ВИДЕО — Жаш кыздарды тоноп кеткен эки жигит кармалып, камалды

ВИДЕО — Жаш кыздарды тоноп кеткен эки жигит кармалып, камалды

Жаш кыздарды тоноого шектүү эки жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда, билдирди.


Алардын айтымында, ушул жылдын 1-январында, болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкекте белгисиз адамдар жаш кыздардын батирине кирип, күч колдонуп, коркутуп эки уюлдук телефонун, банк карточкасын тартып алышкан. Бирөөсү карточкадан банкоматтан акча алууга кетсе, экинчиси кыздарды камап отурган. Банкоматтан акча алган соң качып кеткен шектүүлөр кыздарга 93 миңге жакын материалдык чыгым келтиришкен.

Бул факт реестерге катталып, кыздарды тоноп кеткендер 5-январда кармалган. Алар Нарын облусунун тургундары (1995-жылы туулган К. уулу Б. менен 1988-жылы туулган Дж.Ж.) болуп чыккан. Алардын бөгөт чарасы сотто каралып, эки айга камакка алуу чечими чыккан. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.