ВИДЕО — Жеңиш Эдигеевдин генийлер жөнүндө жазган эсселери, Эрнистин элеси ыйлатты…

ВИДЕО — Жеңиш Эдигеевдин генийлер жөнүндө жазган эсселери, Эрнистин элеси ыйлатты…

Эсен болуп, эстей жүр!

Эрнисимден ажырагандан бери өзүмө келе албай жүрөм. Үшкүрүк. Куса. Сагыныч. Күнүгө ар кайсы кийимдерин жыттап, кучактап жатмай… Куш уйку салмай… Келип калчудай болуп күн санамай… Байымдын (ушинтип айтчумун, өзү да жактырчу) мени таштап боздотуп кеткенине бүгүн эки ай алты күн болуптур. Кыркынан кийин күндө, эртең менен кечинде компьютерге отуруп алып, баягы бактылуу күндөрдө түшкөн сүрөттөрдү барактайм, видеодогу тирүү кезин көрүп, үнүн угам. Көздөн жаш кылгырат… Айтор, Эрнисимсиз эптеген күндөр менен алтындай болгон апамды да азапка салгандаймын… Күйөө баласына багыштап күндө куран окуган апам: “Курандан башка арга жок, айла жок” дейт. Баарына акылым жеткени менен жүрөгүм кое бербей келет…

Бүгүн Эрнисимдин котормолорун окудум. Укмуш эми… Кыйын которчу эле… “Эх, Эрнисим, тирүү болгонуңда дагы бир китеп которуп коймок экенсиң, же изилдеп жаткан илимий ишиңдин (“кыргызда Х тамгасы болгон эмес” деп, бу арипти изилдеп жаткан эле, бир илимий ачылыш жасаганы турат го деп кызыгып келаттым эле, аттиң…) аягына чыкмак экенсиң, же баштап бүтпөй калган “Чоң Жиндини”, же “Кагындыларды”, же Мелис байке жөнүндө китептин аягына чыкмак экенсиң” деп жүрөк тызылдады… Бүткөн китебинен төртөө турат. Карантин бүткөнчө баарын иретке келтирип, бир папкага чогултуп жаткам…

Бүгүн байымдын папкасынан көп жылдан бери Швейцариядагы жашап жаткан Эрнистин жакын, жалгыз досу, айтылуу “Асаба”, “Агым” гезитинде чогуу иштеген калемдеши, белгилүү журналист Жеңиш Эдигеевдин “Кардын алдында калган сизге жакшыбы же бизгеби..?!” деген темадагы Мелис байке жөнүндөгү эскерүүсүн таап алдым. Окуп алып көзгө жаш айланды… Анда экөөнүн баарлашуусунда байым Мелис байкенин өлүмү тууралуу справканы бүткөрүп жүргөнү айтылат. “Баарынан да “өлдү” деген справка алган өтө оор экен. Ал кагазды колуңа алганың менен деле ишенбейт экенсиң” деп үшкүрдү эле Эрнис. Так ошондой оор үшкүрүк менен байымдын өлгөнү тууралуу справканы алганы турам. Жоктоо дарты менен ооруп жүргөн жаным аны алууну ойлобопмун, аны эске салган Эрнисимдин котормо китептери болду. Китеп чыгаруу үчүн ушундай справка тиркелиши керек экен. Карантин бүткөндөн кийин тиешелүү жерден алып калаарым бардыр…

Эрнисиме нак достугун, сый-урматын көрсөткөн Жеңишке терең ыраазычылык билдирем. (Куран окутууга жетпесе да, байке, эжесин жиберип, терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгымды тең бөлүшүп, ал-акыбалымды сурап турду жана турууда). Бир канча күн байымды жоктоп жазып, Интернетке жарыялап туруптур… Эрнистин арбагы ыраазы болсун!

Назира СААЛИЕВА

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Кардын алдында калган сизге жакшыбы же бизгеби..?!”

Ушундай аталышта 2012-жылы, декабрь айында «Де-факто» гезитине жарыялаган. Алгач Мелис байке жөнүндө элестүү жазган эскерүүсүн окусак, анан Эрнисти…

