Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Жаңы жыл ак жолтой жылдардан болсун!»

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Жаңы жыл ак жолтой жылдардан болсун!»
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) Бузурманкулов Айбек Мырзакеримовичтин Жаңы жылдык куттуктоосу:
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу калайык калк!
Сиздерди жаңы 2021-жылыңыздар менен өзүмдүн жана Айкөл Манас Атабыз жердеген касиеттүү Талас жергесинин элинин атынан ак дилимден куттуктаймын!
Жаңырган жаңы жыл, эң ириде жети дубан элибиз үчүн ынтымак-ырашкердиктин, бейпил турмуштун жана өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун деп тилек кылалы!
Ачыгын айтканда, чычкан жылы, жалпы калайык-калкыбыз үчүн оор сыноолор менен коштолгон, тагдыр чечкен өткөөл мезгил болду. Дүйнөнү каптаган короноавирус илдетинин айынан 1350 Кыргызстандык жердештерибиз өлүмгө кириптер болду. Мындай оор кырдаалда элибиз “бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарган” ынтымак-ырашкерлигин көрсөтүп коркунучтуу илдетти оозуктап бир нече миң адамдардын өмүрүнө сактап калдык. Андыктан короновирус менен күрөшүү учурда өз өмүрлөрүн тобекелге салып калктын саламаттыгына кам көргөн ак халатчан дарыгерлерибизге жана баардык медицина кызматкерлерине жалпы Талас элинин атынан терең ыраазычылык билдирем!
Ошондой эле, элибиздин “жеңилин жерден, оорун колдон алып” илдет учурунда материалдык жана финансылык жактан жардамын аябаган баардык жарандарга чын ыкыласымдан алкыш айтам!
Тилекке каршы, 2020-жылы өлкөбүздүн саясий турмушу да оор сыноолорго туш болуп парламенттик шайлоодон кийин мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу күчөдү. Бирок, акылман элибиз көсөмүдүк менен туура чечим кабыл алып элдин эрки аткарылып Кыргызстанда элдик бийлик орноду.
Жыл жаңырары менен баардык Кыргызстандыктардын алдында өтө жоопкерчилктүү тандоо турат. Өлкөбүздүн келечеги, ар бирибиздин президенттик шайлоодогу добушубузга жараша болот.
Андыктан ар бирибиз, элге берилген мүмкүнчүлүктөн туура пайдаланып, татыктуу талапкерди шайлап алабыз деген ойдомун.
“Жакшы тилек жарым ырыс” дегендей, президенттик шайлоодо кийин мекенибиздин ар тараптуу гүлдөп өнүгүүсүнө зор өбөлгөлөр түзүлөт деп тилек кыла туралы!
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу калайык калк!
Сиздерге жаңы жылда чың ден соолук, чексиз бакты-таалай, бакубат жашоо каалайм! Ар бир үйгө кут жылоолоп, береке артып, ырыс ынтымак өкүм сүрсүн! Айкөл Манас Атабыздын ордосу болгон касиеттүү Талас жергесинде опол тоодой ийгиликтер жаралып, жакшы саамалыктар мол болсун!
Жаңы жыл жалпыбыз үчүн, кут-берекени, ынтымак-ырашкерликти жана бейпил турмушту алып келген ак жолтой жылдардан болсун!
Жаңы жылыңыздар менен!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.