Маек — Акак: «Мектеп жабылып, Он-лайн окуп, кечке үйдө камалган жаман экен»

Маек — Акак: «Мектеп жабылып, Он-лайн окуп, кечке үйдө камалган жаман экен»

«Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблине — 20 жыл

«Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблине быйыл май айында 20 жыл болот. Бул бий тобун негиздеген — Игорь Моисеев атындагы Мамлекеттик академиялык элдик бийлер мектеп-студиясынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, билим берүүнүн мыктысы Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна. Ал 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, мыкты бийчилерди чыгарды жана чыгарып келатат. 3 жаштан келген бөбөктөр 16 жашка чейин ушул топто бийлеп, ырдашат.

20 жылдык мааракени утурлай ушул топтун бий сабактарына барып жаткан бажырайган балапан жеткинчектери, суйкайган сулуу бийкеч бийчилери жана алардын ата-энелери менен маек куруп, май айына чейин «Дилгирдин» бий ааламындагы сапарынан, юбилейлик мааракеге даярдыгынан, иш-пландарынан баян куруп жарыялап турууну эп көрдүк. Алгачкы саамалык жакшы жөрөлгөнү Бишкек шаарынын тургуну, 70 жаштагы Токтобүбү Абдыкулова апабыз «Дилгирдин» тарбиялануучусу небереси Акак менен баштап берди.

— Учурдан пайдаланып, алгач үй-бүлөбүздүн атынан «Дилгир» бий ансамблинин көркөм жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевнаны жана жалпы эмгек жамаатын 20 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Ушунча жылдан бери бир топ бийчилерди уядан учурушуптур. «Дилгирге» балдар 3 жаштан келип, 16 жашына чейин бийлеп, ырдашат. Биз ага күбө болуп келатабыз. Кичинекей балдар алгач ыйлап келишет, кийин көнүп кетишет. Сахнага биринчи жолу чыкканда элден сүрдөп ыйлагандары да болот… Чынында балдар менен иштөө кыйын. Ар баланын мүнөз-кыялы, шык-жөндөмү бар да. Үйдө эркелеп чоӊоюп жатканы болот, эрте токтолгондору бар дегендей. Гүлжамал Шаршеевна тартипти катуу кармайт, сабактарда болобу же бийлеп катыша турган ар кыл иш-чара болобу, талаптарды да катуу коёт. Бийлейм деген балага чыдамкайлык, ынтызарлык, умтулуу керек, анан бара-бара жөндөп кетет. «Дилгирде» жогорку тайпа, ортоӊку тайпа, кенже тайпа деп бөлүп коюшат, улуулары ортоӊкуларына, ортоӊкулары кичкентайларга жардамдашып кадимкидей бир үй-бүлөдөй эле болуп калышат кийин.

— Ата-энелер сиздерден эмне талап кылынат?

— Бизден мектепке сабакка жөнөткөндөй эле талаптар. Биринчи – бий сабактарын калтырбашыбыз керек; убагында келишибиз керек. Себеби, жаӊы бий кыймылдарын үйрөнүшөт, бийге барбай калса, бала адашып, жаӊылып кыйналып калат. Ызаланып ыйлап алат анан. Тийиштүү көнүгүүлөрдү тынбай жасатып турушат, аларды үйдөн кайталап жасашат. Албетте, ден соолуктарына кам көрүүнү эскертип турушат. Анан концерттер болор учурларда репетиция узагыраак болот, анан концерттер болгондо, концерттик кийимдерин, тамак көтөрүнүп келип балдарыбыз менен жүрөбүз. Алар кубанса, кошо кубанабыз, сүйүнөбүз.

— Небереӊиз бийге барууну өзү каалады беле?

— Ооба, өзү каалаган. Азыр неберем Бишкектеги №5 мектепте 5-класста окуйт. 1-класска жаӊы барганда, классыбыздын ата-энелер комитети Гүлназ «балдарды чогуу бир жерге ийримге берели» деп сунуштап калып, ата-энелер бий ийримине баралы деп макулдашып, «Дилгирге» келгенбиз. Акак 6 жашынан келди. Башында эжеси Каухар да келип катышып жүрдү. Кийин сабактарынан жетишпей баштаганынан келбей калды.

— Небереӊиздин бийге шыгы качан ойгонду? Балким, жакындарынан бийчилер бар? Балким мындай өнөр сизде бар?

— Эми биз болсо, кезинде бийге кызыккам. Анча-мынча бийлеп калганым болгон. Келин болгондо, колхоз иштеринде иштеп, ошондо «Сармерден» өтүп, ырдап катыштым эле… А кызым болсо, кичинесинен кыймылдуу болду. Тыпылдап эле ордунда тим турчу эмес. Музыкага колдордун быйтыйтып бийлеп калчу.

— Дагы эмнеге шыктуу?

