Фото — Назира СААЛИЕВА, журналист: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы»

Фото — Назира СААЛИЕВА, журналист: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы»

Эсен болуп, эстей жүр!

Эрнисим, жаным, алтыным, байым (байым дегенимди жактырчу элең) кечээ, 5-мартта, кыркыңды өткөрдүк. Ыйладык. Жоктодук… Сөзүңдү, өзүңдү эстедик… Кызыл-Туудагы классташтарың келип, “күмбөзүңдү тургузуп беребиз” дешти. Бүгүн Мелис байкенин достору келет.

Өзүң атаган «Алакан» сайтыбызга, «Эсен болуп, эстей жүр!» рубрикабызга сен жөнүндө эскерүү жазып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Аттиң, арман! Арман, арман, арман ай!

Сендей асыл адамды жоктоп жазуу мага аябай оор болду. Мелис байке тууралуу китеп чыгарганда баш сөзгө: “Мелис Эшимканов… Аскадай зор кишим кулады. Болгон жүрөгүң менен сүйгөн адамың жөнүндө жазыш өтө эле кыйын экен. Бир жыл бою ушул баш сөздү жаза албай кыйналдым. Күндө кечкисин компьютердин маңдайында олтурам, кагаз менен тиктешем, көздөн чолок жаш чыгат да турат. Байкем бир жаралган, эч кайталангыс киши болуптур. Жүрөгү тоодой эле, сөзү көңдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле” деп жазганыңдай, мен да так сендей абалда болдум, жаным. Андай абалды эбак эле (1992-жылы) минтип ырга да айлантып салыпсың, алтындай болгон акыным.

Периштең

Бүгүн үйдө жалгыз калдың.

Үйдү дагы жыйнадың.

Керебетке боюң таштап,

Кереметтүү кыйналдың.

 

Жаш кылгырды көздөрүңдө,

Жазгың келди күндөлүк.

Алдың калем, дептериңди,

Ойлор келди бүдөмүк.

 

Жазалбадың… Ачтың дагы,

Эскерүүнүн сандыгын.

Окуучусун окудуң да,

Карап чыктың бардыгын.

 

Тийди колго ушул дептер.

Тирилишти өткөндөр.

Жаштык ырын ырдагандар,

жаштык ыйын төккөндөр.

 

Турду баары көз алдыңда.

Үшкүрүккө айландың.

«Жарыгым» деп жалынышкан,

Ырларыма байландың.

 

Бүгүн араң түшүндүңбү,

Сырты жука сырымды?

Окуп кирдиң көзүм бардай,

Түшүнбөгөн ырымды.

 

Көзүм барда… Жаштыгым, ай!

Жалындап бир сүйгөнмүн.

Жылмайышың жан жыргатып,

Жарыгыңа күйгөнмүн.

 

Баары башка… Бирок дале,

Жарык болуп күйөсүң.

Жатсам дале көрдө чирип,

Дале сени сүйөмүн.

 

Дале күтүп, дале эңсеп,

Каалап бакыт, жакшылык,

Кай тарапта калды экен,

Кайран гана жашчылык?..

 

Мен жаныңда турам азыр,

Тиктеп коюп көзүңдү.

Угуп деги жатасыңбы,

Угулбаган сөзүмдү?..

 

Бир өзүңө билдирбестен,

Сезимимди билгизем,

Манжалардын учу менен

Чачтарыңа тийгизем.

 

Жерге төшөп кирпигиңди,

Суулабачы көзүңдү.

Мен жылмайып карап турам,

Карап койчу өзүмдү.

 

«Өлгөнмүн» деп айталбасмын.

Өзүң менен биргемин.

Жатсаң жатып, турсаң турам,

Денеси жок дилдемин.

 

Кечирип кой келгенимди,

Айтчы эми нетейин?..

Кыйнап койдум жүрөгүңдү,

Кой, болдучу, кетейин.

 

«Кайыр кошко» тилим барбайт,

«Келбейм эми» дей албайм.

Ал анткени, бир себеби,

Махабатты жеңе албайм.

 

Колдон келсе, колдоп сени,

Кошо жүрүү парызым.

Аткарууга жетишпеген

Алдыңдагы карызым.

 

Таазим этип, назик өбөм

Келбетиңен келишкен. —

Деп бүтүрөт сөз аягын,

Көрүнбөгөн периштең…

Эрнис АСЕК уулу. 1992-жыл.

