ВИДЕО — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Эки армандын кичүүсү»

ВИДЕО — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Эки армандын кичүүсү»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 29-январь. Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу дүйнөдөн өткөн күн. Бүгүн жылдыгы…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… 

Бүгүн да эскеришет. Эскерүүнүн башын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы министри, Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, коомдук ишмер, композитор, жазуучу Казаков Түгөлбай агабыз ачып бермекчи…

«Эрнис Кафка, Ницшелерди арылай чапкан алпейим жигит болчу»

Эрнис агасы Мелис сыяктуу эле табиятынан татаал да, таланттуу да жаралган бала эле. Бала эмес эмне, менин эсимде бала бойдон эле калбадыбы.

Ал эч кимди туурабаган, эч кимди ээрчибеген, эки ооз сөзгө эбегейсиз чоӊ ойлорду батырган, эч кимге табынбаган, табынса тарыхка сиӊип кеткен качанкы Кафка, Ницшелерди арылай чапкан алпейим жигит болчу.

Эрнис көкүрөгүнө көрөӊгөсү куйа берип, анысы толуп, башкалардай бажылдап, бөксөртүп жүрбөй, анда-санда жаза койгон макала, котормолору жанар тоосунун четин да ойо албай, анысы улам чыӊалып, улам кылкылдап жанына жай бербей, жаат албай удургуган булуттай болуп, буйуккан көкүрөгү бу дүйнөгө батып-батпай буулугуп жүргөндөй сезилчү.

Ошентип жүрүп Эрнис деген жакшы бала жайнаган элдин ичинде жалгыздыгын билип алгандай болду.

Ошол абал анын сапарын тутам кылдыбы дейм.

Эрнистин акындыгын өзүнчө, котормочулугун өзүнчө, журналистигин өзүнчө изилдесе кызык болор эле. Ал эми адистердин илими, эгер алар бар болсо…

Эрнис көп сөздү жаман көрчү эле. Токтотойун.

P.S. Эскерүүлөр «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китепке киргизилет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.