Чуу жараткан Чокоев менен Примбердиевди Маданият министри кабыл алды. Алар эмнени сүйлөштү?

Чуу жараткан Чокоев менен Примбердиевди Маданият министри кабыл алды. Алар эмнени сүйлөштү?

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Курал Чокоев менен КРнын эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиевди бүгүн, 18-январда кабыл алып, баарлашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушуу жылуу маанайда өткөн. Алар жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын талкуулашкан. Ошондой эле, фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча сүйлөшүп, эл-журт үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча позицияны такташкан.

Примбердиевдин наамы өзүндө калды

Ушул эле күнү Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратууга негиз жоктугун белгилеп, себебин түшүндүргөн. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда жокко чыгарылат.

Чуу жараткан шоу…

Чуу жараткан долбоордун автору Курал Чокоев. Ал «YouTube» порталына шоу-программа ачып, ага чыгармачыл адамдарды чакырып, уят сөздөр менен баарлашат. Алар маданиятсыздыгын көрсөтүшкөндүктөн коомчулуктун сынына кабылышкан. Коомчулук Маданият министрлигине кайрылып, ырчыларга мыйзам чегинде чара көрүшүн, шоуну жаап салууну талап кылышкан. Министр Нуржигит Кадырбеков да калктын талабын туура көрүп, эки ырчыны Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбасын айтып, наам, сыйлыктарынан ажырай турганын билдирген.

Ал эми Чокоев алгач сынды кабыл албай, «жакпаса көрбөй эле койгула!» деген. Кийин Примбердиев экөө тен талкууга түшкөн программасын «Youtube» порталынан өчүрүп салганын айтып, элден кечирим сурашкан. Примбердиев «Эмгек сиңирген артист» наамын 2017-жылдын 20-ноябрында алган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.