Минтип көрүнбөгөн периштеме айланаарыңды, аттиң, 29-январда билсемчи?! Ал кара күндөгү акыркы мүнөттөрүң көз алдымда мезгил менен катып калды. 28-январь, 23:00 — төшөктө жатып эле жүрөгүңдү мыкчып жыгылып, бир мүнөттөй эсиңди жоготуп эсимди чыгардың, жаным. Бетиңе муздак суу чачып, бети-башыңдан өпкүлөп, ыйлап атып эсиңе келтирдим. Эсиңе келгенде сүйүнгөнүмдөн ого бетер шолоктодум… Сени кучактаган бойдон такси чакырдым. Эптеп сүйөп-таяп тургузуп, курткаңды кийгиздим. Жаным десе, кыйналып жатып да мени аядың, “өзүм басам, белиңе күч келет” деп. Көз айнегиңди сурадың. Калчылдап таппайм. “Мейли, тапканда ооруканага алып барып бересиң, бол!” дедиң. Сүйөп-таяп таксинин артына жаткырдым. Кайра үйгө чуркап кирип, калчылдап кулпуну таппайм. Андайда эч нерсе да көзгө көрүнбөй калат экен. “Эмне болсо ошо болсун, башың аман болсун, жаным” деп сумкамды алдым да, үйдү ачык бойдон таштадым. Таксисттин жанына отуруп алып “бол эле бол” деп шаштырып бараттым. Жаным да, “Жеттикпи?” деп улам сурап жаттың. Абалыбызды түшүнгөн таксист жакшы бала экен, ооруканага тез жардамдай эле тез жеткирди. Жеткенде да жардамдашып, жетелеп киргизип, оорукананын кире беришиндеги отургучка Эрнисти отургузуп: “Байке, тез айыгып кетиңиз”,- деди. “Дөөтүң колдосун!”,- дедиң. Таксисттерге дайыма ушинтип айтаар элең…

Ак халатчандар палатага жаткырып, кан басымыңды, дене табыңды текшеришти, нормалдуу дешти. Түн бир оокумга чейин арты-артынан капельницага куюшту. Жаныңдагы отургучта отуруп көзүм илинип кеткен экен, “Нази!” дегениңде чочуп ойгондум. Суу сурадың. Суу ичкен соң “жаныма жатып уктачы” дедиң мени аягансып. Саатты карасам таңкы төрт экен. Бир убакта врачтар кирип келип, “Ушу менен капельница бүттү, эртең менен аласыңар”,- дешти…

Жаным, уктай албай кыйналдың, чабалактадың… Врачтарды чакырдым. Алар келип укол сайып кетишти. Бир азга уктап кеткендей болдуң. Кайра кыйналдың… Ошентип атып таңкы саат алты болуптур. Врачтар кирип, дене табыңды, кан басымыңды ченеп, нормалдуу деп кайрадан капельница коюп кетишти. Бир убакта бир силкинип турууга аракет кылдың да, сулк жыгылып көгөрүп калдың, жаным. Ушинтип жаның чыкканын кийин түшүндүм, жаным. Ал абалың азыркыга чейин көз алдымда турат… Аны эстеген сайын жүрөгүм тилинип-тилинип, сыздап, көздөн жаш кетет. Кыйналып, бир ордума отура албай кетем… Мындай абалымды эч кимге түшүндүрө албай келем…

Кыйкырып врачтарды чакырдым. Мени палатадан чыгарып жиберип, медсестралар ар нерсени көтөрүп эле чуркап калышты. Калчылдаган боюнча врач агама чалып: “Байке, Эрнисимди сактап калыңызчы, келиңизчи. Оор абалда, келиңизчи. Мени палатадан чыгарып салышты” деп эле ыйлап аттым. Байкем эч нерсе түшүнбөй, “Кайдасыңар? Кайда барам? Адрес айт, адрес!” дейт.

Кайра калчылдап сиңдим Салимага, Нурила кайын эжеме, балабыз Татка чалып, “Эрнистин абалы оор, ооруканага тезинен келип калгыла”,- дедим ыйлап… Жүрөгүм лакылдап, колдорум калчылдап палатанын эшигине чуркадым, жакындайын десем жакындатпай жатышты. Палатадан чыгып ары-бери чуркаган врачтардан, медсестралардан улам сурап коем абалыңды, “жакшы эле” деп атышты. Ыйлап, Кудайга жалынып коридордо ары-бери басам, кайра палатага жакындайм, жалынам. Киргизишпейт. Бир убакта жасалма дем алдыруучу аппаратты сүйрөп өтүштү. Денемди майда калтырак басты. “Эмне  болду?” деп калчылдайм, “Жакшы эле” деп коюшту. Жүрөгүм лакылдап жатты. Бир убакта бир врач чыгып, “Мурда жүрөгү ооручу беле?” деди. “Ооба, мурда да ушул жерде жатып, дарыланып чыкканбыз. Ошондой кылып Эрнисимди сактап калгыла” деп жалдырап жибердим…

