АРМАН: Эски сүрөттөр… Каректе калган бактылуу мүнөттөр…

АРМАН: Эски сүрөттөр… Каректе калган бактылуу мүнөттөр…

Эсен болуп, эстей жүр!

16-январь. Кичинемден баккан, кайда болбосун, мени ээрчитип алган апамдан –чоӊ апамдан ажыраган күн… Таӊ эрте ойгонуп, чоӊ апама, атама, жолдошума багыштап куран окуп, жоктодум…

Зууракан эжем куран окуткан сайын Эрнисим менен ээрчишип барчу элем. Быйыл жалгыз баратам. Апа, күйөө балаӊызды зарыгып күтүп жүрүп, көрбөй кеттиӊиз эле. Ал азыр сиз жакта, сизге жолуккандыр… Эрнисимди ээсине берип койгонума бир жыл болоюн деп калды, апа. 29-январда жылдыгы. Жылда сизди экөөбүз эстеп, куран окучу элек. Ал чоӊ апасын, мен сизди айтып, акыл-кеӊешиӊерди эстейт элек. Чоӊ апасын оозунан түшүрбөй, ата-энесин, агасын арманда кылып жүрүп өттү, апа. Эрнисимден ажырагандан кийин күндөлүгүнөн: «Эх, чоң апам, эх, атам, эх, апам, эх, Мелис байкем, мен силерге баратам” деп жазганын окуп алып, «Касиети күчтүү адам эле, эмне асыл адамдарынын катарына барып кошулаарын алдын ала билгенби?» деген суроого жооп таба албай келем, апа…

Сиздердин караанды сүрөттөн гана издеп калдым, апа. Альбомумду ачып, эски сүрөттөр менен каректе катып калган бактылуу мүнөттөрдү эстедим…

Мындан 19 жыл мурун, 2002-жылы Баян апабыздан ажыраган элек. Кар калыӊ түшкөн жыл, суук менен кошо суук кабар келген күн. Жаман кабарды угузуу да кыйын. «Чоӊ апасынын эрке кызы эле, эми кантип мындай жаман кабарды угузабыз. Сен айтчы» деп бири- бирине түртүп отуруп, эч кимиси айта албай, Базаркүл эжемдин кошуналары угузду эле…

Акыркы сапарга узатканы Таласка жол тартып баратканда, жаӊы жыл алдында телефондон сүйлөшкөнүбүздү эстедим. «Кызым, көрбөй каласыӊ го», — деген элеӊиз. Ишенген эмесмин. Себеби, дайыма эле: «Эми, кызым, карыдым, жашарымды жашадым, өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Силердин өмүрүӊөр узун болсун. Кудай силердин жамандыгыӊарды көрсөтпөсүн… Ансыз да атаӊар Жакшылыгымдан, неберем Бакыттан ажырап калбадымбы. Мага топурак салбай кетишти… Көзүм өтүп кетсе, өзөлөнүп ыйлаба. Ыйыӊ суу болот, суу толтуруп мени кыйнайсыӊ. Мен сууда сүзгөндү билбейм да, чөгүп кетем. Бу жалган дүйнөдөн кетип, чыныгы дүйнөгө барганда сууга чөгүп өлүп каламбы? Мени эки өлтүрөсүӊ. Бекем бол, кызым! Турмушка чыгып алсаӊ жакшы болот эле. Күйүтүӊдү бөлүшкөн күйөөӊ, көз жашыӊды аарчыган кызыӊ болот эле. Кантээр экенсиӊ, өтө эле мага жакынсыӊ. Анын үстүнө өтө жароокер, боорукерсиӊ. Жакын адамдан ажыраган азаптын азабы. Ошону туюп-билип турам, турмушка чыгып алчы, кызым», — деп айтчу. Ушул сөздөрүӊүздү эстеп, каӊырыгым түтөп баратты…

Бала кезимден сизди ээрчип, эрке чоӊойдум эле. Кечинде дайыма жаздыкка башыбыз тийгенде: «Оӊ жамбашыӊан жатып, келме келтир, кызым», — десе:

«Жаттым тынч,

Жаздыгым кенч.

