Сүйүн ӨМҮРЗАКОВ: «Шайлоо былтыркы шайлоого караганда тынч өттү, тартип бузуу болгон жок»

Сүйүн ӨМҮРЗАКОВ: «Шайлоо былтыркы шайлоого караганда тынч өттү, тартип бузуу болгон жок»

Бүгүн, 12-январда, Ички иштер министринин биринчи орун басары генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков түштүк аймагында ИИМдин күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Өмүрзаков алгач жыйын катышуучуларына министр Улан Ниязбековдун атынан шайлоо учурунда коюлган коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин так аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Шайлоо былтыркы шайлоого караганда, тынч жана тиешелүү талаптарды сактоо менен өткөндүгүн, жалпы өздүк курам коомдук тартипти камсыз кылып, анын натыйжасында коомдук жайларда одоно тартип бузууларга жол берилген жок. Шайлоо участокторунда жана жооптуу аймактарда жүктөлгөн милдеттерди татыктуу камсыз кылып бердиңиздер, рахмат. Былтыркы жылы аткарылбай калган иштердин бардыгын быйыл ишке ашырып, дагы көптөгөн ийгиликтер болот. Кызматкерлердин жеке коопсуздугунун саламаттыгын камсыз кылууну уюштуруп, тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүнүздөр”, — деди Сүйүн Өмүрзаков.

Ошондой эле Өмүрзаков ар бир бөлүм жана кызматтардын жетекчилеринен кылмыштуулук менен күрөшүүдө аткарылып жаткан жумуштардын абалы боюнча сурап, ачылбай жаткан кылмыштарды ачуу боюнча тийиштүү иш-чараларды күчөтүүнү талап кылган…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.