Былтыр да жүрөгүнөн ооруканага жатып чыкканбыз. Анда да кайын эжемдер, бир туугандарым келип көрүп, көңүлдөрү тынып кеткен. Айыгып, колтукташып, күлүп-жайнап ооруканадан чыгып кеткенбиз. Бул жолу андай болбоду… Палатадан эки врач чыгып бөлмөсүнө чакырганда эле бир жамандыкты сезип: “Жаман нерсе айтам десеңер, кирбейм!” деп денемди калтырак басты. “Эже, туугандарыңызды чакырыңыз” дегенде эле, “Жок, ишенбейм, такыр ишенбейм! Жок, мүмкүн эмес, жок ишенбейм” деп бакырып, Эрнисим жаткан палатаны көздөй чуркадым… Үстүңө киргизбей жатып киргизишти. Дем алдыруучу аппаратта апапак болуп, узун кирпигиң ийилип жатыпсың, жаным. Дем алып, онтогон үнүң угулуп, уктап жаткандай сезилип, “Дем алып жатпайбы” деп сүйүнүп, колуңду кармадым. Жылуу сезилди. “Эрнис, көзүңдү аччы, жаным, көзүңдү аччы!” деп жалынып-жалбарып жаттым. “Денеси жылуу экен го, дем алып атат го” дейм кубанып. “Жок, эже, кечириңиз, денеси качан эле муздап калган. Сиздин уруксатыңыз менен аппаратты өчүрөлү дегенбиз, өпкөсүнө күч келүүдө. Бир жарым саат качать эттик, эсине келбей койду” деп кайра эле суук сөздү айтышты. “Жок, жок, дем алып жатпайбы. Өчүрбөгүлө! Байкем врач, ал жолдо келатат. Ал куткарат” деп ыйлайм. Медсестралар палатанын сыртына араң алып чыгышты… отургучка отургузуп бир нерсе ичиришти, эмне ичкенимди деле билбейм. Айтор, мага аалам астын-үстүн болуп жатты… Калчылдап, палатага кайра кирүүгө аракет кылдым. Киргизишпеди. Каалганы илип алышты ичинен. “Аппаратты өчүрбөгүлө! Дем алып жатпайбы!” деп эшикке жармашып такылдатып ыйлап жаттым. Угушпады.. Ачышпады… Медсестралар эшиктен коридорго сүйрөйт, болбой эшикке жабышам… Кийин Салима сиңдим айтат, “Ыйлаганыңызды угуп жаттым коридордон. Мени киргизбей коюшту. Жездем комага түшүп калган го деп ойлогом. Өлөт деп эч ойлогон эмесмин”,- деп. Мага да тирүүлүгүң керек болчу, жаным…

Кайын эжемдер да эбак эле келген экен. Нурила кайын эжем менен палатага кирдик. Эжем бир колуңду кармап, бетиңден сылап ыйлап жатты… Бир колуңду мен кармап: “Эрнис, көзүңдү аччы!” деп ыйлап турдум. Мага уктап жаткандай эле туюлдуң… Көрсө, түбөлүк уйкуга кетипсиң… Өзүң жок, боз курткаңды кучактаган бойдон боздоп чыктым… Ушунчалык жандүйнөм жанчылып, жүрөгүм ооруп турду… Үйүбүзгө барып бакырып ыйлагым келди. Кайын эжемдер жибербей жатып жиберишти. Каалганы ачканда эле үйгө кийген тапочкаң босогодон тосуп алды. Аны боорума кысып, кучактап, “Муну эми сен эч качан кийбейсиң. Эми экөөбүз эч качан көрүшпөйбүз, жаным. Мындайга кантип чыдайм? Сенсиз мен кантип жашайм? Жок, жок, ишенбейм, мындай болбошу керек болчу” деп бакырып ыйладым… Түндө таппай калган көз айнегиң төшөктүн үстүндө эле жатыптыр, жаным, аны кармап кайра бакырдым. Кол кабың, илинип турган костюмуң, шымың, компьютер, китептер деги койчу, тегерегимдин баары сенсиң… Улам бир кармаган буюмуңду кармайм. “Эрнис, Эрнисим, сенсиз кантип жашайм? Неге мени таштап кеттиң? Чогуу өлөбүз деген сөздөрүң кана?” деп сүйлөп да, ыйлап да жаттым. Компьютердин маңдайында күлүп отурган элесиң көз алдыма тартылып, өлгөнүңө ишене албай отурган стулуңду кучактап шолоктодум. Компьютердин жанына өзүң коюп алган кайын ата, кайын энемдин сүрөтүн карап: “Ата, апа, кечириңиздер, уулуңарды сактай албай калдым. Жалгыз келдим… Ал сиздерге кетти. Балаңыздарды тосуп алыңыздар” деп боздодум… Сиңдим Салиманын келгенин деле билген жокмун… Ал ыйлап, мени сооротуп жатты… Телефон шыңгырады. Ким экенин деле билбейм. Алсам, “Азаттыктагы” Зайыр Ажыматов экен, “Эже, чынбы?” деди, чын деп ага ыйлап аттым… Журналисттер чала баштады. Телефонду Салимага карматтым. Кеминдеги Зуура эжем, жездем, шаардагы эжем, жездем кирип келишти. Кучактап, кайрат айтып, ыйлап турушту…

