АБА ЫРАЙЫ: Бишкекте жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт

АБА ЫРАЙЫ: Бишкекте жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт

9-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактарда карга айланат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Бишкекте жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.

9-октябрдан тарта, Бишкекте жылуулук бериле турганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматында, акыркы үч суткада абанын орточо температурасы 8 градустан төмөн болду. 9-12-октябрда абанын температурасы 8 градус болору болжолдонгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.