Оренбург жана Акбулак жолунда эки машина кагышып, төрт киши каза болду

Оренбург жана Акбулак жолунда эки машина кагышып, төрт киши каза болду

Бүгүн, 8-декабрда, эртең менен Оренбург жана Акбулак жолунда кырсык болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстан элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстан менен чектеш Соль-Илецк шаарынын аймагындагы Казань — Оренбург — Акбулак жолундагы 86-чакырымында эки машина кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт киши көз жумуп, төртөө ооруканага жеткирилген. Учурда каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын бары-жогу такталууда. Кыргыз диаспорасы жабыркагандардын туугандарын издөөдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.