Видео — «REакция 2.0» акциянын катышуучулары Башкы прокуратурага жана сотторго кызыл кагаз көрсөтүштү

Видео — «REакция 2.0» акциянын катышуучулары Башкы прокуратурага жана сотторго кызыл кагаз көрсөтүштү

Бүгүн, 18-декабрда, Бишкектеги Ак үйдүн капталында «REакция 2.0» аталышта тынчтык митинг болуп өттү. Андагы катышуучулар Башкы прокуратурага жана сот бийлигине футболдо эреже бузгандарга колдонулган кызыл айып кагазын көрсөтүштү.

Ошондой эле алар: «Сөз эркиндиги!, Бардыгынын оозун жаба албайсың!, Бизге факты керек!, «Азаттыкка» азаттык!, Райым камалсын!, Уурулардын орду түрмөдө!, Реалдуу реформа!» деген ураандарды кайталап айтышып, Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоп чыгышканын билдирип, бийликти коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды.

Атыр АБДРАХМАТОВА: «Бийлик сөз эркиндигине коррупция үчүн балта чапты»

Бүгүнкү митингдин катышуучулары «#REакция» аттуу акция менен Ак үйдүн алдына 25-ноябрда чыгып, бийликке эскертүү катары сары айып кагазы көрсөтүп, эмкиде кызыл кагаз менен келээрин эскертишкен. Бүгүнкү митингге БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова да келип, ал  «#REакция» акциясына бийлик реакция кылбай жатканын айтып, нааразы болду.

Эске ала кетсек, бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон.

Иликтөөлөрдү «24.kg» басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган. Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.