Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда, өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчысынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков аткарып жатат.
Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирген. Бирок жаӊы өкмөт куралып келгенче премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, башка вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү убактылуу милдеттерин аткарып турушмак. Президент башка Жарлыгы менен Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кызматынан да бошоткондуктан, өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруу, мыйзам боюнча, биринчи вице-премьер-министрге жүктөлгөн.
А бүгүн депутаттар толугу менен жыйылып, жаӊы премьер-министрди дайындоо маселесин карап жатышат… Алдын ала маалыматтар боюнча, бир гана адамдын талапкерлиги каралып жатыптыр…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы