ШТАБ: «Ооганстандан Бишкекке келген он адам обсервацияга алынды»

ШТАБ: «Ооганстандан Бишкекке келген он адам обсервацияга алынды»

Бүгүн, 27-апрелде Ооганстандын Кабул шаарынан Кыргызстандык он жаран келди. Бул тууралуу «Азаттык» коронавируска каршы республикалык штабдын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, карантинге байланыштуу чек аралар жабылгандыктан ТИМ Казакстандын ТИМи менен сүйлөшүп, кыргыз жарандарын Кыргызстанга алып келүүгө шарт түзүп берген. Он жаран алгач Ооган авиакомпаниясынын чартердик авиакаттамы менен Алматыга келишкен. Ал жерден дарыгерлердин коштоосунда автоунаа менен Бишкекке жеткирилип, дароо обсервацияга алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.