Эрнис менен сүйлөштүм. Асек уулучу… «Байкемдин документтерин, өлүмү тууралуу справкасын, соцфонддогу кагаздарын бүткөрүп атам»,- деди. Анан унчукпай калат… Мен да үндөбөй… телефондун туткасын мыжып, ошол күздүн дирилдегиндей болуп… Анан «байкушум, ал өзүнүн өлгөнүн деле түшүнбөй калды» — деди. «Дирт» этип кан өткөнчө «түшүнбөй» үзүлүп бараткан элеси келип, айрылуунун канчалык азап экени сезилип, ушуга да чыдайсын, көтөрөсүң деген кудайды эстеп… Мындан сегиз жыл илгери менин дагы жакын адамым өтүп, алиги Эрнис айткан справкага баргам. Маркумдарды тейлеген мекемеге. Справка берген соң, «Паспорту биякта калат!» деп аны үйүлгөн паспорттор үстүнө ыргытып койгон эле… Ошол үйүлгөн паспортторду эмгиче эстейм… Баарыбыз бир күнү чоочун бир колдон «топ» этип барып ошол үймөккө кошулаарбыз деп. Тизмеден өчөөрбүз деп… Көп калемдештерим жазды. Эскеришти. Жоктошту. Өзгөчө эски «Асаба», «Агымчылар» Эшимкановдун летучкасынан кайрадан жолуккандай болдук. Корккон, сүрдөгөн, каткырып боор эзилген, мактоо угуп көкөлөгөн, жеме угуп шылкыйган ошол летучкалар. Ошондогу сөз, энергия, идеялар азыр да буюккан көчтөй, ээсиз көчтөй бир жерде калкылдап, айланып жүргөндөй туюлат. Сагынып жүргөндөй сезилет. Эми да ошондой доор, ошондой сөз айтылса дегенсип. Сөздөр жазылса дегенсип. Ошол «Асаба» жабылганда дейм, Мелис байке: «биз өлбөйбүз, мындан ары «Агым» болуп чыга беребиз» дебедиби. «Агым» дейби!?, «агым», «агым» ушундай да гезиттин аты болобу деп кулактын көнбөгөнүн айт. Көрсө, Эшимканов эбак кийинки күрөштү ичинен бышырып коюптур, эбак ага даяр экен. Көрсө, бийлик күчтөп токтоткон соң, Эшимканов өзүнүн ички дүйнөсү анан ошол кездеги коом менен бирге, күйөрман, окурмандары менен кошулуп чо-оң бир тосмого, зор бир дамбага барып такалып калган экен. Чыдабай. Ашып, ташып. Мына анан «Агымдын» келиши менен баягы араң турган дамбанын жарылганын айт. Кайрадан акканын айт. Ал көп айтчу «суу акпай калса, ал сазга айланат, анан сасыйт”деп. “Суу агып туруш керек. Ошондо адал болот” деп. “Аккан сууда арам жок” деп. «Агымдын» чыгышы менен кыргыздын ошол сөзү ого бетер көркүнө чыкты. Шартылдап аккан суу болуп… Ал ири алды кол алдындагы мага окшогон жазмачтарын, гезит тааныган окурмандарын токтобой агып жашаганга үндөп, үйрөтүп жашады. Токтоп калбай, кан тазалап, жаныча ойлоп жашаганды жадабай айтып жашады. «Мен эмнеден корком? Өзүмдүн тирүү өлүккө айланып калганымдан…» дечү. Анысын өмүрү өткүчө далилдеп өттү. Дүкүлдөгөн паровозго тыным бербей от күрөгөн сыяктуу. Кыргыздын соңку 25 жылдык тарыхында Эшимканов андан бир ирмем да башын катып, сыртта калбаптыр. Болгондо да идеологияны, элдин аң-сезимин баштап жүрүп отуруптур. Бул эрдикпи же убагында биз байкабай өткөргөн арабыздагы байыркынын акылманы же асан кайгысы беле? Ал өлкөнүн дээрлик төрт падышасы менен алышып жашады. Төртөө менен тең достошуп да кыл чайнашып да көрдү. Ал дайыма адамдын биз көрбөгөн ички жагын көрүп тураар эле. Бир касташып эртеси кайра достошкону мына ошондонбу дейсин. Кол алдында кабарчысынан өлкөнүн Хандарына чейин ачуу сөзун да акылын да айтып сайрагандан тажаган жок. Бул баатырдыкпы же Бакайлык касиети беле? «Эшимканов Кыргызстанды 20 жыл башкарды» деп өлгөн соң моюндап отурушкандары мынакей ошондон. Эчен ирет шарты, кезеңи келип турса да ал эч качан быкшыган манап болгон жок, же «бетинен бит тайыган» креслодон көчүгү чыкпаган ичип-жегич аталган жок, курсак байлап, жал чайнаган кыргыз байлыкты жерип өттү. Өзү айткандай, үч кана нерседен коркуп жашады: Кудайдан, Абийиринен, анан Кубат акесинен. «Щедрин жазмакчы «жил дрожал, и умирал дрожал» жашоосунун атасынын оозун урайын» деп. Анан жалкоолукту жининдей көрдү. Гезиттин жыйындарында «силердин жумушка мамилеңер кандай болсо, үй-бүлөңөргө да мамилеңер так ошондой. Анткени аз иштейсиңби — аз табасың!» дээр эле. Эмне үчүн аны баары сүйүшчү? Анткени ал алдына ким келсе да, ага тагдырлаш боло калчу. Себеби, ага калп эле асмандагы жалпы суроону айтчу эмес. «Иним, эмне апаң өтүп кеттиби, досуң сатып кеттиби, ичтиңби, ажыраштыңбы, мушташтыңбы… » деп, ар бирине өзүнүн тагдырын жууруп, ким болсо да, ошого тең болуп, акыры ага бир жарыкты көргөзүп, жолуна салып жөнөтөөр эле. Ал бардык жетем деген ниетине жетип келди, бир билгенден жалгыз гана кинорежиссерлук буйурбай калды. Сааты чыкпады окшойт. 48 жаш өмүр жетпеди окшойт. Буйруганда балким анда да тамшантып бирдин ичинен чыкмак дейсиң… Бүгүн болсо эшикте кар себелеп атыр. Декабрдын муздак кары. Ушул кардын астында калган сага жакшыбы же эски тириликти эптеген бизгеби? Сени жуткан жылды узатып баары калды. Баары турат баягыдай. «Фрунзеден сүйлөйбүз» деп радиону туурап апаңа эркелеген балалыгын, балдардан кыйын болсоң да, кодолугуңа арданып балыктын майын ичип , турникке тартынып, өжөрлөнгөн мектебиң, өскөн Кызыл Аскериң, Асанбайың, «Баягы Асаба» аталбай калган «Агымың», жандооч болуп кийик аттырганга жарабаган бир армия шакирттериң калды. Аккан, анан «акпаган» досторуң калды. Акүй, көкүй, кызыл желек, көк желек шайлоолор калды, дүрбөгөн. Добулбастап кайдагы — Акыйкатка үндөгөн баягы кымгуут аянт калды, эл калды. Телефон бурап, Эрнис менен сүйлөштүм. Эшимкановчу? «Байкемин атында фонд ачсак деп атабыз» деди. «Анан китебин…» деди. Анан унчукпай калат. Мен да үндөбөй. Ошол күздүн дирилдегиндей болуп…

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Эми “Каалгаңды” кантип ачабыз?!”

