Шабдан СУЛАЙМАНОВ: «Мыйзамдын «м»сын билбеген. Фанаттар жүрөт коркутуп, «Факуюсун» кезеп, тилдеген»

Шабдан СУЛАЙМАНОВ: «Мыйзамдын «м»сын билбеген. Фанаттар жүрөт коркутуп, «Факуюсун» кезеп, тилдеген»

Конституциянын жаңы долбоорун толуктап, иштеп чыгуу максатта 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар ошондон бери иш алып барууда. Бул долбоор социалдык тармакта да катуу талкууланып, «Конституция эмес эле, «Ханституция» го..» дегендер толтура. Социалдык тармакта активдүү катышып, калыс пикирин жазган акын Шабдан Сулайманов бүгүн пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Ал төмөндө:

Ээй, кошоматчы кокуйкүндөр! Президентке чексиз бийлик берип койсок эле баары өзүнөн өзү чечилип, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманда жашап калабыз деген түркөй түшүнүк менен кур кыялыңарды токтоткула! Жоопкерчиликти бир адам моюнуна алсын дегениңер бери жагы жосунсуз жорук, ары жагы акмакчылык иш. Чексиз бийликти чеңгелине алган президент мага окшогон, же сага окшогон карапайым адамга эч качан жооп бербейт. Жооптуу болуп ал эмне келесоо беле? Дегеле кыргыз тарыхында «иттик менден кетти» кечирип койгула, камасаңар камагыла, сабасаңар сабагыла деп, курун моюнуна салып келген бир башчыны көрдүңөр беле? Эмики келе турган президенттер эмне алардан ыймандуу, алардан акылдуу, алардан абийирдүү болот деп ойлойсуңарбы? Күтпөгүлө! Желпилдеген жеңил оюңарды, жөнү жок жөө жомогуңарды тизгиндегиле, баатырлар!
Президенттик системада жашап, өнүгүп жаткан Америка, Франция ж.б. өлкөлөрдү мисалга тартып жатасыңар. Ал жакта эч кимге көз каранды эмес, кара кылды как жарган калыс СОТ деген «чоң киши» бар. Ал киши биздин СОТикдердей болуп президентке кошомат кылбайт, бүгүн бир чечим, эртең бир чечим чыгарып, өз чечимин өзү бузуп шерменде болбойт, коррупционерлерин актап, кожоюндарын мактабайт ал киши. Ал жактагы СОТ үчүн президент менен селсаяктын укугу бирдей. Ал бир жагы. Экинчи жагы, алар ким бийликке келсе ошонун кол куурчагы болуп калбайт. Президентке чапан жаап, ат мингизип, куйтуланып, кууланып, жагынып, жасакерленбейт. Кандай болгон күндө да чындыкты бетине айткандан тартынбайт. Аларда жердешчилик, жолдошчулук, пул мүнөздүк, кул мүнөздүк сезим жок. Ушуну түшүнгүлө!
Бир даарыбыз азыр президентке чексиз бийликти берсек, ал президент ууру, жегич, ичкичтин баарын камап, кустуруп, элдин таламын талашкан элпек, жөндү билген жөнтөк болот дегендей укмуштай бир утопияга берилип жатабыз. Бирок бизде тилекке каршы таптакыр андай болбойт. Буга анчалык ашкан көзү ачыктын деле кереги жок.
Өзүңөр деле калыс болгулачы? Бүгүнкү элдин башын айлантып, реформанын «формасын» жамынып, куу түлкүдөй куйругун булаңдатып, Конституцияны өзгөртөбүз деп элге «камкор» болуп, кол койгон 80 депутат кечээ кимдер эле? Унутуп койдуңарбы бат эле? Кечээ эле Сокенин союлун чаап, мыйзамдын баарын талкалап, акча таратып, элдин добушун сатып алып, эрдик кылгансып эдиреңдеп турушпады беле? Жаны кашайган эл ошондой жүзүкаралыкка каршы чыкпады беле? Революция ошолордун азабынан болбоду беле? Эгерде акыйкаттык орносо биринчи ирээтте дал ошолор жоопко тартылышы керек эле го? Эмне үчүн Даканса ошондой кадамга бара алган жок?
Анан эле реформа, реформа деп ач айкырык саласыңар. Реформа кылыш үчүн Конституцияны өзгөртүүнүн анчейин не зарылчылыгы бар эле? Бир эмес, эбегейсиз эки бийлик колдо турганда Даканса коррупционерлерди, мыйзам бузгандарды короосу менен камап салса кол чаап коштоп турбайт белек… Силер сөгүп жаткан оңбогон Теке, эски Конституциянын кайсыл беренесине «кылмыштуу топторду кылтакка илбегиле, мамлекетти тоноп талкалагандарды жазалабагыла, шайлоодо акча тараткандарды жоопко тартпагыла» деп жазып салыптыр? Ошондой жери бар болсо окуткулачы мага? Болбосо жаңы бийликтин колу-бутун кайсы мыйзам тушап турат? Айткылачы ыя?
Мен башында колдоюн деп эле ойлоп жаткам. Бирок кашайып даканса теңирден тескери кетпедиби…Баягы кудайдан жөө качкан шылуун, шумпайлардын баарын кайра эле жанына жыйнап албадыбы… Баягы кетмен менен арык чаап, баягы тырмооч менен жер тырмап баштабадыбы…Кайсы эмгеги, кайсы эрдиги, кайсы калыстыгы үчүн колдоюн? Акча тараткан үч партиянын бири да суракка чакырылбай, аларга каршы чыккан адамдардын суралып жатканы үчүн колдоюнбу? 700 млн. доллар жегенге 2 млн. доллар төктүрүп, эркиндикке коё бергени үчүн колдоюнбу? Же, учурдагы президенттик статустун узун укуругуна ыраазы болбой, Хандык системаны киргизүүгө жата калып жан үрөп жатканы үчүн колдоюнбу?
Ой, айлананайындар! Де-факто СОТ, ПРОКУРАТУРА, СНБ, МВД, УВД, ГОВД, ФИНПОЛ баары азыр президенттин көзүн карайт, баары президенттин колунда. Мындан артык дагы кандай статус керек? Кыргыз айтмакчы, болочок президентти эмне жарып өлтүрөсүңөрбү?

