-министр Сапар Исаков  менен «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга эркинен ажыратылды. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынды.

Эскерте кетсек, мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында башталган, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылган. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында. Бул иш боюнча 86 күбө суралды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “ЖЭБ боюнча мурдагы премьер-минстрлер: Сапар Исаков 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жарым жылга кесилди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.