Тогуз жылдан кийин, агасынын артынан, байкебиздин жашында (49унда) Эрнис өмүрдүн каалгасын жаап кетип жатпайбы…

Бир жылы “Каалгаңды” бердиң. “Сен алчы. Сен аччы ушул каалганы. Сенде жүрсүнчү” деп. Ал Эрнистин тал чыбыктай кезиндеги алгачкы эмгеги болчу. “Каалга” деген. “Өзүм бастым, өзүм чыгардым, бир экземпляр” деп. “Сен жоготпойсуң, а мен сени жоготпойм!” дегенсиң. Сонун сөз жазганга, табылганга, сонун сөз айтканга сүйүнчүбүз. Сен ошенткенде сүйүнгөнбүз. Анткени сен сонун сөз тапкансың. “Жарайт, бул менде болот дегем. Пальтомдун ички чоң чөнтөгүнө салгам. Анткени ал ошого эле батчу. Бирок ал каалга бир чөнтөккө баткан менен бүт дүйнөнүн туткасы болчу. Туткасын таап аны ачыш гана керек эле…

“Каалгаң” гезитте үлкөн рубрика болчу. Аны менен далай саясатчы, далай ырчы, далай күлчүлөрдүн каалгасын кагып ачпадыкпы, гезиттен. “Мен ааламдын каалгасын билем, эми анын туткасын гана табыш керек!” дечүсүң. Ал тутка али табыла элек. “Каалга” Мен аны жоготкон жокмун. Бирок биз жоготушуп жүрдүк… Боору бүтүн, турмуштан балбан ким бар дейсиң? Баары, элдин баары жоготушуп жүрбөйбү, аралык болуп кай бири айрылышып жүрбөйбү дештик кайра бир ирет. Көрүшпөй калган менен айрылышып калган жокпуз дедик. Бирок, сенин жакшы кабарың кечигип жүргөн кезде бир паста жаман кабарың жетпедиби. Жакынга жетип жете электе алыска жетти. Ал дайыма ошондой. Алыстарга бат кетет. Мелис байкени да капыстан угуп калдык. Алыкеге чалгам. “Чынбы?!” деп. Чалсам: “Ок, койсоңчу эй, аны биякта туруп мен укканым жок!” деген. Бирок уккан. Баары чын болуп чыккан. Ошол сыяктуу Эрнисти угуп, ишенбей кайра чалсам “чын!” дешти. Бүгүн, эртең менен! дешти. А биз ал кабарга даяр белек? Бүгүн угуп, бүгүн жоктоо жазганга даяр белек?.. Ушинтип жарга такап койбодуңбу! Жакшы сөздөр айтылып, али жакшылыктар арнаша электе…

Сагыныч

…Бүгүн сен кайтып келдиң, салам сага!
Экөөбүз жолукпайбыз дечү элем.
Баарысы баягыдай: турпатың, көз карашың…
Эх, тагдыр кайталанып келчү белем?..

Чынында абдан сени сагыныпмын,
Салмактуу мүнөзүңдү, жүрөгүңдү,
Чычайта чылым тиштеп, ойлуу карап,
Күзгүнү карап алып күлгөнүңдү.

Кечкисин ак кагаздан көздү албай,
Калемди кажып коюп олтурганың.
Бул аалам аңтар-теңтер болсо дагы,
Болбосту кадимкидей болтурганың.

Баарысын, бүт баарысын сагыныпмын…
Жер карап көчөлөрдө басканыңды,
Түн оокум уйку көрбөй жатканымда,
Эшикти эч добушсуз ачканыңды,

Бутуңдун учу менен басып келип,
Сен мени көпкө чейин караганың,
Балалык кезде калган атакемдей
Саамайды манжаң менен тараганың…

Кыйналып, бүт турпатым муңга батып,
Дүйнөмдү кесирликке малдым эле,
Армандын аягы жок күүсүн чертип,
Алсыздык аскасында калдым эле.

А эми ууртума күлкү уялап,
Боштукка толуп турган көздөрүм ток.
Мен сага миң мертебе ыраазымын,
Жалгыздык, рахмат сага, сөздөрүм жок…

2004жыл

Бул “Каалгаңа” кошкон кийинки ырларыңдан. Бир сыйра көз чаптырдым. Анан да “Мелис байкеме” дегениң:

Кеч иңир

(Мелис байкеме)

Улуу Көч. Улуу Өмүр. Улуу учур.
Уруштун туу чокусу алаканда.
Мен болсо эшек курттун кейпин кийип,
Менменсип мерт дүйнөгө баратам да…

Өрт дагы, өткүр дагы Сиз турасыз!
Өткөргөн менин жолум ката экен да?..
Кеч иңир кирип келди, шашылайын…
Кечиргин агам дагы, атакем да…

2007-жыл

Экөөң тең 50дөн ары өткөн жоксуң. Бирок Сөз жазам деген миңдерге мектеп болдуңар. Устат болдуңар. Бул максаттын максаты, бийигидир. Демек, жылдызга колуң жеткенидир. Силерди карап, өлбөй турган, жылдызга колу жеткен эчен кыргыздын эчен өчкөн өмүрүн эстеп бул ой келди: Өлбөш үчүн жылдыздан түшпөш керек экен! Жандүйнө чабытыңар жылдызда туруп бир мезгил “гүп!” деп кулабашыңар керек экен, чоң адам! Ылдыйда силер басчу жол калбай, чоочун болуп четте калат экенсиңер, чоң адам. Акыркы каттарыңдын биринде жаздың: “… досум, эң негизгиси — мен акыйкатты түшүндүм, бирок ошол акыйкатты кабыл алгым келген жок. Ал акыйкат жаздын тамчысына татыбайт экен. А мен тамчыга таазим кылам, билесиң, кечир дос, билгенимди элге тартуулай албай калдым…”
Ээ, Эрнис! Эх акылман старик, эчендер, анын ичинде агаң Мелис таппай кеткен акыйкатты сен “таптым!” дедиң. Сага маңыз ошол болчу. Жашоодо. Милдетиң ошол болчу. Анын төрү жалган бекен чын бекен, анык Акыйкат бекен жок бекен эми көрүп аткандырсың… Адатыңча жер жарчудай таңкалып, башты чайкап…
Эми сени башка арга жок барактардан жыйнап атабыз. Дагы далай айтаарбыз. Каалгаң кагып, туткасын таап сени ачып көргөнчө…

29-январь, 2020-жыл

Көк дептер. Эрниске

Эрнисти акыркы сапарга узаткан күнү да, 31-январда коштошуу сөзүн жазыптыр.

