УКМК: «Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө кармалды»

УКМК: «Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө кармалды»

Бүгүн, 10-октябрда, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Алардын айтымында, Атамбаев менен кошо жансакчылары Канат Сагынбаев жана Дамир Мусакеев да кармалган. Алар 9-октябрда Бишкектеги «массалык башаламандыкты уюштуруу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Кечээги башаламандыкты уюштургандарга тиешеси бар башка адамдарды да иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы ак сарай үйүнөн кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай, кагылышуу болуп бир топ адам жаракат алып, УКМК кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков ок жеп каза болуп, Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, эки жолу операция жасалып, Москвада дарыланып, араң эсине келип, Кыргызстанга кайтып келген. Учурда дарыланууда…

Азыркыдан тактай кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия лидерлери тарапташтары менен 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг уюштуруп, аягы башаламандык менен аяктап, митингчилер Ак үйдү, УКМК басып алышкан. Абактагы Алмазбек Атамбаевди, Сапар Исаковду, Жанторо Сатыбалдиевди, Албек Ибраимовду, Фарид Ниязовду, Садыр Жапаровду бошотушкан. «Мекенчил» партиясы дароо эле Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунушташкан эле.

6-октябрда болсо, Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган.

Бирок, Боронов кызматынан кечээ, 9-октябрда бошотулду, тагырагы, президент Сооронбай Жээнбеков бошотуу боюнча Жарлыкка кол койду.

Ушул эле күнү Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тарап тирешип, аягы мушташка айланып, ок да атылган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, алардын акыбалы орто.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.