ВИДЕО — Каримованын арызынын негизинде мугалимдер милицияга суракка чакырыла баштады…

ВИДЕО — Каримованын арызынын негизинде мугалимдер милицияга суракка чакырыла баштады…

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалимдер жамаатынын үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн, 18-январда «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, Самара Каримова кечээ, 17-январда милицияга арыз менен кайрылган. Арызда эмгек жамааты анын иштөөсүнө тоскоолдук кылып жатканы жазылган. Арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Бүгүн мектептин эки кызматкери суракка чакырылган. 

Эске сала кетсек, Самара Каримова 2018-жылы, 24-октябрда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык мектебинин директору болуп дайындалган. Ошол учурдагы Маданият, туризм жана маалымат министри Азамат Жаманкулов эки күндөн кийин кызматка дайындоо буйрукту жокко чыгарган. Эки жылдан кийин ырчы бул боюнча сотко кайрылып, жеңип алган. Соттун чечими менен окуу жайга барса, мугалимдер жамааты каршы чыгып, кабыл албай койгон жана дагы деле кабыл алышпай жатышканы маалым болду.

Себебин билгиӊиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Каримованы кабыл албай койгон учур…

Каримова директордун кабинетине кантип кирди?

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.