ВИДЕО — Рамис Рыскуловдун 32 жыл мурун жаш жигит жөнүндө жазганы…

ВИДЕО — Рамис Рыскуловдун 32 жыл мурун жаш жигит жөнүндө жазганы…

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 29-январь, мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу дүйнөдөн өткөн күн. Бүгүн жылдыгы…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эстеген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… 

Бүгүн да эскерилет…

32 жыл сары чемоданда жаткан сөз…

Жолдошумдун сыр сандыгынан 32 жыл мурун жазылган саргайган бир бүктөм кагазды таап алдым эле. Аны кечээ Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылганда эстедим. Залкар акыныбыздын 19 жаштагы балага берген баасы…

Ак жол!

«Эрнис Эшимканов жаш прозаик экен. Таланты бар. Өзүнчө стили бар. Ал азыркы учурдун таламына жооп бере алган. Жакшы жаза билет.

Бирок, ал жаш. Кыргыз тилин жакшылап үйрөнө электиги байкалат. Өзүнчө оригиналдуу ой жүгүртөт. Дагы бир он жылдан кийин ал өзүн чындап таба баштайт го деп ойлойм.

Эрнис, жолуң шыдыр боло берсин!»

Рамис Рыскулов. 19-январь. 1989-жыл.

«Эрнистин перспективасы жакшы. Ал азыркыча жазат. Эмитен ушундай жазса ал алыс барат.

Менимче, ал келечекте жакшы киносценарияларды да бериши мүмкүн. Ал чоң жаңылыктарды кийинирээк чындап алып келет деп ишенем»

Рамис Рыскулов. 1990-жыл.

19 жаштагы «Каалга»…

Башат

Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

«Келди» дебе, «Кетти» дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмун.

1989

Оор кар

Колумда карды мыкчыйм, муздагы кол какшатат. Оор кар. Суу кар. Тоголок кар. Эзилип абдан бышкан шабдаалыдай. Дарактын денесине шап жабышат. Карт дарак кыздай болуп ачууланбайт. Кабак түйбөйт. Турганы турган бойдон. Оор күн. Суу күн. Анткени асманда оор күн, суу күн күлүп турат. Ыржыйып бирөөнүн бирдемеси көрүнгөндөй күлүп турат. Кышкы күн табы жок, алсыз болот. Кышкы карга алы жетсе жетет, жетпесе жок. Кар ээрийт же ээрибейт. Ээрисе кар оор, кар суу. Дарактын денесине шап жабышат. Хоккей ойногон маңка чунактардын тизелери суу болот. Кышында күчтүү, айбаттуу күн тийсе, кара менен актын согушу, урушу башталат.Жердин ар кай жери – кара, ар кай жери – ак. Ак шейшепке кара жамаачы салгандай. Жигиттер баш кийимсиз. Селкилер баш кийимсиз. Жаштар дайым ушундай. «Жылуулуктан сулуулук» дейт жаштар дайыма.Жаштар дайым тескери жүрөт экен. «Бээ» десе – «Төө» дегендей, «Төө» десе – «Бээ» дегендей. Кийинбуга түшүнүп, өзүнчө күлөт экен. Жаштарды кардай кылып колуңда мыкчысаң, муздагы кол какшатат. «Жаштар – ысык» деп бекер эле айтат экенбиз. Оор болушат. Суу болушат. Колума карды алып ушуну ойлойм. Дарактар карыялардай. Ары билгич, ары акылман. А биз жаштар түшүнбөйбүз. Кардай муздакпыз, оорбуз, суубуз. Бирөө алып ыргытса, дарактын денесине жабышабыз очоюп…

1989

Кичине

Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,

Батпай чыгам жан-дүйнөмдүн ичине,

Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…

Айтчы, неге аалам мынча кичине?.

1989

Алыска

Бүгүн сен тигилип алыска,

Көздөрүң муз болуп калгандай.

Билемин, билемин, билемин,

Күткөнүң алыстан жангандай.

 

Досуң жок жүрөгүн тең бөлгөн,

Жолдош жок жоругун баштаган.

Түшүнөм, түшүнөм, түшүнөм,

Жүрөгүң сүйүүдөн ач калган.

 

Шамалга термелбей кош терек,

Шаң дүйнө келгенби калыска?

Жалгыздык, жалгыздык, жалгыздык

Бүгүн сен тигилип алыска…

1989

Айтылбаган суроолор

Багынбаган жүрөк калган мупмуздак,

Бадал болуп өсүп алган Сыноолор.

Басылбаган жара калган тызылдап,

Баёо Сүйүү — айтылбаган Суроолор…

 

Байге койгон сезим болгон эместир,

Байбичелер пайгамбарга ишенген.

Байкабастык басып алып жегендир,

Байкуш жүрөк кордук көрүп кишенден.

 

Баатыр өлгөн Сулуулуктун уусунан,

Байчечекей жайнап чыккан Айлага.

Багыты жок Жылуулуктун куусунан,

Баалуу буюм баш ооруткан кыйлага.

 

Байыр албай күлкүлөрү жүдөгөн,

Байыртадан калган мурас сыяктуу.

Байлап салып арзууларды түлөгөн,

Байкамаксан болуп сезим айыптуу.

 

Бака болуп чардап алган Жоготуу,

Бакан болуп тиреп алган элестер.

Бакшы болуп жүрөгүнө Сооротуу,

Бакыр болуп ашылбаган белестер.

 

Байрак болуп желбиреген Үмүттөр,

Байтак жолдо алыстаган Таарыныч.

Байтал минип Ар-Намысың мүнүшкөр,

Байсал таппай Санаа менен Сагыныч

 

Балекетке айланыптыр Махабат,

Баласы жок калган экен Жалгыздык.

Балапандай оозун ачып Кубаныч,

Балык болуп сөз айталбайт Калыстык.

 

Багынбаган жүрөк калган мупмуздак,

Бадал болуп өсүп алган Сыноолор.

Басылбаган жара калган тызылдап,

Баео Сүйүү — айтылбаган Суроолор…

1989

Жалган дүйнө

Ай десе аты жоктой,

күн десе көркү жоктой,

сулуу кыз качып барат…

Баарыбыз көрүп турдук,

күлүп турдук,

ыйлап турдук,

кубаладык,

жете албадык,

канча күн өткөндүгүн байкабаппыз,

канча ай өткөндүгүн,

канча жыл өткөндүгүн байкабаппыз.

Күлдүрүп келет бизди

баласы замананын,

ыйлатып келет бизди

баласы замананын.

Ай десе аты жоктой,

күн десе көркү жоктой,

сулуу кыз качып барат…

1989

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.