Көп өтпөй үйгө Эрнистин жездеси Арстан жездебиз келип, мени кайын эжелерим менен Ат-Башыга алып кетти. Ат-Башыга, туулуп-өскөн айылың Кызыл-Тууга сөөгүңдү алып жөнөдүк. Арман… Узун жолдо экөөбүз жашаган бактылуу күндөрдү эстеп, көздөн жаш кылгырып баратты…

Ат-Башыга келбегенибизге эки жыл болуптур. Эки жыл мен оору менен алыштым. Башым катуу ооруп, чачымды алдырдым. “Сага чач жок жарашат экен. Сен кандай болсоң да мага жагасың, сулуу көрүнөсүң” деп комплимент айтканыңды эстедим. “Чачың өсүп калды, жоолугуңду алып койчу. Эң башкысы аман болчу, алтыным. Кеп чачта эмес, башыңдын амандыгында. Эртерээк сакайып, баягыдай жаркылдачы. Сен жаркылдаганда, мен кадимкидей ток пейил жүрөм” деп капаланды элең. Ооруганымда аябай жакшы карадың, котормоң менен бактың. Бир жолу катуу ооруп ооруканада жатканда: “Эрнис, кийинки күнү эмнегедир көп ооручу болдум, өзүм да оорудан тажап кеттим. Кокус көзүм жумулуп кетсе, сөөгүмдү талашпа. Бир туугандарым айылга чоң энемдин жанына коюшсун”,- десем, колумду кармап: “Нази, антпе, жакшы болуп кетесиң. Сенсиз менде жашоо жок да, жашоо кызыксыз. Мен анда ошол замат өлөм, чогуу өлөбүз. Бирок, азыр эмес, картайып чогуу өлөбүз. Көрөсүң го, баары жакшы болот. Балалуу да болобуз, болгондо да эгиз. Биздин тукумда эгиз бар, билесиң. Анан ал эгиздерди ким карайт? Экөөлөп карайбыз. Мен баланы жакшы багам, тажрыйба бар. Балдарыбыз бизге ырыскы алып келет. Сага бир нерсе айтам, аны эсиңе жакшылап түйүп ал! Сен атбашылыксың, таласыңдын “Т” деген тамгасын унут! Картайып өлөбүз, сөөгүбүз Ат-Башыга чогуу коюлат. Экөөбүз жакшы көргөн “Дневник памяти” деген кино бар го, ошолордой болуп картайып, чогуу бир кроватта, кол кармашып өлөбүз” деген элең. Кана, ошол айтканың? Кана ошол сөздөрүң? Мени таштап кетип калдың го, сыздатып, боздотуп…

Жароокер, бир башкача жан элең. Былтыр да жүрөгүмдөн приступ кармап ооруканага жатып калдым. Коркуп кетип инимди чакырып, анын машинасы менен ооруканага жеткирип, жаткырып врачтардан баарын угуп кеткенсиң. Эртең менен таңкы сегизде анализ тапшырып чыксам, эшиктин алдындагы отургучта отурупсуң. “Качан келдиң?” десем, “Жарым саат болду, палатаңа барсам, анализ тапшырганы кетти дешти. Врачтардын айткан дарыларын палатаңа алып келип койдум. Тамак ала келейин десем, ашканалар ачыла элек экен. Ачылса алып келип берем. Мен эрте туруп басам билесиң, сага жөө келдим” деп жылмайдың. Анысы чын, эрте турчу. Таңкы алтыда туруп, Ботаникалык бакчага басып келчү. Дегеле жөө басканды жактырчу, жакшы көрчү. Кайда болбосун жөө кетчү. Мени да көндүрдү. Көп жөө бастык, көчөлөрдүн баарын жөө басып коюппуз. Басып баратканда ар бир көчөнүн тарыхын, бак-дарактын таржымалын, дегеле пайдалуу нерселерди айтып берип, жандүйнөңдү илимге сугарып койчу…