Шабдан СУЛАЙМАНОВ: «Бакиевдин учурундагы курултайчыларды эстегилечи?…»

Курултай — парламентаризм деген сөздүн эле кыргызча аталышы. Табияты да, тандоосу да коёндой окшош. Ошондуктан, калп эле элдин мээсин айлантып, будуң-чаң түшүрүп жаткан азыркы «горе реформаторлор» менен алардын жактоочуларын мен түшүнбөй турам? Бүгүн депутаттыкка кандай адамдар шайланса, эртең курултайга деле дал ошондой адамдар шайланат. Башка планетадан адамдар келбейт. Шайлоочулары деле баягы акчага сатылма, күнкарама, өңкарама, трайбалист, регионалист, «өзүбүздүн короодон кочкор салабыз», «өзүбүздүн тайыбыз чыксын» деген кадимки ӨЗҮБҮЗ болобуз. Анан кайдагы Конституция, кайдагы Калыстык, кайдагы Акыйкаттык, кайдагы Мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылабыз?

Бүгүнкү депутаттан эртеңки курултайчы илимдүү, билимдүү, ар-намыстуу, абийирдүү азамат болуп кетет дегенге ким ишенет? Эч ким. Бул жөн гана жөө жомок менен курулай популизм. Курултайга барган делегат билими жок болсо, атайын адис болбосо, өлкөнүн бюджетин, киреше-чыгашасын кантип текшерет? Текшергенге мээси жетеби? Анан ошолор депутаттардан, министрлерден, президенттен кантип отчет алат? Бул жагын да ойлонсок боло. Дагы бир жагдай, бүгүн парламенттик шайлоодо депутаттыкка өтпөй калгандар, эртең курултайчы куу чирээнге айланып, айыл өкмөттөн баштап аким-өкүмүңө чейин киришип, накта коррупциянын «королу» болуп кетпейт деп ким кепилдик берет? Болбосо, Бакиевдин учурундагы курултайчыларды эстегилечи? Сын айткан бир-эки адамдан башкасы, Бакиевди башынан бутуна чейин жалап-жуктап, шатырата кол чаап, залды шаңга бөлөп туруп тарап кетишпеди беле? Же калппы? Ошол үчүн эсиңер барда этегиңерди жапкыла! Өлкөнү сазга тыга турган өлүк мыйзамыңарды токтоткула! Кеп Конституцияда эмес, кеп өзүбүзүн кесепетте. Конституция жаман эмес, биз жаманбыз. Чындыкты айткан кишини чыркырата тепкилейбиз. Кемчилигин айткан кишини келишкис душман санайбыз. Кыскасы, Акыйкаттан өтө алыспыз азыр.

Шабдан СУЛАЙМАНОВ: «Баарысы эски, эскилер… Балык жок алтын. Алдыда баягы жыртык тепшиңер…»

Чокчолой окуп жарлыкты,
Чогултуп сексен жандыкты.
Ортоктук кылбай башкага,
Орнотом дептир хандыкты.
Койлорду жыйнап аңызга,
Кош тизгин-чылбыр алышка.
Түлкүнү койду ордуна,
Түшмөкчү болуп жарышка.
Чөөгүндөй мээси жок туруп,
Чөбүн жеп далай коктунун.
Башмыйзам жазып салыптыр,
Бакийчил да бир бокмурун.
Атайлап эле чуу кылып,
Акыйкат жолун буудуруп.
Ноктолоп байлап алмакка,
Нокотек мыйзам туудуруп.
Сая албай, ийне тандашып,
Оро албай орок кармашып.
Билими төмөн эргулдар,
Бийликти көздөй жармашып.
Мышыкты мактап пил деген,
Мыйзамдын «м»сын билбеген.
Фанаттар жүрөт коркутуп,
«Факуюсун» кезеп, тилдеген.
Өзгөрүү турат кечеңдеп,
Өзү үчүн күйгөн чечен көп.
Билегин түрүп бирөөсү,
Бийлигин жатат бекемдеп.
Жасалма жаагын жангандар,
Жаныңды жеген жалган бар.
Дооронун дале сүрүүдө,
Добушту сатып алгандар.
Төңкөрүш болду бул анык,
«Төөбасты» бирок уланып.
Сокени кууган берендер,
Соттордо жүрөт суралып.
Ачылбай турат үч бүктөм,
Арыз-муң түндүк-түштүктөн.
Карайлап турат калың эл,
Калыстык кайда биз күткөн?
Кумтөрдө алтын калбаса,
Кур неге кылдык далбаса.
Алынган менен не пайда,
Акүйдү тоскон дарбаза?
Саясат жасап эх, силер!
Сай ылдый түшүп кеттиңер.
Башынды буруп карасаң,
Баарысы эски, эскилер…
Балык жок алтын.
Алдыда баягы жыртык тепшиңер…
Акын Шабдан Сулаймановду жакындан билгиңиз келсе, бул ШИЛТЕМЕден маегин окуңуз.
Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатта 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар ушул эле күнү ишин башташкан.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.