— Сүрөттү жакшы тартат. Каухар, Акак, Райан, үч неберем теӊ сүрөт тартканга шыктуу. Жакшы тартышат. Пластилинден ар нерсени жасашат. Жаӊы жылда гүл жасап, ичине аарыны кондуруп коюшуптур.

Кагаздан кесип ар нерсе жасап калышат. Ой чабыттары жакшы эле. Аман болушсун, садагаларым.

Акак ырдайт, манас айтат, ырды көркөм жакшы айтат. Чоӊ эне катары неберелерим менен сыймыктанам.

Бал тил балалык…

«Дилгирге» дилгирленген Акак

Бишкектеги №5 мектепте 5-классынын окуучусу, «Дилгир» бий тобунун бийчиси Акак Жакшылыкова менен да маек курдук. 

— Акак, «Дилгирге» келип жатканыӊа канча жыл болду? Бий тобу сага эмнеси менен жагат?

— «Дилгирге» бийге келип жатканыма 5 жыл болду. Мектепти кандай жакшы көрсөм, «Дилгирди» ошондой жакшы көрөм. Бий бизди ийкемдүү, чапчаӊ кылды, кыймыл-аракетибизди түздөдү. Бул жерден жаӊы досторду таптым. Кыргыз бийлеринен тышкары өзбек, орус, уйгур, Индия ж.б. бийлерди бийлейм. Көп элдин бийинин тилин үйрөндүк десек болот. Сахнага көндүк. Өлкө ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Кенже тайпа кезибизде Казакстанга бий сынагына барып катышып, биз 2-орунду, ортоӊку тайпадагы кыздар 1-орунду алып келишкен. Былтыр дагы сынакка бармакпыз. Коронавирустун айынан барбай калдык. Ал учурда бийге да барбай калып, биздин Гүлжамал эжебиз бийди үзгүлтүккө учуратпай, үйдө он-лайн бий сабактары болуп жатты. Бийге барганга уруксат берилгенде, ушундай кубангам…

— Эжекеӊ урушабы?

— Гүлжамал эжебиз урушат, бирок жөн эле уруша бербейт, кайталап ката кетирсек, көп жаӊылсак, тартип бузсак, сөзсүз тил угабыз. Бирок биз капаланбайбыз, бизди «жакшы болсун, жакшылап үйрөнүп алсын, жакшы бийлесин» деп урушуп жатканын түшүнөбүз. Бий тобунда ар кай жаштагы, ар кай улуттагы кыздар бийлейт. Эжекебиз баарыбызга бирдей мамиле жасайт.

— А өзүӊөр бөлүнбөйсүӊөрбү?

— Жо-ок, бөлүнбөйбүз. Негизи мен баары менен бат эле тил табышам.

— Чоӊойгондо бийчи болосуӊбу?

— Мага бийлеген аябай жагат. Бирок мен чонойгондо мугалим болгум келет. Мен мектепте жакшы окуганга аракет кылам. Мектебимди, «Дилгирди» аябай жакшы көрөм. Билесизби, биз мектепке барбай, 10 айдан бери үйдө окуп жатканбыз да. Жакында эле уруксат берди го, 1-5-9-11-класстарга мектепке барганга, мен абдан сүйүндүм. Классташтарымды, эжейлеримди, агайларымды сагынып кеткем да. Бирок, азыр мектепте аралык сактап отуруп жатабыз. Чыкканда да эжебиз чогурашып жакындашпай, дароо үйүӊөргө баргыла дейт. Мени апам дайыма мектепке жеткирип, алып кетет.

— Ырдайсынбы?

— Ооба, ырдайм. Кээде ыр жазам. Райан футболду аябай жакшы көрөт. Иниме арнап, минтип ыр жазгам:

Иним менен берекем,

Топусу дайым башында.

Күйөрманы «Барсанын»,

Футбол көрөт дайыма. 

— Он-лайн окуган жаман бекен?

— Ооба, мектеп эле жакшы экен. Ушул оору кетсинчи деп тилеп жатам. Бардык жер жабылып, кечке үйдө камалган жаман экен.

Райан иним бар да, 2-класста окуйт. Мектепти абдан сагынып жүрөт. Дайыма «мектебимди сыртынан көрүп келейинчи» деп сурана берчү эле байкемдерден, азыр антпей калды. Бирок аябай мектепке баргысы келип жүрөт. Байкем мени бийге алып барганда кээде инимди машинасына салып алат. Анан байкеме, «мектептин жанынан өтүӊүзчү» дей берет. Мектептин жанынан өтсөк: «Мектебим менин, сагындым» дейт. Эжем да мектепти, классташтарын сагынып жүрөт. Баарыбыз эле окуп калсак экен деп жатам. Мектептерди башка жаппайт болуш керек, ээ?!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.