…ошол океандай терең билимиңди, камкордугуңду эстеп, көздөн жаш куюлуп баратты…  Ат-Башыга кетчү жол оңолуп калыптыр. Ушуга да кейичү элең, “Жолдор качан оңолот? Жолго бөлүнгөн акчаны жеп коюшкан го…” деп. Оңолгон жолдорду да көрбөй кеттиң…

25-апрелде поэзия кечең өтмөк, ага чейин “Мастер менен Маргарита” романын кыргызчалаган котормо китебиңдин бет ачаары болмок. Ушул котормоңду былтыркы жайдан бери күтүп келаттың эле, “Качан чыгат болду экен? Анын автору Булгаков да көрбөй кеткен эле китебин. Мен көрөмбү, ыя? Мен 50 жашка чыгамбы, ыя, Нази?! Биздин тукумда эркектер элүүгө чыккан эмес. Атам 43 жашында, Мелис байкем 49 жашында кетти. Азыр так байкемдин жашындамын” деп бир жолу кооптондуң эле. “Оюңа алба. Сен эч нерсени оюңа алчу эмес элең го, байым. Не болуп атасың?” деп элес деле алган эмесмин. Себеби, сенин өлбөсүңө ишенгем. Анан 44 жашка чыгып, кубанганыңды эстедим. Анда: “Нази, атамдын жашынан өтүп кеттим” деп чексиз сүйүндүң эле…  Бу жолу андай сүйүнүч болбоду. Куран окулду… Эскерүү жазылды… Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков айткандай, гений элең, кежир элең. Нурландын Жаңы жыл алдындагы сунушуна көнүп койгондо, ушул жылдын 25-январында поэзия кечең өтмөк, ыр китебиң чыкмак. Кежирленип, көнбөй койдуң го. Нурлан менен 26-январда жолуктук, ага негедир 25-апрель деп датаны айттың. Пландап тарадык. Жолдо келатып, “Сенин туулган күнүң 13-июнь да. Эмнеге 25-апрель дедиң?” десем, “Майда майрамдар көп. Июнда отпускага чыгып кетишет элдин көбү. Апрель туура” дедиң. Кайрадан Нурландын сенин эмгегиңди баалап, сыйлык тууралуу айтканын эстедим. “Гений, 50 жашка чыгасыңбы? Анда сага наам алып бериш керек!” деди Нурлан. “Жок ай, мен андайды жаман көрөм” деп чок баскандай чочудуң. Наам эмес, поэзия кечесин өткөрүүгө, ыр китебин чыгарууга каршы болуп атып, араң көндүрдүм эле. Негизи Нурланга ыраазымын. Нурлан Эрнистин мыкты котормочу, мыкты акындыгын баса белгилеп, баалап, “Генийдин поэзия кечесин өткөрөлү, ыр китебин чыгаралы. Көндүр” деп мага тынбай чалып да, жазып да какшап жүрдү. Эрнис болсо болбой жүрүп, акыры көндү эле…

Эрнис бир башкача жан эле. Байлык, бийлик, кызмат, наам, атак-даңк дегенди жаман көрчү. Өтө жөнөкөй, чоң тамгалуу алтын адам болчу. Канча деген телерадио, гезит, сайттар интервьюга чакырып жүрүштү. Баш тартып жүрдү. Айрым журналисттер, “аялы болуп туруп кантип көндүрө албайсыз” деп да таңкалышчу. Бир эле сүйлөчү, айтканынан кайтчу эмес. Компьютерге отуруп алып, унчукпай бир нерселерди эле жаза берчү. Күндөлүгүңө да жазып жатканыңды көрчүмүн. Эмнелерди жазып жатат деп кызыкчумун. Бирок, батынып сурай алчу эмесмин. Себеби, андай учурда киши жактырбай калаар элең. Бүткөн соң, кубанып өзүң эле суратпай айтып берчүсүң. Бир нерсе баштасаң, анын аягына чыкмайынча баш көтөрбөй иштечүсүң. Андай учурда сени тамакка чакыруу да кыйын эле. Чылым чеккени чыкканыңда гана качан бошооруңду сурап, ошол убакытка дасторкон жайчумун. Бир жолу таңкы тамакты кечинде ичтик. Ошондо, “Тамакты өз убагында ичпей, абага чыкпай, баягыдай жөө баспай, баш көтөрбөй иштей берсең, ден соолугуңду талкалайсың да” деп таарыныч кылып, далымды салып отуруп алган окшойм, “Чоң апам адамга далы салып отурган жаман болот дечү эле” деп, далы салуу боюнча түшүндүрүп кирип күлдүргөнсүң. Таарынычты да таасирдүү сөз менен таркатып жиберчүсүң. Сөгүнүп, жаңжал чыгарчу эмессиң, сөз менен гана “жыга” чапчусуң. Кызыл-Туунун кырмасына салып кырып койчусуң. Тамашакөй элең. Дегеле мүнөзүң сонун болчу. Эч кимди жамандачу эмессиң, баарын мактап отурчусуң. Сенде көрө албастык, ичи тардык, эки жүздүүлүк, кошоматчылык, бой көтөрүү, бирөөнү кемсинтүү деген жаман сапаттар жок эле да… Ошол жакшы мүнөзүңдү, коңур үнүңдү, капилеттен сөз тапкан, жооп тапкан акылыңды эми укпай каларыма сыздап бараттым…