Тилим Куран,

Тилегеним Кудайдан ыйман.

Түндөн түгөл, айдан аман, жылдан эсен чыгалы» , — деп келме келтирээр элем. Ушул убакка чейин айтып келем.

Эх, апам, Баян апам… Санжыргалуу көп кепти айтаар элеӊиз. Карылык басып калганга чейин намазга жыгылды. Даарат алып, «Силер ойноп тургула, мен намаз окуп келейин» деп үйгө кирип кетсе, балабыз да, кызыгып, терезеге чыгып алып апамды аӊдычубуз. Анан чыкканда: «Апа, биз дагы намаз окусак болобу?» десек, «Намаз окугандын өз учуру келет. Мендей болуп карыганда, үйгө отуруп калганда окуйсуӊар. Азыр эч нерсе түшүнбөйсүӊөр. Мен айткандар кулагыӊарга күмүш сырга: Калп айтпа! Ушак сүйлөбө! Ушак ташыба! Уурулук кылба! Бирөөгө жамандык кылба! Соопчулук ишти көп кыл! Жардамыӊды аяба!», — деп айтса, «Апа, Кудай деген ким? Соопчулук деген эмне?» деп суроо артынан суроо узатсак, урушпай, эринбей ийигин ийрип отуруп алып жооп берээр эле. Биз болсо апабыздын маӊдайында жөн отурбай жүн тытып отуруп угаар элек. Баланы кагып-силкип, кыйкырып урушчу эмес, сөз менен гана тарбиялачу. Урушканы: «Ой, жолуӊ болгур десе», «Бай болгур десе» – ушул мээримдүү сөздөр эле…

Тегерек-четтеги, алыскы-жакынкы кошуна кыз-келиндер, апалар жыйылып келип ала кийиз, шырдак жасап, таар согушчу. Ызы-чуу болуп, чийге оролгон, жаӊ бастырылган кийизди бышыра тепчүбүз. Чоӊое түшкөндө жеӊелерге аралашып кийиз басып калдык. Туш кийизге сайма сайчубуз. Ийик ийричүбүз. Байпак токучубуз. Кездемеден кесип, куурчакка кийим тикчүбүз. 7-класска чейин деле куурчак ойночу элек. Камыр жууруп, нан жапчубуз. Кир жууганда да апам маӊдайыбызга отуруп алып, «Таза жуугула, самыны түгөнгөнчө кирди чайкагыла!» деп, кир жайганда да: «Түз жайгыла, бырыштырып илбегиле, силкип-силкип илгиле! Кирди ичинен жаят» деп жаныбызда тураар эле…

Керме-керме кир жуучубуз. Сууну болсо чакалап — эки чаканы илгичке илип, анан моюнга салып алып кудуктан ташычубуз. Чоӊ казанга суу ысытчубуз. Уй саап, жампа жайчубуз. Үйдүн ичинен сыртка чейин суу сээп шыпырчубуз. Шыпыруунун да шартын айтаар эле апабыз: «Шыпыргыны өйдө каратып кармаба, ылдый карма, сапырбай сүйөп шыпыр. Шыпыргыны тигинен койбо, жаткырып кой! Шыпыргы менен мышыкты чаппа! Мышыкты өлтүрбө, күнөө. Анын кунун тиги дүйнөгө барганда төлөп каласыӊ», — дейт эле. Анан эле биздин «Эмнеге?» дегенибиз бүтпөй, апабыз айтып бергенден тажачу эмес…

Апабыздын баянын жөн отурбай, сайма сайып же жүн тытып отуруп муюп укчубуз. Тамак жасап, даяр болгондо, дасторкон менен жер төшөктүн салынышына чейин караар эле. Бүктөлгөн төшөктүн ачыгы эшик тарапты караш керектигин айтчу. Дасторкон жыйнап жатканда, «Нан күкүмүн таштаба, колуӊа салып жеп кой, бай болосуӊ! Биз күкүмгө зар болгон күндү өткөргөнбүз. Согуш учурунда согушка кеткендерге жардам болсун деп талаада иштедик. Талаада иштегендерге тоо аралап тамак ташыган күндөр да болгон» деп айтса, бизге жомоктой сезилчү…

