Залкар кинорежиссер Болот Шамшиев бүгүн эскерилет. Каалоочуларга эшик ачык…

Залкар кинорежиссер Болот Шамшиев бүгүн эскерилет. Каалоочуларга эшик ачык…

Эсен болуп, эстей жүр!

“Кыргыз кино кереметин” жаратуучулардын бири, СССРдин жана КРнын эл артисти, II даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктардын ээси, залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда, 80 жашка чыкмак.

Залкар талантыбыздын кино айдыӊындагы өнөр сапары, өмүр таржымалы туулган күнүнө карата эскерилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, эскерүү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө саат 14.00дө башталат. Каалоочуларга эшик ачык.

Эске сала кетсек, Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп, каза болгон. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

«Жазганы да, тартканы да кайталангыс,
Ар киносу атпай журтка аброй, намыс…
Атак-даңкы Ала-Тоодон ашып кеткен
Болот ага Айтматовдой бүгүн жалгыз…» деп Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов агабыз жазгандай, Болот Шамшиев кайталангыс талант, мыкты кинорежиссер эле. Ар бир киносу Кыргызстанга аброй алып келген…

Эсен болуп, эстей жүр, окурман!

Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун Болот Шамшиев тууралуу эскерүүсүн толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.