Эл менен узата албасам да сөз менен узатайын. Кол менен көтөрө албасам да ой менен көтөрөйүн ыйыңды.

Шаркыратма болуп ташка тийип түшүп көрдүк, тамчы болуп тамып көрдүк, шар суу болуп агым болуп агып көрдүк, анан биз көлчүк болуп катып көрдүк… бир күнү бууга айланып учаарбыз, … кайрадан нөшөр болуп төгүш үчүн!

Бир жолу көз айнегиң түшүп кетти… баарылап издедик… баарыбыз күлдүк…

Түшөөрдө ойлобойсуң. Ушул сүрөт көпкө калаарын, көптөр көрүп, бирөөлөрдүн үйүндө сакталаарын, астына бирөө жазаарын: “бул менин досум деп, бул менин касым” деп же мусордо калаарын. Түшөөрдө ойлобойсуң бул эң акыркың экенин же жаныңда адам менен эң соңкусу болоорун, ушул сүрөт, ушул сүрөт мүрзөңө барып коюлаарын, ушул сүрөт күндүзү күндү, түн кирсе айды тиктеп тура берээрин, ушул сүрөт Бийик болуп, Жапыз болуп, мерес болуп керең болуп, ыйласа да, боздосо да «маңкурт» болуп күлүп тура берээрин. Ар жолу ойлонбойсуң, ар ирмем коштошпойсуң, анткени кайра көрөм дейсиң, көрүшөм да дейсиң кайрале, эми көрбөйм дебейсиң, анткени сен билбейсиң, бул акыркы дебейсиң, кош дебейсиң күлүп атып, ирмеп атып көзүңдү…

Олтуруп анан КАТТАРды карадым жазышкан:

23.08.2013, 13:26
— Эрнике, кандай жакшыбы? Иштер жылышып атабы? Даярдыктар кандай?

Жеки, жакшы. Офис алдык, “Учкундан”.
— Ии жакшы болуптур. Канча бөлөм алдың? “Учкун” жакшы.

4. 8-кабат
— Аа. Машина табыш керек эми, шоопуру менен.

Машине бар, өзүм айдап жүрөм.
— Ээ. Сонун болуптур. Кандай шоопур болот экенсиң…машина жакшы да.

— Эптеп үйрөнүп келатам. Көнгөн жаным кээде жөө кетип калып жатам.
— Азыр жакшы деген гезиттердин реалдуу тиражы канча, кыргыз гезиттерден?

-100. “Супердики”. Калгандары 2-3-5-8 нуска. Жеки, мен кеттим, бирөөнү күтүп жаттым эле келип калды. Давай, көрүшкөнчө.
— Макул, макул, Эрнике кабарлашабыз. Жакшы тур.

15.09.2013, 23:11
— Кандайсың Эрнис? Мелис байкени бүгүн көптөр эскеришти. Биз дагы (мен дагы) эскердик. Колдоп жүрсүн. Сени көрүп турат. Иштериң ийгиликтүү болсун. Кантип атасың, баарысы жакшы элеби, даярдыктарың? Аз калды ээ. Жолу шыдыр болсун гезиттин. Кабарлашканча жакшы тур, Эрнике.

17.09.2013, 07:24
Рахмат, Жеки! Буюрса…

04.10.2013, 12:38
— Эрнике, кандайсың? Биринчи сан чыкты ээ? Качан кое баштайсыңар сайтка. Көңүлүңдөгүдөй эле чыктыбы, биринчиси?

Жеки, кандай? Сайтка азыр койбойбуз. Элди сатып алганга көндүрүп алалы, анан. Азыр чоң сайт жасатып жатам. Жаңы жылда бүтүшөт го. Эми гезит… Мага бир нерсе жакчу беле? Бирок окугандар жакшы пикир айтып жатышат. Өзүмө мактап чалгандар, кайра башкаларга шыбаганын да эшитип жатам. Көпчүлүк ошол да. Кыскасы, болушунча болду. Кийинки сан менен алышып жатабыз. Бир сүйүнткөнү киоскиден таппай калып жатышат, өтүп кетти деп атышат. Чыныгы тираж эки сандан кийин билинет го.

05.10.2013, 23:40
— Салам Эрнике. Силерди теледен да көрүшүптүр, айылдагы туугандар айтышты. Ырас кылыпсыңар, жакшы реклама болот. Гезиттин ролиги да жакты. Роликти көргөндөн кийин кадимкидей башкача, жакшы ойго тартылат экенсиң, ошол гезитти көргүң келип. Ооба, Эрнике, өзгөчө сенин гезитиңи көрө албагандар четинен чыгат. Канчалар кыпылдап отурушат, кандай гезит кылышаар экен, эмне болушар экен деп. Ошентишсин, ошол да жакшы. Буйурса, жакшы кыласың!!! Назира кандай, жакшы жүрөбү? Балдар жакшыбы? Сайтты да жакшы жасат биротоло. Азыр гезит, анан анын жандуу сайтын кошо чыгарыш деген тууралуу иш болуп калбадыбы. Мелис байкенин эски досторунан чындап жылуу жүзүн буруп аткандар болуп атабы? «Агым» архиви, сүрөт ж.б. дегендер колуңда барбы? Макул Эрнике, кабарлашып турабыз да.