Кийин, бой жетип калдыӊар дегенсип: «Аял жакшы — эр жакшы», «Эриӊе өйдө карап сүйлөбө!», «Эрин сыйлаган эшикте калбайт» деп өмүрлүк жарыӊды кантип сыйлаш керектигин да айтып калчу. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт!» деп тазалыкты талап кылчу. «Чачыӊды жерге таштаба! Тырмагыӊды жерге таштаба, өрттөп сал! Кечинде тырмак албайт. Үй шыпырбайт! Ырыскыны шыпырып саласыӊ» дечү. «Улууну урматта, кичүүнү ызатта!» деп көп айтчу. Сабак окуганга да жетишчүбүз. Китептерибизге кызыгып сурачу. Тамга таанычу эмес да. Тиги, бул десек, «Силер бактылуусуӊар. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, окуп, сабаттуу болуп баратасыӊар. Сабатсыздыкты жоюп, караӊгылыктан чыгарып, заманды оӊдоп жаткан Өкүметке ырахмат» деп бийликке ыраазычылыгын билдирээр эле. «Илимпозду ээрчий бас, бекерпоздон безе кач!», «Адам менен бийиксиӊ, адамдан чыккан соӊ кийиксиӊ», «Барга көппө, жокко чөкпө!», «Бири-бириӊе жардам бере жүргүлө, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгула! Ынтымагыӊар арта берсин. Ата-бабадан келаткан салт-санаа, үрп-адатыбызды, ыйман, адеп-ахлакты балдарыӊарга айта жүргүлө!» деп көп айчу…

Айтор, бардык ишке үйрөтүптүр апабыз. Рахмат сизге, апа!

Өзүӊүздү, сөзүӊүздү бүгүн да эстедик. Баарыбыздын башты кошуп, үзбөй куран окутуп келаткан Зууракан кызыӊыз. Жакшы көргөн күйөө балаӊыз Тынчтык жездем менен Зууракан апчемдин тун баласы, сиз багып калган жээн-небереӊиз Айбектикинде сизге багышталып куран окулду. «Помидорду — момидор», «Фрунзени — Боронзо», «Тимурду — Дүмүр» дечү деп күлдүк. Тимур деген небереӊиз «Дүмүр эмесмин, Тимурмун» деп чычалайт эле. «Колбаса кесилген бычакты колдонбойт эле, аны аябай жуудуруп, өзүнчө койдурат эле. Саатты чырылдакка койбой эле койгула, Апабыз жандуу саат, ойготот»,- деп биз жолго чыгаарда кам көргөнүӊүздү эстедик… Таӊ атпай, биз ойгончу сааттан да эрте ойгонуп алып, «ай, тургула» деп отурчу элеӊиз… «Ой, апа, эрте го» деп жатып араӊ турчу элек…

Алтын апа, куран кабыл болуп, сообу сизге тийсин. Сизди биз эч качан унутпайбыз. Дагы эле жоктоп келебиз. Ар бир майрамда Зууракан эжем дайыма жоктоо ырын салат ар бирибизге…

«Барат элем, апам болсо айылга,

Белегимди камдап алып, дайындап,

Атаганат бара албаймын апам жок,

Мен кубантып, сыйладымбы барында.

Өлбөчүдөй ойлоптурмун эч качан,

Таба албаймын, келбей турган жагында.

Сыйлап жүргүн, эгер болсо жаныӊда,

Куттуктап кал, азыр көзү барында.

Эртеӊ дебе, эртеӊкиси кеч болот,

Кут, дөөлөт бар, апаӊ барда айылда,

Апаӊ кетсе, айыл калат аӊгырап,

Өзү эмес, сагынасыӊ, нанын да

Эй эркелер, апасы бар жанында,

Жүрө бербейт алар дайым жаныӊда.

Мындан артык байлык болбойт билгенге,

Башкача атат атчу сенин таныӊ да.

Алар барда, башкача Күн, башкача Ай,

Байкабаппыз, биз пенде барында.

Бар кезинде сыйлап калгын кечикпей,

Алар кетсе, түбөлүккө табылбайт,

Болсом дагы неберелүү карыя,

Издей берем барган кезде айылга.

