Нурлан КАЛЫБЕКОВ: “Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек»

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: “Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ, гений Эрнис АСЕК уулу былтыр 29-январда дүйнөдөн өткөн. Сөөгү ушул күнү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы  Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

Архивден…

«Кош, ГЕНИЙИМ»

“Үч күн мурда жолугуп сүйлөштүк эле. Июнда 50 жашка чыкмак. Ага чейин, апрелде Опера жана балет театрында 50 жашын жана поэзия кечесин өткөрмөкпүз. Жакында ыр китебин да чыгармакпыз. Былтыр М.Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын кыргызчага которуп, “Турар” басмаканасына тапшырган. Тилек байке чыгармак болгон. Мунун баары чыгар, кечеси да өтөр, бирок, баары авторсуз… Кош, ГЕНИЙИМ…”

29-январь. 2020-жыл

«Жазат, жазганына ыраазы болбойт…»

— Азыр баары эле акын болуп кетти. Окубай, изденбей туруп эле анча-мынча техниканы үйрөнүп алышып, жамактай башташты. Окуганы бир жалгыз Алыкул, аны да мектеп программасы боюнча окушкан. Салижан агай айткандай, китеп жазсам эле тарыхта калам дейт окшойт… Анын үстүнө өпкөлөрдүн өпкөлөнмөй заманы… Искусствонун же адабияттын кайсы түрүн караба, бирдемелерди жаратып алып мактанганга өтүштү. Жарнамасына караганда мыкты окшойт деп карасаң баягы эле…
Биздин муундагы китепти окумак тургай жеп койгондордон ушул жигитти билем. Оң сүйлөгөндөргө тетири сүйлөп, тетири сүйлөгөндөргө оң сүйлөп, асманды айткандарга жерди айтып, жерди айткандарга асманды айтып, акындык натурасы менен стихиясынан чыкпай жашайт, чыга да албайт. “Ыр китебиңди чыгар” десем чыгарбайт, “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын” чыгарганы жатам, ырларыңды бер” десем, “коллективге кошулбайм” дейт. