МАЕК — Атай Огомбаев Байдылда Сарногоевдин таякеси, Мидин Алыбаев өкүл атасы беле?

МАЕК — Атай Огомбаев Байдылда Сарногоевдин таякеси, Мидин Алыбаев өкүл атасы беле?

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Бүгүн, 14-январь — Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан, далайдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Байдылда Сарногоев жарык дүйнөгө келген күн. Замандаштары Байдыке деп калчу сүйүктүү акыныбыз Таластын Кара-Ой деген айылында 1932-жылы жарыкка келген делет. Бирок өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын айтканы боюнча чыныгы туулган жылы — 1928-жыл. «Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,/ Колунда койкоңдогон калам сабы» деген Байдыкебиз көзү тирүү болгондо бүгүн 89 жашка чыкмак экен. Турмушта тапкан керемет  жубайы, эстүү аялзаты Зина Сарногоева экөө беш — үч уул, эки кыздуу болушкан. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз каза болуп калган. Учурда акындын өмүр көчүн улап бир небере, эки чөбөрө да чоӊоюп жатат…

Эми биз, Байдылда атабыздын туулган күнүнө карата архивдеги кыздары, баласы, небересинин эскерүүлөрүн берели деп турабыз. Алгач жубайы Зина апабыздын 2005-жылы «Бишкек таймс» гезитине берген эскерүүсүнөн баштадык… 

Архивден…

— Зина эже, «Эстеп жүрөөр кишиӊ болсун, эскерип жүрөөр ишин болсун» дегендей, Байдылда агайдын өзүн да, сөзүн эскерчү эӊ жакын адамы сизсиз. 14-январь туулган күнү эмес беле. Аттиӊ, көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак экен…

— Чалым ата-энесинен эрте калгандыктан, митирке алган киши жок, паспортуна болжол менен 1932-жыл болуп жазылып калган экен. Өмүр баянына да ушул жыл менен жазылса, көрүстөнгө да ушул жылдын эсеби менен коюлду. Ал эми так эсеп менен алганда, Талас облусундагы Кар-Ой деген айылында 1928-жылы жарык дүйнөгө келген. Бул жыл менен эсептегенде, чалым 77 жашка чыкмак.

— «Уруум чыкпак, бирок, солтонун чылпагынанбы же кушчунунбу, чыны аны билбейм» деген сөзүн окуп калгам. Кайсы чылпактан экени кийин такталды беле?

— Ооба. Өзүн тааныштырган мындай ыры бар:

«Мен жигити болом Таластын,

Баласы болом Манастын.

Бозосу болом таруунун,

Жээни болом саруунун.

Бышыгы болом быштынын,

Кулуну болом кушчунун.

Анан асманда жанган жылдызмын,

Паспортумда кыргызмын».

Мына, ушундай, кызым. Менин чалым кушчунун эле чылпагынан болгон.

— Туулган күнүн эстеп аттуу-баштуулардан ким келди?

— Бул күнү мен өзүмчө, балдар өзүнчө «бүгүн туулган күнү» деп ичтен сызып, куран окутканы кам көрүп жатсак, Болот Шерниязов баштаган Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков жана башка дагы жакшы санаалаштары кой союп келишип, куран окутуп кетишти. Болот Шерниязов көп жылдан бери жардамын берип келатат. Айланайыным, ага мен өмүр бою бата берип, алкап өтөм, ага биз үй-бүлөбүз менен ыраазыбыз.

Туулган күнүндө чалымдын бейитине барып, куран түшүрдүк. Негизи балдар эки күндүн ичинде эле барып турушат. Мен жума сайын барам. Агайыӊардын эӊ жакшы көргөн күүсү «Көкөй кести» жана Атай Огомбаевдин ырлары эле. Ошону балдар кассетага жаздырып алып, «Атабыз жакшы көргөн күүлөрүн уксун» дешип, жаткан жерине барган сайын угузуп турушат. Балдарынын ушундай жылуу мамилесин чалым туйду бекен, бибейм?!  деп эже көзүнө жаш алса, баласы Бахтияр эжеге жүз аарчы сунса, айтаарга сөз таппай, бүтө элек күйүт, жоготуу жарасына тийип койгондой өзүмдү күнөөлүүдөй сезип кеттим..

— Эже, ыйлабаӊызчы…

— Анын баарын түшүнүп, билип турам, кызым. Ага көкүрөк деген болбойт экен. Кантем, карааны алигиче көз алдыман кетпейт. 12 жыл төшөктө жатып калды. Ушунча жылдан бери багып жүрүп, бир чети баламдай эле болуп калган. Диванга отургузуп алып, Бахтияр уулум чачын алчу. Анан ал ваннага көтөрүп барып берсе, кызым Карлыгачтын жардамы менен жуунтчумун. Кийинтип, чечиндирип, тамактандырып жүрө берип, күндүн кеч киргенин билбей калчумун. Эрмегим чалым эле..А азыр күн өтпөйт, үй аӊгырап калды… Жаткан диванынын жанына барып, ордун сылап, өзүмчө ыйлап алам..

