Чуулгандуу тасма тууралуу. Мончодогу окуя каерде болгонун ИИМ билдирди

Чуулгандуу тасма тууралуу. Мончодогу окуя каерде болгонун ИИМ билдирди

Чуулгандуу тасма, үрөйдү учурган мончодогу окуя боюнча ИИМге Алтайдан кат келгенин бүгүн, 26-январда ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ИИМдин кайрылуу катына Алтайдан бүгүн жооп келген. Жашы жете элек балага карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Кыргызстанда эмес, Алтай Республикасында болгон.

«2020-жылдын 29-июлунда Алтайдагы милиция кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө, жаш балага күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан адамды табышкан. 2019-жылдын август айында, Кош Агач айылында (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде) жашы жете элек “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “К”карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган. Бул факты катталып, 2020-жылдын 29-июлда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш ишин козгогон. Россия Федерациясынын жаза проссецуалдык Кодексинин 91-беренесине ылайык «Р» кармалган. 2020-жылдын 31-декабрында айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош Агач райондук сотуна жиберилген» деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Эске сала кетсек, 24-январда, мончодо жаш баланы күч колдонуу менен зордуктап жаткан видео социалдык тармактарга тарап, коомчулук реакция кылып, бул окуяга ИИМдин чара көрүүсүн талап кылган. ИИМ бул факт катталып, издөө иштери башталганын, жакын арада так маалымат берээрин билдирген. Ошол эле күнү, кечке маал ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов окуя такталганча, жалган маалымат таратпоого коомчулукту чакырып, бул окуя боюнча жакында так маалымат берилээрин билдирген.

ИИМ: «Жалган маалыматтан жабыр тарткандар болууда…»

ИИМ жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет. Дал ушул окуя боюнча Интернетте жалган маалыматтар тарап, жабыр тарткан балдар болуп жатканын ИИМ билдирди. Алардын билдирүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.