17.10.2013, 11:25
— Эрнике, салам. Гезитти көрдүк. Биринчиден, КУТ болсун, Эрнике. Тилек эле… Сенин тилегиң эле!!! Жакшы болуптур. Гезит. Башкысы башкалардан өйдө чыгыпсыңар. Гезиттер жер жайнайт ээ тимеле. Эрнике, жазышканча жакшы тур.

01.11.2013, 11:01
— Эрнике, жакшыбы? Азыр эле Назирага кат жөнөттүм. Жакшысыңбы? Биз жатабыз. Анан үйгө жетип да жазам. Ысык саламым менен кучактап мен.

Мен да сени кучактайм. Материал берем деген экенсиң, эртелетчи, ээ.

11.11.2013, 07:49
— Эрнике жакшыбы? Өткөн майрамың менен! Жакшы болдубу? Эмне кылдыңар? Биринчи эле Марат кат жазыптыр, “силерди “Асабадан” көрдүк, куттуктайбыз” деп. Рахмат Эрнике, көңүл көтөрүлүп калат экен. Меникин алдың да? Тексти көбүрөөк болуп калды.

Алдым Жеки, бирок, окуй элекмин. Жетишпей жатам. Рахмат эй, ушинтип жазып турсан. Чопкеге салам.
— “Алмаз Асаба” деп жиберген тексти койсоң ээ, экинчи жолу жибергенимди.

— Макул. Жеки, Алмаздын сүрөтүчү? Аа, аны түшүндүм, материалды бир аз кыскарттым.

18.11.2013, 09:30
— Салам. Гезитти күтүп атам, Эрнике. Салып жиберсең ээ? Тигилер да көрсөк дешип атат.

25.11.2013, 14:52
Жакшы. Гезитти билесиң да… ошол менен алекпиз.
— Эрнис, ар сандан сенин жүзүңү көрөм. Дүбүрт чыгат, дүбүрт чыгат…дегендей, келатасыңар.!!! Жакшы болду, ушуну баштап. Мен, биз Чолпон экөөбүз кубанып атабыз. Бизде баары эле жакшы. Суук келди. Силерде кар экен. Бакыт Букаевдин өлүмүнө аябай кейидим. Бөлөкчөрөөк кылып чыгарып койгудайсың. Жанагы өзбекти таап чыгышыптыр го ээ?

Жакшы жатсаңар болду. Эми гезит мага эрмек болуп калды да. А то жалаң котормо менен жашап тажап кеткем.
— Көрөсүң, бул гезит сени буга чейинкиңден сени чоң тепкичке көтөрөт.

Билбейм, билбейм. Эң негизгиси — жакшы эрмек болууда.
— Ооба, аманчылык болуп турсун, кабарлашабыз да Эрнике, жакшы тур.

29.11.2013, 13:19
— Жакшыбы Эрнике? Сага бир материал салып койдум. Берки дарегиңе.

30.11.2013, 06:44
— Жеки, сүрөтүңдү унутпа!

10.12.2013, 18:35
— Эрнике, кандай, жата элексиңби?

11.12.2013, 00:24
— Эрнике, ден соолук кандай, ыя? Жакшыбы? Мен кечээги сен жөнөткөн гезитти көрбөй эле күтө берипмин. Гезитти азыр көрдүм. Меникин көрдүм, чоң рахмат. Анан гезитти окуп чыктык экөөлөп, жакшы эй! Эрнике, ушундай болушу керек эле, иши кылып “Асаба” башка гезиттен айырмаланып атыптыр. Ушул да башкысы эле. Күн суук болуп атат го ээ, суук тийгизип алгансың го? Эрнике, мен бир кайрылуу жөнөттүм, карап көр ээ. Кабарлашам. Ден соолукту кара!

11.12.2013, 04:30
Жеки, өзүң кандай? Жакшыбыз. (…) Назира экөөбүз жатабыз. Кайрылууңду азыр алдым. Бу санга кеч болуп калды. Эмкиге берейин, достум. Ушинтип эле жазып турчу. Сенин тилиң сонун да…

12.12.2013, 09:01
— Салам Эрнике. Беркини кийинкиге калтырдыңбы ээ? Гезитиң чыктыбы?

Ошондой болуп калды. Гезитти азыр бир аздан кийин салып жиберем.
— Ден соолук жакшы болуп калдыбы?

Нормальный эле.
— Аа мейли. Эмкиге. Кол тийсе эле бир нерсе берем дагы.

20.03.2014, 08:38
Жеки, кандайсын? Кой десе болбой, туулуп койдуң? Сага бу дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Жапон акын Басе айтса керек эле: Түшүңдө көпөлөк көрсөң, көңүлүң жайында экен, сөөк көрсөң, сөөлөтүң көтөрүлөт экен, таш көрсөң ден соолугуң бекем экен» дегендей. Ушундай эле түштөрдү көрүп жүр, досум. Өмүрдүн өзү түш да. Жалган дүйнөдө ар дайым пешенеңде, жүрөгүңдө, үстүндө жарык жаркырап турсун! Давай, дос, дыши носом, твори сердцем…

21.03.2014, 07:36
— Эрникеш, алтышкам кандайсың, баарысы жакшыбы? Кечээ кемпир экөөбүз Назира экөөңдү эстедик (…). Баарыңы эстеп. Ноорузуң менен. Ден соолукта бол. Билесиң, сени жакшы көрөм, (…). Кыргызстанга барсак “Кош Дөбөгө” чогуу барып келели ээ?