Керектүү нерсенин сурап калганда, балдар алып барып берсе, ага болбой мени чакыра берчү. «Ой, апа, атам сизди көргүсү келип атпайбы, эми сиз да кылыктанбай бара бербейсизби» деп тамашалашса, алардын сөзүнө күлүп тим болоор эле, жарыктык. Кийин Роза Акназаровалар коляска беришкен. Ошого салып, «Чал, ак мерседестүү болдуӊ. Машинага түш, душка барып, жуунуп келели» деп анын көӊүлүн көтөрөөр элек. Ошол учурда «Бук болуп жазган арманым» деген ыр жазган.

«Жаштык кез өтүп жат болду,

Карылык мага мат болду.

Кайран бут сынып, башыма —

Карыптык түшкөн чак болду.

Жашымда жаткан кемпирчем,

«Жантакбай» деген ат койду.

Жигит кез өтүп жылт койду,

Жыргал жай өтүп, кыш болду.

Тандабай баскан таманым,

Тайгалак музга туш болду.

Самаган жака бара албай,

Сары акын байкуш бук болду.

Үйүмдө илкип көп ирет,

Үшкүрсөм боюм жеӊилет.

Үч мүнөт баскан жолдорум,

Үч айлык жолдой көрүнөт.

Энтиксем эстүү кемпирчем,

«Эс алгын чалым» деп ийет.

Калтаӊдай бассам «кас-кас» деп,

Кайратын берет «бас-бас» деп.

Кадырын билбес чалынын,

Кемпирден деле акмак көп…

Өлүмүн тилеп жүргөн бар,

«Өлөсүӊ качан какбаш» деп.

Адептүү, эстүү балдарым,

Аталап турат ар дайым.

Барктабай алар коймокпу,

Бапестеп бакса алганым

Бар гана үйдөн чыга албай,

Бук болуп жазган арманым»

— А сизге арнап жазган ыры бар беле?

— Мен Ысык-Көлдүн Талды-Суу айылынанмын. Көлдүк экениме байланыштуубу же ак жумаал болгонуманбы, айтор, «Ак кууга» деп атап, мага арнаган эки куплет ыры бар.

«Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн ак кууларын,

Бирок да эссиз эмес, баштууларын.

Сүйбөдүм узун кара кара чачтууларын,

Сүйдүм мен көӊүлүмдүн жактырганын.

Мен сүйдүм, мени чындап ал да сүйдү,

Үйлөндүк, үйүбүзгө бакыт кирди.

Ал Ак куу Ысык-Көлдө сүзгөнүндөй,

Турмуштун көлүндө да сүзө билди»

Бул ырды баш кошкондон кийин чыгарган. «Кемпир сага ыр чыгардым» деп окуп берсе, мен кубанбай эле, эки бетим алоолонуп уялгам. Жаш кезде эле бири-бирибизди «чал, кемпир» деп алганбыз. Көзү өтөөр өткөнчө кемпир деп өттү. «Атыман атабаган ыймандуу кемпирим бар» деп сүйлөшкөн кишисине айтып калчу…

— Агай менен кандайча, ким аркылуу таанышып калдыӊыз эле?

— Негизи мен кичинемде врач болууну каалачумун. Эӊсеген кесибиме жетем деп Медициналык институтка тапшырсам, агайыӊ менен таанышпай калмак экем. Жеӊемдин иниси Кыз-келиндер институтунда мугалим болуп иштечү. Мен шаардагы № 5 мектептен билим алгам. Окууну аяктап жатканда жеӊемдин иниси: «Химбиолог факультетке тапшырып көрбөйсүӊбү» деп сунуштап калды. Ал окуу жайга тапшырып,  өттүм. Акын Абдылда Белеков биздин группадагы Батма деген кызга үйлөндү. Анан ал көп келчү, аны менен аяш деп жакшы тааныш болуп калдык. Анда биз 5-курста окучубуз. Мен 23 жашта элем. Ошондо агайыӊар Москвадагы Горький атындагы институтту бүтүп, Кыргызстанга келип кыз тандап турган чагы экен. Абдылдадан кыз сураштырса, ал: «Менин аялымдын группасында Зина деген жакшы кыз бар. Барып байкаштырып көр» деп аны биздин окуу жайга ээрчитип келиптир. Аудиторияда отурсак, аяшыбыз узун бойлуу, ак жуумалынан келген келишимдүү жигит менен кирип келди. Башында кара шляпасы бар, кычырап кийинген бейтааныш жигит менен Абдылда кыздарды четинен тааныштыра баштады. Мен кыздардын дал ортосунда отургам. Кезек мага жетти. Зина десем эле (атымды мурда уккан да) андан ары өтпөй, менин жанымда туруп калып: «Кайсы жерденсиӊ? Канча бир туугансыӊ»,- деп сурай баштады. «Көлдүкмүн. Жалгызмын»,- десем, «Мен да жалгызмын. Ага-карындаш болуп жүрөлү» дегенине макул болдум. «Анда эмесе, карындашым, мени иттен чыгарып койбойсуӊбу» десе эле, жанатан бери жымжырт отурган кыздар: «Тур, чыгарып кел!» деп чурулдап калышты. Уялганыман узатып чыктым. Сырттан да: «Бир тууган болуп калдык. Ишемби, жекшемби күндөрү келип турайын» деп суранып калды. Маданияттуу суранып атса деп макулдугумду бердим. Ошентип жакшылап таанышып, сураштыра келсем, ал «Ала Тоо» журналындагы жаш акындарга консультант болуп иштейт экен. Мени ресторанга, киного көп алып барды. Бирок, бир да жолу колуман кармап, колтуктаган жок. Ал учурдагы балдар ыймандуу эмес беле. Ошентип беш айдай сүйлөшүп жүрүп баш кошуп калдык. 1958-жылы, 2-майда баш кошконбуз.

