Бүгүн, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтында митинг өтүүдө. Ал жерде экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков бар.
Бабанов: «Адашпаган адам болбойт, Алмазбек Атамбаев катасын сезди» деп ага сөз берди. Атамбаев ката кетиргенин мойнуна алып, алгач элден кечирим сурады.