27.03.2014, 12:13
— Эрнике, кандай? Жакшыбы? Төкөнүн соткеси кандай эле? Сага (гезитке) эртең чакан бир нерсе салып коем.

Төкөнүн соткеси жок. Үйүнүкү иштебейт. Салышыңды күтөм. Жеки, убактың болсо, Швейцарияны жазып бербейсиңби? Дегеним, баргандан баштап, тамагы, туалети, мамилеси, ушундай майда-чүйдөлөрдү…

18.08.2014, 10:09
— Эрнике, кандайсың? Жакшыбы? Жумушка чыктыңарбы ээ? Гезит качан чыгат?
Иштериң жакшы элеби? Редакцияңар “Учкунда” элеби?

Кандайсың, Жеки! Жаңыдан чыгып атабыз. Эл келе элек. Эмки жумада толук киришебиз. Өзүң кандай? Не жаңылык? “Учкунда” элебиз.
— А жакшы, башкысы баштапсыңар да ишти. Ооба, өзүбүз жатабыз. Көп жаңылыгым деле жок. Чопке жүрөт. Балдар жакшы, каникулдары бүтүп калды.

Бул жакка келгендей болбой жатабы?
— Айылга барып келген турбайсыңарбы, жакшы болуптур. Биз быйыл эч жакка чыга алган жокпуз. Кыргызстанга да баралбай калдык… Быйыл ошондой болуп калды.

Бала кезде кой кайтарган жерлерди Татка, Бегимайга, Назирага көрсөтүп келдим.
— Сонун болуптур, аа баарыңар чогуу бардыңарбы? Досторго жолугуп ээ, классташтарга… Баягы акең жакшы жүрүптүрбү, аты ким эле, колун таңып жүргөнчү? Айылдагы сүрөттөрдөн болсо салып кой.

— Улан байкем катуу сыйлады. Сонун эс алдык.
— А Улан байке.
— Эми кириш ишке. Бат-баттан кабарлашып турабыз да ээ Эрнике. Жакшы анда. Алаксытпайын. Кабарлашканча.
Сүйлөштүк. Сен да жоголбой чыгып тур фейске.
— Жарайт. Макул Эрнике!!

02.09.2014, 07:49
— Эрнике, майрамың менен өткөн. Жакшыбы? Гезит качан?

Рахмат, Жеки! Өзүң кандай? 11-сентябрда.
— Жатабыз, бизде жаңылык деле жок. Жакшы баарысы. Аа аз калыптыр ээ? Кайра тытына баштапсыңар да.

Ооба, тытынып жатабыз.
— Чыкканда салып коесуң ээ? Же Жанызактыкынан (сайтынан) көрүп турам.
Ооба салдырып турам.
— Макул Эрнике жакшы. Кабарлашып турабыз да!!!
Ооба.
— Ии “Курманжанды” көрдүңбү сен? Угуп эле бизге кызык болуп атат. Кандай фильм болгон экен негизи?
— Жок, көрөлекмин.

08.12.2014, 08:01
— Эрнике, салам. Кандайсың, жакшыбы? Иштер кандай? Гезит жакшыбы?

03.02.2015, 14:36
— Эрнис, салам. Кандайсың? Иштериң, ден соолугуң жакшыбы? Назира жакшыбы? Гезитти ырас кайра баштапсың ээ? Жакшы болуптур. Өткөндөгү сен салган санын алдым. Эрнис сенден бир өтүнүчүм бар, гезитиңден. Марат (иним) кечээ өзүбүздүн айылга айыл өкмөт болуп шайланыптыр. Чынын айтсам, Эрнис мен аябай толкундап сүйүндүм. Атамын жолун улаптыр, намыска жараптыр деп. Билесиң да сага айтып калчу элем го, мындан 5-6 жыл мурда эле шаарда болушчу. Ар нерсе кылып кыйналып жүрчү. Анан акыры көнүп, айылга кетип… ошондон бери жаны тынбай аракет кылып жакшы нерселерди жасап жүрдү. Анан кечээ айылдыктар жакшы колдоп беришиптир. «Үй ээн калды!!!» деп эле атчу элем, эми Марат үйдү узартып, ал эмес айылды башкарайын деп калган экен. Мен мына ушуга сүйүндүм, Эрнике. Эми ага да сүйүнткөн колдоо болсун, гезитке берип койсом дейм. Мындан 5-6 ай мурда бекен, Мараттын атынан “Азаттыкка” макала жазган элем. Ошону коюп сүрөтүн анан айылдын бир сүрөттөрүнөн берейин. Бир бет кылып берсең. Бакыт менен сүйлөшөм. 500 нуска гезит сатып алат. Баасын мага айтып койсоң. Ошол Эрнике, суранычым ушул. Кыргыздын элети өстү, элитасы өсө элек. Кайсы күндөрү чыгат гезит? Эмки жумага кылалыбы?

04.02.2015, 09:32
— Эрнике, катымы алдыңбы?

Жеки, алдым. Шашпай жазайынчы, гезит чыгарып жетишпей жатам. Сөзсүз кийинкиге беребиз.
— Аа жарайт, жарайт рахмат. Макул Эрнике.

04.02.2015, 13:55
Почтага кат жаздым.

04.02.2015, 23:56
— Окудум Эрнике, эртең кат жазам.

10.02.2015, 09:16
Жеки, «Азаттыктагыны берем», болду да, ээ? Үлгүрсөм, мен да алтооз жазып коем. Сүрөтүнө сен айткандай жазып койсок, туура эле болот. Алчу тиражды да тактап коелу. Тыйынын кандай алам? Менде иш көп болуп, жетишпей калып жатам. Табышпай баратсак, номер: 554 814828.

10.02.2015, 11:08
— Эрнике, жакшыбы? Мен берки почтаңа толуктап жазып коем, азыр эле. Ошол почтаңы карасаң ээ.

