78 жаштагы залкар кинорежиссер Болот Шамшиев реанимацияда, абалы оор

78 жаштагы залкар кинорежиссер Болот Шамшиев реанимацияда, абалы оор

Кыргыз Эл артисти, белгилүү, залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин абалы оор. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк бүгүн, 16-декабрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, Болот Шамшиев ооруканага ноябрдын аягында жаткырылган. Учурда реанимацияда. «Башында абалы оор болчу. Бир жума мурун бир аз жакшы болуп калган. Азыр кайра оорлошуп кетти. Ден соолугу бир калыпта болбой жатат»,-дейт Олексюк.

Эске сала кетсек, былтыр, ноябрда Болот Шамшиевдин көзү тирүүсүндө кадырлап, ага “Кыргыз Эл Баатыры” наамын берүүнү коомдук жана саясий ишмерлер, маданият кызматкерлер, акын-жазуучулар, журналисттер (тизмеде 548 адам бар) президент С.Жээнбековго кайрылуу жолдоп, суранышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.