ВИДЕО — Каримова Каримовго ыраазычылыгын билдирди. Окуу жайдагы кызмат кандай чечилди?

ВИДЕО — Каримова Каримовго ыраазычылыгын билдирди. Окуу жайдагы кызмат кандай чечилди?

Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын учурдагы директору Нурлан Каримов кызмат ордун ырчы Самара Каримовага буйруктун негизинде бүгүн, 15-январда, өткөрүп берет. Бул тууралуу ырчы «Фейсбуктагы» баракчасына билдирип, чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Самара КАРИМОВА: «Мырза боюнча калыӊыз!»

Сүрөттүн алдына ырчы: «Нурлан Каримов аке , чыныгы мырза экенсиз. Айткан сөзүӊүзгө турат экенсиз! Кыргыз мырзалары баардыгы сиздей болсо! Жакшы каалоо-тилектериӊиз үчүн чоӊ рахмат! Бул сүрөт 13.01.2021 күнү Министрликке Бишкекке чогуу баргандагы сүрөт. «Дайыма колдоо кыламын» деди. Мырза боюнча калыӊыз!«,- деп жазды.

Нурлан КАРИМОВ: «Креслого жармашпайм»

Самара Каримов Нурлан Каримовдун айткандарын да баракчасына жайгаштырган. Анда ал: «Жалпысынан бизде 93 кызматкер бар, анын 53ү — мугалимдер. Студенттердин саны — 220. Жаӊы жетекчи боюнча айта турган болсом, буйрукту мага көрсөтүштү. Анда Самара Каримова 15-январдан баштап иштеп баштаары жазылган экен. Мен бул кызматта 2 жыл 3 ай иштедим. Мен креслого жармашпайм, эч кимге да арызданбайм, кызматымды өткөрүп берем»,- дептир.

Самара КАРИМОВА: «Садыр Нургожоевичке рахмат!»

Кечээ, 14-январда, аталган окуу жайдагы мугалимдер ырчыны кабыл албай койгон тасма тараган. Анда алар Нурлан Каримовго эч кандай дооматтары жок экенин, ал кызмат ордунда калышы керектигин айтышкан. Акырында ырчыга сөз берилгенде, ал толкундандыбы же шашып кеттиби, кайдан, айтор: «Садыр Нургожоевичке рахмат» деп сөзүн баштаганда эле мугалимдер: «Садыр Нургожоевич эмне сот беле?» деп суроону кабыргасынан коюшкан… Аны төмөндөн көрүӊүздөр:

Тасма аягында Самара Каримова мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аны кызматтан себепсиз эле алып койгонун айтыптыр. Эмне себеп болгонун учурунда Азамат мырза айтканын билебиз. Ал Самара Каримованы дайындалгандан эки күндөн кийин кайра кызматтан бошоткон чечимдин чоо-жайын «Азаттыкка» түшүндүруп маек куруп берген эле…

Мурдагы министр эмне дейт?

«Азаттык»: — Ырчы Самара Каримованы кайра кызматтан алуу тууралуу чечимге эмне себеп болду?

Азамат Жаманкулов: — Буйрук чыгарууда мыйзам бузулган. Менин орун басарымдын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы… Ушундан улам ал буйрукту кайра жокко чыгарууга туура келди.

«Азаттык»: — Министрлик 30-октябрда сиз кызматта иштей баштаган кезде эле Каримованын кызматка дайындалганы тууралуу кабар таратпады беле?

Азамат Жаманкулов: — Жок, бул мага чейин болгон иш. Мен келгенде кол коюлуп, бардык документтер даяр болуп калган.

«Азаттык»: — Бирок буга чейин сиздин атыңыздан маалымат тараган да?

Азамат Жаманкулов: — Менин атымдан кеткен эмес. Маалымат каражаттары эмнегедир мени ошого байлап коюшту. Мен келген учурда Каримованы жамаатка тааныштырып жатышат. Ошол себептүү байланып калдым го. Бирок ал менин чечимим эмес болчу.