10.02.2015, 15:09

Өз инимдей Маратым, эл ишине жарагын! Атаңды тарткың келсе… Жеңишбек Эдигеев деген досум бар. Экөөбүз бири-бирибизди далыбыз менен түшүнүп көнүп калганбыз. Канча жылдан бери Швейцарияда жүрсө да, экооз сөз алышып, ошого корстон болуп калабыз. Анан жакында жакшы кабар уктум. Иниси Марат Эдигеев киндик каны тамган Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө башчы болуп шайланыптыр. Кубанганымды, айт, сүйүнгөнүмдү айт. Маратты да жакшы тааныйм да. Айылын, эл-жерин турган турпаты менен жакшы көргөн жигит. Жазган макаласын эле карагылачы! Кыргызымдын жигиттери ушинтип эл-жерин терең сүйүү менен айтып турганы эле — не деген байлык. Шаарда жүргөндө: «Айылга барсам болот эле, элиме кызмат кылат элем» деп калчу. Ошентип акыры айылга да кеткен. Мараттын кесиби – мал догдур. Атасынын кесиби да – мал догдур эле. Алтындай жер Акталаанын Жеңиш айылына алты жыл башкарма болгон киши. Көзү тирүү болгондо, уулуна жан-алы калбай сүйүнөт эле. А кишини мен көрбөй калдым. Аяш апамды көрдүм. Керемет, оор басырыктуу киши эле. «Ушундай алтын кишилердин балдары да кандай сонун» деп суктанар элем. Маратты өз инимдей жакшы көрөм. Ишенимим да күч. Күч-дарамети көп нерсе жетчү жигиттерден. Ийгилик каалайм, иним! Бала кезимен үйдүн кичүүсү, атамдын көкүрөк күчүгү катары «Атамдай врач болом!» ааламга жар салчумун. «Врач болом!» дегеним эле эрте кете берген атамды тирилтип койгондой сезилчү мага. Анан колума калем кармап калып, журналист байкем, атам болгон, агам болгон байкем Мелис Эшимкановго айылдан кат жазып жатпаймынбы: «Байке, ушуга чейин эч кимге айталек элем, бирок мектепти бүтүп жатып сизге айтып коеюн дедим, мен врач болалбайт экем, тоок сойгон жерден качам, анан кантип врач болом? Мен сиздей журналист болгум келет!» деп… Көп өтпөй байкемен жооп келди: «Үкөм, кеп атаңдын кесибин тартканда эмес. Атаңды тарткың келсе – абийири таза адам бол!» деген. Байкемдин түшүнгөнүнө ыраазы болуп, «абийири таза адам бол» дегени жүрөгүмө кан менен жазылгандай болуп калды да. Марат иниме да ошону айткым келет. Атаңды көрбөсөм да, а киши жөнүндө жакшы гана сөздөрдү угуп келдим. Менин да сага айтаарым: «Атаңды тарткың келсе – абийири таза адам бол!». Абийириң таза жетекчи болсоң, эл да сөзүңөн чыкпайт, ынтымакта болот. Элибизге ынтымак, жерибизге ырыскы каалайлы. Бар бол, Марат иним…

Эрнис АСЕК уулу

11.02.2015, 11:51
— Эрнике, окудум. Рахмат досум. Дагы эмне жылытат билбейм жүрөктү, бирок, Сөз ушундай жылытканын карачы!!!! Марат гезитиңден кийин башын сайып иштей турган болот го. Аманчылык эле болсун башкысы. Гезит чыгып атат да ээ азыр? Макул, анда, жакшы чыгып алгыла. Жетишсең полосаны салып коерсуң, болбосо эртең көрөм да, алаксыба! Кайра да рахмат. Кабарлашканча!!!

Жеңиштин жети жыл мурун Эрнис менен жазышкан КАТтарын сактаганы жүрөк жылытты. Ошол учурдагы Эрнистин мыкты редакторлугун эске салды… Экөөбүз редакцияга конгон да күндөр болгон. Байымдын мыктылыгы менен “Баягы Асаба” жакшы чыккан. Бирок, өзүнө жакчу эмес, анысын жогоруда өзү да айтып жатпайбы. Канча деген жаңы рубрикаларды ачкан, кыска, нуска жазганга үндөгөн. Баары эле: “Гезитиң жакшы чыгып атат. Илгерки эле “Асаба” деп калышчу. Раматылык Алым Токтомушев агабыз редакцияга чалып, “Мен картайып калдым, баягыдай эмесмин. Болбосо жазып берет элем. Моралдык колдоо катары ар бир саныңарды алып, оюмду айтып, чалып турайын. Жакшы чыгып жатасыңар” деп гезитти, Эрнисти мактап, күч-дем берди эле… Жетине албай Түгөлбай Казаков агабыз да редакцияга келип, Эрниске жолугуп, жакшы сөздөрүн айтып кетти эле… 

Эрнис АСЕК уулу: “Айтпайм, айтпайм… Сыздап турат жүрөгүм

Жеңиш каттарынан тышкары, Эрнистин ырларын да сактап жүрүптүр. Аны 2-февралда Интернетке жарыялады. “Апакеден” башталып, “Элеси” менен бүтөт…

Апакеме

Сырдалып бүтпөй калды дарбазабыз, ырдалып бүтпөй калды «санжырабыз». Сынбадың, соолубадың, апакебай! Мен мына он сегизге толуп турам…

Кыйчылдайт жаман эшик, калтырайт терезелер…

Терезе, эшикке да карабайбыз. Бизге алар кереги жок, ээ, апакебай?

