Видео — Залкар кинорежиссер Болот Шамшиевге президент Сооронбай Жээнбеков топурак салды. Маркум жакында эле президентке жолугуп, пландарын айткан экен…

Видео — Залкар кинорежиссер Болот Шамшиевге президент Сооронбай Жээнбеков топурак салды. Маркум жакында эле президентке жолугуп, пландарын айткан экен…
Сүрөттө: Сооронбай Жээнбеков жана Чыңгыз Шамшиев.

Бүгүн, 24-декабрда Опера жана балет театрында белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды. Ага спикер Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, коомдук, маданий ишмерлер барып, коштошуп, маркумдун баласы Чыңгыз Шамшиевге көңүл айтышты.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган эле…»

Президент Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

«Бүгүн СССРдин Эл артисти, КРнын Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссер Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдызына айландырган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы — элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти», — деген президент Сооронбай Жээнбеков.

Болот Шамшиев менен коштошкон соң, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Ал жерге президент Сооронбай Жээнбеков барып, топурак салды.  Аны «Спутник» тарткан тасмасынан көрүңүздөр:

Болот Шамшиев 21-декабрда, 78 жашында көз жумган. Ал президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканасына ноябрдын аягында түшүп, дарыланып жатып, 16-ноябрда абалы оорлоп кеткенин дарыгер Александра Олексюк билдирген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.