“Кумтөр” алтын кенинде таңга маал жоголгон айдоочу менен мастер табыла элек

“Кумтөр” алтын кенинде таңга маал жоголгон айдоочу менен мастер табыла элек

«Кумтөр» алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, учурда дайынсыз болуп жаткандарды издөөгө 94 куткаруучу, 37 оор техника тартылган. Куткаруучулардын аракетинен, издөө иштеринен майнап чыга элек.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» кениндеги кырсык 1-декабрда таңга маал катталган. «Лысый» өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы — 570 метр жана бийиктиги — 50 метр, ал эми жалпы көлөмү — 12 млн. 825 миң куб метр. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан. Мындай маалыматты уккан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.