Кыргыз-кытай чек арасынан жүк алып өтүү көлөмү көбөйтүлмөй болду…

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк алып өтүү көлөмү көбөйтүлмөй болду…

Кытай өкмөтү кыргыз-кытай чек арасынан оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү тартибин 3-декабрдан тартып өзгөртөт. Бул тууралуу кечээ, 1-декабрда, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытай элчиси Ду Дэвэн менен жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кытай тарап «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттеринин иш убактысын азыркы сегиз сааттан 12 саатка чейин узартууга, жумуш күндөрүнөн тышкары дем алыш күндөрү да иштетүүгө макул болду.

Мындай шартта чек арадан бир сутка ичинде 30 автомашина өтө алары мүмкүн экендиги айтылды.

Кытай тарап «Эркечтам» бекетинин ишин жакшыртуу максатында ал жерге эки кампа куруларын, ал эми «Торугарт» аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү аба ырайынын шартына жараша болорун жана чектөө биринчи кезекте коронавируска каршы чаралардан улам киргизилгенин билдирди.

Быйыл 23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушканын айткан.

Ал «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын, Кытайдан күткөн товары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, бизнестерди токтотконго чейин жеткенин маалымдаган эле.

Кыргыз-кытай чек арасындагы чектөө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген. Кийин кыргыз тарап чектөөлөрдү алган болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.