Ден соолугум турукташып жакшырганда көңүлүң тынч алып котормого отурдуң эле. Кыйын котормочу элең чынында. Кыска, узун, оор дебей, тез, сапаттуу которуп жиберчүсүң… “Мастер менен Маргарита” романын эки айда эле бүтүрүп койдуң го. Ага чейин Мухаммед пайгамбардын (САВ) күйөө баласы Имам Али (Нахж-ул-Балаге. Купталар, каттар, афоризмдер (накыл кептер) тууралуу калың китепти жарым жылга түзүлгөн келишимге карабай үч айда эле которуп бүтүрдүң эле. Үч айда бүткөнүңдүн себеби Мелис байкенин каза болгон күнүндө (15-сентябрда) куран окутайын деп шаштың. Тилекке каршы, китеп заказ берген тарап келишим боюнча каражатты убагында беребиз деп аванс эле беришти. Ал акчага туугандарыбызды гана чакырып куран окуттук.

Мелис байкеден ажырагандан кийин кусалыктан, сагынычтан арыктап, жүрөк оорулуу болуп калганыңды айтып бергениңди эстедим. Кайгырып жүргөнүңө өзүм да күбө болгом. Телефон чалып “Кайдасың?” десем, “Мелис байкемдин мүрзөсүндө” деп үнүң каргылданганда, жүрөгүм тызылдап, сени аяп кетчүмүн. Жүрөгүң ооруп калып жүрдү, ал оору акыры алып кетти. “Алгач апамды, анан атам болуп калган агам Мелис байкемди жоготтум” деп кайгырып кабырганы кайыштырчусуң. Акыркы күндөрү да ата-энеңди, чоң апаңды, Мелис байкени айтып, “алар тирүү болгондо мындай болмок, тигиндей болмок” деп да сөз кылып, алардын төккөн мээримин айтып, балалык кезиңди айтып жүрдүң… Балким, ошол сагыныч, ошол кусалык сени тездетип алып кеттиби бу жалган жашоодон деп отурам… Айтып бүтпөй, сагынып жүргөн адамдардын жанына барып жатып калдың. Асыл адамдар менен акыретте жолугушуп, аларсыз өткөргөн өмүрүңдүн кандай өткөнүн айтып бүтпөй жаткандырсың… Эгер алардын мээримин көрүп, кучагында бактылуу болуп жатсаң, анда мен ток пейилмин. Ушул нерсе гана мени сооротуп атат…

Албетте, аялдын мээрими ата-эненикиндей, чоң апаныкындай болбойт. Ошондуктан мен сага канчалык мээримимди төгө алдым, билбейм. Кандай жар болдум, билбейм. Кемчилик болду, ал үчүн кечирим сурайм. Көзүң барда да кемчилигимди мойнума алып, кечирим сурап калсам, “Кемчилигин сезе билген эң жакшы сапат”,- деп калчу элең. Кепинделген абалыңда кечирим сурап башыңдан сыладым. Уктуңбу-жокпу, билбейм. Бирок, өзүң: “Өлгөн адам бейитке кеткенге чейин баарын угат. Ый аларга музыка болуп угулат. Ал эми тирүүлөрдүн сөздөрүн даана эле угат. Ошон үчүн аялдар кошок кошот да” деп бата кылган жерден келатканда да өлүмдүн шартын түшүндүрүп берчү элең. Ошол сөздөрүңдү эстеп, кепиниңдин башына отуруп алып, башыңды тиземе коюп, чекеңден сылап сени менен сүйлөшкүм келди. Ошону ойлоп элдин укташын күтүп жаттым. 30-январдын түнү эле. Уктай албай, үшкүрүнүп төшөктүн алдында ыйлап жаттым. Баары уктап калганда акырын уурданып чыктым. Боз үйгө кирейин деп калганда сиңдим Салима кармап калды, ал артымдан чуркап чыгыптыр. “Сүйлөшүп алайынчы?” деп ыйладым. “Болбойт, молдо уруксат бериш керек. Сабыр кылыңызчы” деп ал да ыйлап, болбой жатып үйгө киргизди. Таңкы саат беш болуптур. Андайда таң да атпай калат эмеспи… Кире бериште отуруп алып, кызыңдын суранычы менен алгач Кызыл-Тууга келгенибизди эстедим. Ал “чоң апамдын бейитин көрсөм” деп суранган эле, ошол суранычын аткардың эле. Кызыл-Тууга сен, мен, Бегимай, Тат төртөөбүз келип кеттик эле. Кандай гана бактылуу күндөр… Андагы элесиңди, ушул үйгө кирип-чыкканыңды эстеп ого бетер эт-жүрөгүм эзилди…