— Агайдын кайсы сапатын жактырдыӊыз эле?

— Шар жүрүп, чечкин сүйлөгөнүнө баа бергем. Далай эле балдар артыман чуркады, бирок, агайыӊардай болуп шар сүйлөбөй, күӊк-мыӊк деп коюшчу. Ошолорго салыштырмалуу агайыӊарды жактыра баштадым. Анын сүйлөгөн сөздөрү курч, бир укмуш эле…

— Эже, сиз жогоруда «жалгызмын» деген дедиӊиз. Негизи эки карындашы, иниси бар деп уктук эле?

— Бир ата, бир энеден бир тууганы жок. Энелеш эки иниси, эки карындашы бар эле. Бир карындашы каза болуп калган. Аталаш бир тууган иниси бар. Ал кайним бир жолу: «Небереме ат коюп бериӊиз» деп келгенде, чалым: «Эӊ башкысы кыргыз экенин унутпай жүрсүн» деп, Кыргызбек деген ысымды ыйгарган. Кыргызбек 3 жашта. Туулган күнүндө алар да келип, куран окутуп кетишти.

— «Жаш кезимде туулган күндөрдү Райхан, Мидин болуп пиво ичип өткөрчүбүз» деген интервьюсун окуп калгам. Сиз бул атактуу адамдарды көрүп калдыӊызбы?

— Мидинди көрүп калдым. Ал ичкиси келгенде эле үй-бүлөсүнө: «Мен сүткө кеттим» деп ак бидонун көтөрүп чыгып кетчү экен. Бидонун көтөрүп биздикине көп келди. Экөө аркы-беркини сүйлөшүп көпкө отурушчу.. .Анан кечке маал Мидин сүтү жок кетчү, а ак бидону болсо отурган ордунда калчу… Экөө сүйлөшүп отурганда өкүл ата, өкүл бала болуп, өз ара чечип алышкан. Өкүл ата, өкүл бала болуп бир аз катышып жүрдүк. Кийин катташ үзүлүп калды. Бирок, ал катташты балдары улантты, азыркыга чейин биздикине келип турушат.

— Сиз жогоруда «Атай Огомбаевдин ырларын жактырчу» дедиӊиз. «Бир тууган таякеси, тайын тартып жакшы ырдайт» деп уктук эле..

— Атай Огомбаев бир тууган таякеси эмес, алысыраак таякеси болгон. Чалым төшөккө жатып калганча комуз чертип, жакшы ырдаган. Кийин деле балабыз Бахтиярга черттирип, кыӊылдап ырдап калчу. Көкжалдыгын салып, гезиттерди окучу. Анан мага: «Кемпир, сен үйдө кыбырап жүрүп, көп жаӊылыкты билбейсиӊ, а мен гезит окуп, билип алдым»,- деп тамашалап калаар эле. Телевизордон спорттук берүүлөрдү, жаӊылыктарды көп көрчү.

— Жаш кезинде спортко кызыкса керек?

— Футболго кызыкчу, андан калчу эмес. Мени да ээрчитип алчу. Мен да кызыкмын, «жүр» десе эле ээрчип бара берчү экем. Негизи эле барган жерине ээрчитип барып жүрдү. Кийин балдар менен үйдө отуруп калдым.

— Акындын жары болуу кыйын бекен?