Ата-энем канга сиӊип айланат,

Эстен кетпейт менде өмүр барында.

Жаштар үчүн жазып жатам бул ырды,

Сабак болсун, сыйлагыла барында.

Сыйлай албай калгандар көп, бул чындык,

Жүргөн кезде ата-энеси жанында».

Мына ушул ырды, апа. Окуп алып, бир ыйлап алып сооронобуз. Ырдагы чындык жүрөктү тилет, апа. Сизсиз, айылдабы, шаардабы, Кеминдеби, баарыбыздын үйүбүз да аӊгырап калды. Сизден ажырагандан кийин кичүү балаӊыз Мамыткан байкемдин үйүнө канча баргым келбей жүрдү. Ал жерде 24 жыл жашап калдыӊыз. Үй эмес, көчө да көрксүз сезилди мага. Барганда кагылып-согулуп тосуп алып, алдыбызга нан, варенье, шекер, таттуу, айтор, не болсо баарын коюп, «ал, айланайын, же, кагылайын» деп, алдыбызда турган тамак түгөнбөсө да, келин, неберелериӊизге «алып кел» дей берчү элеӊиз. Кетип жатканыбызда көчөгө таягыӊызды таянып кошо чыгып, карааныбыз үзүлгөнчө узата карап турганыӊызды көрчү элек. Кол булгаласак да, бурулуштан бурулуп кеткенче кирбей тура берчү элеӊиз…

Алтын апам ай, ошол мээримиӊизди издеп, искеп, сизди сагынып, куса болуп аябай кыйналдым, оорудум, айыктым… Азыр кайра ошол абалдамын, апа. Сизден ажыраганда карааныӊызды көчөдөн издеп калдым эле. Аппак жоолукчан чоӊ апаларды окшоштуруп… Базарда илинип турган кемпирлердин кийимдерин сыйпап, апам тирүү болгондо алып бермек экем деп ыйлачу элем…

Эсимде, «Бишкек таймс» гезитинде иштеп жүргөндө, бир жолу Коен аттуу чоӊ апанын сүрөтү менен куттуктоо келди. Дареги жазылбаптыр. Кудум сизге окшош экен. Гезитке жазып, ал апаны издедим эле, аты Коен деп Баян апамдын атына окшошуп атпайбы деп…

Ар кайсы жерден сиздин караанды издеп, көп жылга чейин калыпка келе албай жүрдүм. Былтыр күйөө балаӊыздан ажыраганда да так ошондой абалда болдум, көчөдөн бирөөнү Эрнисиме окшоштуруп алып, артынан чуркап… Башка болуп чыгып… Эгер алтын апамдын мээрими, бир туугандарымдын жылуу мамилеси болбосо билбейм, эмне болмокмун… Алтын келиниӊиз, мени төрөгөн апам 70 жашка чыкты. Юбилейин өткөртпөй, мени менен аза күтүүдө… Алтын апамды азапка салып койдум, апа. Ушундай бир жаман кыз болуудамын, апа!

Апа, эскерүүмдү акын күйөө балаӊыз Эрнисимдин акыркы ыры (бул ырын да күндөлүккө жазып кетиптир…) менен аяктайм:

“Кайыр кошкун!” деген сөздү айталбай,

Кетип калып, ал дүйнөдөн кайта албай.

Калаарым чын бүктөмүндө кагаздын,

Кээкерленген жаным жайда жаталбай…

Болду, болду! Болгонумду билген бар,

Кеттим, кеттим! Кеткен дүйнө балким тар!..»

Апа, Эрнисим өзү жазгандай, кетип калып, ал дүйнөдөн мага кайта албагандай сезилет. Мага дагы Эрнисим алыс бир жакка кетип, келип калчуудай сезиле берет… Жок экенине ишене албай жашап келатам, апа. Апа, байым сизге жолугуп, экөөбүз өткөргөн 7 жылдык өмүрүбүздү айтып бергендир. Апа, күйөө балаӊызга көз кырыӊызды сала жүрүӊүз!

Жаткан жериӊер эӊкейиш, Жараткан берсин кеӊ бейиш… Оомийин…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.