Видео — Элвира СУРАБАЛДИЕВА: «Милициялар аянттан кууганга даярданып жатат, коркпогула!»

Видео — Элвира СУРАБАЛДИЕВА: «Милициялар аянттан кууганга даярданып жатат, коркпогула!»

Бүгүн, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтына парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон шайлоочулар чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшүүдө. Ал жерге 9 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар, «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо») өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын билдирип, аны жокко чыгарууну талап кылышты.

«Бир Бол» партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги коркунучта экенин баса белгиледи. «Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Ар бир аймакта шайлоо кандай ыплас өткөнүн көрдүңөр. Эгер бүгүн ушуга жол берип койсок, дагы беш-он жыл ушулардын эксплуатациясынан кутулбайбыз» десе, «Замандаш» партиясынын лидери: «Биз, лидерлер, эч нерседен коркпойбуз! Сиздер үчүн туруп беребиз. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгармайынча Аянттан кетпейбиз!» деди. Ал эми «Ата Мекен» партиясынан талапкери Элвира Сурабалдиева: «Урматтуу элим, милициялар аянттан кууганга даярданып жатат, коркпогула, качпагыла! Ар кайсы облустан келе жатышат»,-деди.  «Азаттыктын» видеосунун көрсөңүздөр болот.

Митинг катышуучулары шайлоо ыплас өткөнүн жапырт баса белгилеп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. «Матраимовдун спортсмендеринен коркпойбуз! Алар кетсин, парламентте алардын орду жок» деген катуу сөздөр да айтылды…

Эске салсак, БШКнын баштапкы маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК  адатынча белгилегендей, шайлоо таза өттү. Бирок алардын маалымат-пикири менен шайлоочулар да, шайлоого катышкан айрым партия лидерлери да макул эмес. Маселен, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо ыплас өттү деди. Анын далилдерин бул жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.