11 күндөн кийин эле ЭлТР телеканалынын жетекчиси алмашты. Себеби эмнеде?

11 күндөн кийин эле ЭлТР телеканалынын жетекчиси алмашты. Себеби эмнеде?

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган ЭлТР телерадиоберүү компаниясынын жетекчиси алмашты. Бүгүн, 30-октябрда, башкы директор болуп 32 жаштагы Эрлан Догдурбеков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол коюп, ошол эле учурда Жапаровдун буйругу менен аз күн ЭлТРди башкарып калган Шаиста Шатманова кызматтан бошотулду.

11 күндөн кийин кызматтан кеткен Шатманова

Эске салсак, Ш.Шатманова бул кызматка Садыр Жапаровдун буйругу менен 19-октябрда дайындалган болчу. Так эсеп менен 11 күндөн кийин иштен бошотулду.

Белгилей кетсек, Шаиста Шатманова 23-октябрда белгисиз кишилер аны коркутуп, кызматтан кетишин талап кылып жатканын журналисттерге билдирген болчу. Ал мындай коркутуулардын артында эмгек жамаатынын айрым чагымчыл адамдары же Жапаровдун кадр саясатына кийлигишкен кишилер тураарын да айтты эле. Анткен менен, буга чейин деле Шатманованы телеканал кызматкерлери кабыл албай, байма-бай нааразылыктарын билдирип жатышкан болчу.

Шатманова буга чейин «Супер Инфо» гезитин бир топ жыл жетектеген. Ал жерден августта кеткен эле.

Ал эми ЭлТРди Шатмановага чейин Керимбек Калыкулов жетектеп турган жана бул кызматка ушул жылдын башында эле келген болчу.

Ой, ким бул, ой?

ЭлТР кызматкерлерин каалоосу аткарылып, жетекчилик кызматка дайындалган Эрлан Догдурбеков тууралуу айтсак, ал Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында 1988-жылы 18-мартта туулган. Жогорку билимдүү. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктаган.

2009-2011 -жылдары «Балдар Ааламы» жеке театрынын директору; 2011-2014-жылдары ЭлТР телеканалында режиссер; 2015-жылы студиянын башкы директору милдетин аткарып, 2018-2020-жылдары ЭлТРдин көркөм жетекчиси болгон.

Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы



			

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.