Ушул үйдө бала кездеги кылыгыңды айтып бергениңди эстедим. “Анда мен эки жашта экем. Кычыраган кыш, кар калың. Үйдөгү кийимим менен сыртка чыгып, чоң энемдин көлөчүн кийип, узун укурукту сүйрөп, маңкамды агызып көчөдө кетип баратканымды үйгө келаткан ата-энем көрүп, көрмөксөн болуп жанымдан өтүшүптүр. Байкабапмын. “Ой, Эрнис, каякка?” деп атам сураганда гана токтоп, анда да кылчайып: “Улан менен каккей ойнойм!” деп ата-энемди күлдүрүпмүн. Мени төрт эжем эзилип аябай жакшы көрчү. Эжелеримдин айтымында, көзүм чоң, капкара, кирпигим узун болуптур. Эң улуу эжем “Кара көзүм” деп эркелетип, бетимден аябай өпкүлөчү” деп айттың эле. Гүлмира эжем “Кара көзүм менин, кара көзүм” деп сени жоктоп ыйлап боз үйдө отурду… Ал күн да ый менен өтүп баратты. Жатаар маал болду. Сыртта мышык сен жаткан жакта мыёлоп жүрдү. Кирип кетпесин деп кайын эжемдер чыйпылыктап, боз үйгө жата турган кайнилериме катуу дайындашты. “Мышык байланды” дегенде гана жүрөк ылдыйлады.

Сенин акылың менен турмуштагы көптөгөн сыноолорду жеңип, эми жашообуз оңолуп келатканда өмүр эшигин жаап кете бердиң, жаным. Махабатым кечеңдегендей, өлүмүң да кечеңдесе кана, аттиң. Биз болгону 7 жыл жашадык. Ушул жыл ичинде да экөөбүздүн ортобузга от жагып, очогубузду бузуп ажыраштырууга аракет кылгандар да толтура болду… турмуштун ар кыл өйдө-ылдыйы бир топ эле калчады… биз ага туруштук берип, акыл калчап жеңдик эле.

Мени өтө оор абалга таштап жүрөгүмдү жаралап кеттиң. Мага азыр аба менен суудай жетпей турасың, байым. Жоктоо дартын кантип, качан жеңем айтуу кыйын. Мелис байкемди жоктоп жашыган Асел жеңемдин абалын эми түшүнүп отурам. Мелис байкенин атын укканда эле жеңем жашып калчу эле… Мен да азыр так ошондой абалдамын. Байкебиздин кичүү баласы Адамчик Ат-Башыга барды, сага топурак салды. “Жайында Адамчиктин туулган күнүндө жолугабыз, аны көптөн бери көрө элекмин. Анын да датасы 13ү” деп ага болгон сагынычыңды да айттың эле. Адамчик чоң жигит болуп калыптыр, Эрнис…

“Эртең… эртең, 31-январда байым кайрылбас жайга кетет. Эрнисимди акыркы сапарга узатабыз. Кантип, кантип? Кош дегенге кол барбайт го, жаным” деп ишене албай, уктай албай төшөктүн алдында ыйлап таң атырдым. Таң супа салып калганда кичүү кайын эжем, “Экөөбүз бала кезде аябай сырдашчубуз, өтө жакын болчубуз, ал турмуш курганы алыстап кеттик” деген Гулина эжебиз: “Боз үйдө Эрнис үшүп калган жокпу? Кийизге оролду беле? Оролбосо денеси жарылып кетет экен го” дегенде, ого бетер жүрөгүм сайгылашып, каңырыгым түтөп кетти. Мындай сөздү угуу да кандай гана оор. “Оролгон” дегенди укканда жүрөк ылдыйлап калды, бирок, баары бир көргүм келди. Кайним Русландан “Коштошоордо молдого айтып, көрсөт, ээ” деп сурандым. Руслан сөзүнө туруп сууга алынгандан кийин көрсөттү. Башыңдан сылап, үч жолу: “Ыраазымын, сен да ыраазы бол” дедим… Себеби, сен кыска өмүрүңдө камкор ата, жакшы жар болдуң. Бекеринен кыргыздар: “Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы” деп айтпаптыр. Бир заматта кара жамынып, жесир болуп калган Назираңдын жакшы жары менен коштошуусу өтө кыйындыкка турду. Ай, кудай ай, акыркы коштошуу.. Кандай гана оор. Өтө жакшы көргөн адамың менен ушинтип коштошуу кандай гана оор экенин эч кимге түшүндүрө албайм. Ичим ачышып, ичим эле ысып турду… Ушунчалык жандүйнөм жанчылып турду. Кулагым укпай, денем чымырап, ысып, майда калтырак басып, жүрөгүм сайгылашып ооруп турду…

Боз үйдөн сөөгүңдү алып чыгышты, жаназаң окулду. Алып кетишти… Арман ай, артыңдан боздоп калдык, сыздап калдык. Калчылдап, жүрөк ооруп араң турган жаным, эсим ооп жыгылыпмын…

Бир заматта боз топурактын алдында калдың. Кудай ай, кандай жаман, кандай жаман. Жаным, мен сени түбөлүк унутпайм. Жаркын элесиң жүрөгүмдө сакталат. Сенин аткарылбай калган тилек-максаттарыңды аткарам. Китептериңден кам санаба, өзүң кандай сактасаң, так ошондой, көздүн карегиндей сактайм! Ырларыңдан да кам санаба, китеп болуп чыгат! Өлөөрдөн үч күн мурда (26-январда) жолуккан Нурлан Калыбеков (Нукең) да кийин: “Генийдин ырларын сал, мага аманат болуп калды” деп ырларыңды сурап алды. Зарыгып күтүп, көрбөй кеткен “Мастер жана Маргарита” котормоң жакында чыгаарын айтып Тилек байке да чалды. Баары чыгаар, бирок, сен жок. Бул жагын ойлогондо да мага аябай оор болууда… Ошонун баарын өзүң көрүп, китебиңди колго кармаганыңда эмне? Чогуу кубанганыбызда эмне? Билинбеген менен опол тоодой эмгек калтырып кеттиң, жаным. Канчалаган бүткөн, бүтпөй калган котормолоруң калды. Чыгармаларың калды. “Чоң Жиндини” өрттөп жибергем, кайра жазып жатам” дедиң эле. Аны баштапсың, аягын эми ким бүтүрөт?..

Бекеринен сени жакшы билгендер “философ” дебептир. Жазгандарыңда да, ырларыңда да философия жатат. Мындай эмгегиң китепке айланып, жарык көрүп, элдин колуна тийиши керек! Жаман кемпириңе Кудай күч-кубат, узун өмүр берсе китеп кылып чыгарат. Өзүң жөнүндө да китеп жазат. Себеби, сен ошого татыктуу чоң тамгалуу Адамсың. Кандай адам болгонуңду элге жеткирүү, ишке ашпай калган ишиңди, чыкпай турган чыгармаларыңды, котормолоруңду китеп кылып чыгаруу, аны аткаруу менин милдетим, менин карызым, менин парызым. Бир учурда “Асабада” иштеп, өзүң менен калемдеш болгон Каныбек Иманалиев, Мелис байкенин досу Султан Раев: “Жарык көрбөй калган китептери сөзсүз чыгышы керек. Жардам беребиз!”дешти, ал дагы ишке ашып калаар…

Эрнис, эгер акыретте жолугушуу чын болсо, эми экөөбүз аркы дүйнөдөн жолугабыз. Кош, жаным! Баарыбыздын бара турган жерибиз сен кеткен жай. Ал жакка баарыбыз барабыз.  Жаткан жериң эңкейиш, Жараткан берсин кең бейиш. Бейишке чык, жерге жак. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, көрүнбөгөн периштем!

“Alakan.biz” сайты

Өзүң жок жаркылдаган сүрөттөрүң калды минтип… 

Жакшы да бийлечү…

о

Кызыл-Туудагы кайнимдин тракторунун жанынан тамашалап түшкөн сүрөтү…

Ат-Башыдагы Босогодон үй-бүлөсү менен…

Ат-Башыдагы Арпа жайлоосунан кызы Бегимайды атка мингизип…

Түркиядан жаркылдап түшкөн сүрөтү…

Бильярд да жакшы ойночу…

Шахмат да жакшы ойночу. Тынчтык бажасы менен Ысык-Көлдө…

Гитара да жакшы чертчү. Байкатпай тартып алган элем…

Бир нерсе жазып жатканда байма-бай тамеки тартчу… 

Жашынан баш көтөрбөй жазганы көзү өткөнчө калган жок…

10 thoughts on “Фото — Назира СААЛИЕВА, журналист: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.