1988-жыл

Кагаз кайык

Кагаздан кайык жасап, бөбөктай кир көлчүккө кое берди. Агарып сүзүп барат. А бала колу менен сууну жиреп, нары айдайт, бери айдайт, жанын койбой. Сыдырым жел да согот. Кир көлчүктүн кичине толкундары ичине толду дагы, чөгүп кетти… А бала чаң жол менен чуркап кетти, чаң жолдо жылаңайлак изи калып…

Тамагым ачышкансып, атакем сыяктанды кагаз кайык…

1988-жыл

Терезеден

Кемпир өттү таякчан; адам өлдү машинеге тепселип; а бир келин секелек кыз жетелеп, секелек кыз семиз куурчак жетелеп; сары күчүк бак түптөрүн шимшилеп; эшек өттү; уй өттү; чарчап өттү терезе, балчык көчө көтөрүп…

Тилиндей — быдыр-быдыр музоолордун жүрөктү жалап кетти махабатым; ийнедей тушкийизге сайып койгон, суурулуп түйшүктөрдөн чыгалбадым; калп күлдүм, калп сүйүндүм, үкүдөй тамагымды такылдаттым…

Тамаша айткым келди досторума, сыртыма чыкпай калды, ичимде өлүп калды…

Жатакана. Жабылуу каалгалар, дүйнөлөр ажайыптуу, дүйнөлөр коркунучтуу, бир сөзгө баш ийишкен… Бирин да ачкым келбейт, тарсылдатып каккым келбейт, түтөтүп чылымымды, баш шылкыйтып, караңгы коридордо басып барам…

Урушуп досум менен «тарс» жаптым да каалганы, чыгып кеттим… Жалдырап көздөр калды, тушунда каалганын…

1988-жыл

Арабөк

Кечинде жумушчулар заводдон чыгып жатты. Арабөк топ жигиттер чылымдан түтөтүшүп, бирөөнү күтүшкөнсүйт. Бирөө болсо телефон чалып бүтүп, жөнөп жаткан троллейбуска түшүп кетти. Жигиттер каткырышты. Эки кыз колтукташкан «жалт» карашып, узуну саамайын силкип койду.

Бир кемпир урушуп небересин, көтөнгө чаап коет. Балмуздак бооруна таамп барат…

Арабөк жүргөнүмдє мына ушулар эсимде калган экен.

1988-жыл

Боштук

«Киного барабызбы?» сурады досум менден. «Барабыз» көңүлсүз жооп бердим.

Дубалда күн нурлары оюн салган коңултак дем алыш күн…

1988-жыл

Ырларым

Билбейм кимге?

Канча сырдуу далай таңды атырдым?

Келген эле,

Бүт өмүрдү эки сапка батыргым…

1991-жыл

Тамекинин күлү

Бир кезекте дал ушундай жай алган,

Мен да балким ушул күлгө айланам.

1991-жыл

Сага

Кандайсың? Жакшыбы бүт?

Ден соолук, сабактарың?

Ыр болуп келдим бүгүн,

Ыр болуп канаттарым.

Кайрылып келдим сага…

Ыр болуп чачтарыңды сыласам дейм,

Ыр болуп карегиңди карасам дейм,

Ыр болуп эриниңен назик сүйүп,

Ыр болуп келүү сага парызым бейм.

«Ый болуп ырдап берем,

Ыр болуп ыйлап берем»,-

Дебейм бүгүн.

Баарысы артта калды.

«Кечиргин!» деп айтууга

Жетпейт үнүм.

«Жарк» этип жаңы ырдай,

Жанымды бүт үрөп жансам,

Бир гана көз ирмемге

Жүрөгүңдө

Түнөк тапсам…

1991-жыл

Дагы бир өтүнүч

Сурабачы: «Эмне болгон сага?» деп.

Карабачы!.. Карегимде санаа бар.

Салам берип койгонуңа ырахмат,

Кечирип кой! Эссиз жүрөк жарадар.

1992-жыл

Суроо-жооп

— Эмне эле жазып жатасың?..

— Жумуш кылсам, эркелетип,

Жалкоолонсом, тилдейсиз.

Эх, апаке, жиндимин да…

Уулуңузду билбейсиз…

Эмне эле жазып жатамын?..

1992-жыл

Үч бурчтук

Мен жөнүндө билдиң баарын, түшүндүң,

Сен билбеген көп нерселер дагы бар.

Айтпайм, айтпайм…

Сыздап турат жүрөгүм.

Жүрөгүмдө үч бурчтуктун тагы бар…

1992-жыл

Элес

Ар ырыма муздай тоңгон кылымдын,

Айрылууга агып кеткен жылымдын.

Байрак болуп желбиреген элеси,

Баткак болгон багалектей шымымдын.

1992-жыл

Видео — Эрнис АСЕК уулу: «Чолпон жылдыздай жанып, Жеңиштин үстүндө жүргүлө!»

Эрнисимдин караанын видеолордон издеп атып, 2017-жылдагы Жеңиш Эдигеевдин “Дайралар артка агышпайт” аттуу китебинин бет ачаарындагы видеону таап алдым. Ошол жылы, жайында белгилүү журналист жубайлар Жеңиш Эдигеев менен Чолпон Орозобекова Швейцариядан Бишкекке келип, журналисттерди кафеге чакырып бата алышкан. Анда китеп авторуна каалоо-тилек айтканы ортого чыккан «асабачылар» менен «агымчылар»: «Тостту бир кезде редакторубуз  болгон Эрнис Асек уулу баштап берсин» деп микрофон сунушкан эле. Тамашакөй байым жөн сүйлөбөй отургандарды кыраан-каткырыкка бөлөп, ал сөзүн тамада Асылбек Өзүбеков  кайталап… Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүздөр.

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, философ Эрнис АСЕК уулу тууралуу эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы…

One thought on “ВИДЕО — Жеңиш Эдигеевдин генийлер жөнүндө жазган эсселери, Эрнистин элеси ыйлатты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.