«Азаттык»: — Каримованы директорлукка дайындоодо эмне деген мыйзам бузуу бар экен? Негизи эле бул окуу жайына кандай жетекчи дайындалышы керек эле?

Азамат Жаманкулов: — Биринчиден, кызматка дайындоо эрежеси бузулгандыктан, чечим жокко чыгарылды. Экинчиден, өзүмдүн жеке көз карашым боюнча айтсам, мен ал кишини бул кызматка койбойт элем.

Бизде мектептердин директору кандай тажрыйбага ээ болушу керек, билими кандай болушу керек деген квалификациялык талаптар бар. Бирок орто окуу жайыныкы жок экен. Учурда биз ошол боштукту толукташыбыз керек. Тажрыйбага, директорлорду шайлоо талаптарына карасак, ал киши бул талапка жооп берген эмес. Анын адистик билими башка экен. Тажрыйбасы да топтоло элек экен. Ошондуктан директор болууга мүмкүнчүлүгү жок болчу.

«Азаттык»: — Анда сиздин статс-катчыңыз эмне үчүн Каримованы бул кызматка дайындады? Бул боюнча териштирүү болдубу?

Азамат Жаманкулов: — Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. «Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм» деген арыз жазган. Ошол арызды канааттандырыптыр.

«Азаттык»: — Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын абалы чынында кейиштүү экен. Өрттөнүп кеткен бойдон оңдолбой туруптур. Мурда ага эмнеге көңүл бурулган эмес? Азыр оңдолобу?

Азамат Жаманкулов: — Биз жардам беребиз. Мен анын ушундай абалга туш келгенин билген эмесмин. Азыр баарыбыз биригип, бул окуу жайын оңдоп, көтөрүүгө тийишпиз. Мен ушул күндөрү Ошко барам. Эртең окуу жайынын абалын өз көзүм менен көрөйүн деп жатам. Келгенден кийин резервдеги каражаттардын кайсы бир бөлүгүн берүү менен мекемени калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. Жаңы директор дайындап, ишти жакшыртуу керек.

«Азаттык»: — Негизи эле кадр маселесинде ушундай көрүнүш туурабы? Кызматка дайындап, бирок эки-үч күндөн кийин «болбой калды» деп алып койгон?..

Азамат Жаманкулов: — Мыйзам бузулган болсо кайра алыш керек. «Дайындалып калды эле» деп карап отурган болбойт.

«Азаттык»: — Негизи бул жерде статс-катчынын жоопкерчилиги кандай? Ал жетекчилик менен кеңешиши керек беле?

Азамат Жаманкулов: — Эми ошону ойлонуп, кеңешүү керек болчу. Кеңешпей кабыл алынган чечим болуп отурат.

«Азаттык»: — Статс-катчыга кандай чара көрүлө турган болду?

Азамат Жаманкулов: — Ага сөгүш жарыялоо тууралуу премьер-министрге кат жөнөттүм.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Сот чечими келди. Биз аны аткарышыбыз керек»

Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин соттон утуп алганын 13-январда кабарлаган. Ал аталган окуу жайынын директору кызматына кайра бара ала тургандыгын азыркы маданият министри Нуржигит Кадырбеков «Азаттыкка»  мындай деп билдирген: «Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. «Кызматы кайра калыбына келтирилсин» деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек«.

Эске сала кетсек, Самара Каримова аталган окуу жайга 2018-жылдын октябрында директор болуп дайындалганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин бул буйрукту андагы министр Азамат Жаманкулов жокко чыгарган. Ал эми ырчы кызыбыз ага чейин, 2017-жылы Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине башкы директор болуп дайындалганда да сынга катуу кабылган. Анда коомчулук сын-пикирин кабыл алып, өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан эле…

Самара Каримованын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Каримова Каримовго ыраазычылыгын билдирди. Окуу жайдагы кызмат кандай чечилди?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.