— Колуна калем кармап, ойлонуп көп олтурчу. Ошол мезгилде жанына барып калсам жактырбагандай мамиле кылчу. Жаштык кылып, анын чыгармачылыгына башында түшүнбөй таарынып жүрдүм. Өтө сезгич эле, байкап калып, таарынычты дароо жазчу. Менин таякем Түгөлбай Сыдыкбеков эле. Алардыкына барып калганымда таяжем: «Күйөө бала кандай?» дегенде, жогорудагы жоругун айтсам, ал: «Акындар ырына жараша ар кандай кыялда болот. Аны сен туура түшүнүшүӊ керек. Акынга жар болдуӊбу, баарына чыдап, көтөрүмдүү бол!» деп акыл айткан. Көрсө, акынга эргүү келген учурда, анын жанында эч ким болбош керек турбайбы. Чалымдын чарт-чурт мүнөзү бар эле, бирок, бат эле жазылып кетчү. Деги мага катуу айткан жок. Көп нерсени кенебеген, казан-аякка аралашпаган, көл адам эле…

— Кайсы учурда ыр жазчу эле?

—  Үйдө туугандар көп болуп, анын үстүнө балдар арты артынан төрөлүп, ал ыр чыгарганга шарт жок эле. Ошондон улам, баарыбыз уктап калган учурда жазчу. Көбүнчө түнкүсүн иштечү.

— Балдарыӊыздардын кимиси ыр жазат?

— Балдарыбыздын баары эле таланттуу чыкты. Улуу балабыз Баястан. Ал Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетинде окуп жүргөндө, аны армияга алып кетишти. Ошол жактан балдар сабап коюп, оорукчан болуп калып, окуусун улантпай калган. Кийинки кызыбыз Гүлсана. Ал Москвадан кинорежиссердук бөлүмдү бүтүп келип, Төлөмүш Океевдин «Чыӊгызхан» фильминде ассистент болгон. Ошондо италиялыктар менен таанышып калып, Италияга кеткен. Ал жакка кеткенине 12 жылдын жүзү болуп калды. Ошол жактын жигитине турмушка чыкты. Чет жакта жүрсө да өз тилин унуткан жок. Келгенде нукура кыргызча сүйлөйт. Андан кийинки кызым Карлыгач, ал «Кыргызпромстройбанкта»иштейт. Атасынын көзү өткөндө кара сөз менен эскерүү жазып, элди ыйлатты. Аны окуган сайын өзүбүз да ыйлайбыз. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар. Бахтияр уулубуз депутат Алымбай Султановдун жардамчысы болуп иштеп жүрдү. Азыр убактылуу ал иштен бошоп, атасынын күмбөзүн коюуга даярданып, чуркап жүрөт. Комузду жакшы чертип, пианинодо жакшы ойнойт. Кенжебиз — Бакай. Ал ыр жазат, бирок орус тилинде. Балдарыбыздын баары эле орус мектепти аякташкан. Бирок салт-санааны жакшы билишет, эне тилибизде так сүйлөшөт, жаза да билишет. Карлыгач атасынын эскерүүсүн кыргыз тилинде жазган.

— Агайдын акыркы ырларынан барбы? Акыркы сөзү кайсы болду?

— Агайыӊар инсульт алгандан кийин эч нерсе жазган жок. Ага чейинки жазган ырлары баракта бар, аны Карлыгач чогултуп, китеп кылганы жүрөт. Акыркы күндөрү тили булдуруктап, сөздөрүн жакшы түшүнбөй калганбыз. Врачтарды чакырсак, алар текшерип, колун кармап, «болбой калды» дегендей кылышты. Гүлсана кызымды Италиядан, Бахтиярды Америкадан чакырттык. Бирок, экөө теӊ атасы үзүлүп кеткенде келип калып, арманда калышты. Койгонго жетишип калышты. (Эженин үнү каргылданып) Байкуш чалым акыркы мүнөттөрдө баарыбызды карап, көп нерсе айтып жатты, тилекке каршы, эч кимибиз эч нерсени түшүнгөн жокпуз. «Эмнелерди айтты экен» деп ичтен сызып, артында ыйлап кала бердик…

Жоготуунун артында да далай өкүнүч болот экен. Жогоруда айтпадымбы, кийинки убакта жакшы сүйлөй албай калган деп. Бирок, мен түшүнчүмүн. Ошол учурда телевидениеден журналисттер көп чалышты. Агайыӊарга айтсам, «Мен сүйлөй албайм да»,- деп баш тартып жүрдү. «Жөн гана отуруп берсинчи, биз ырын окуп, өзүн гана тартып алабыз»,-деп журналисттер аябай эле суранышты. Ага да көнбөй койгон. Тасмага түшүп калса, өзүбүзгө да эстелик болуп калмак экен. Мен ошого аябай өкүнөм…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити, 2005-жыл

 

2 thoughts on “МАЕК — Атай Огомбаев Байдылда Сарногоевдин таякеси, Мидин Алыбаев өкүл атасы беле?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.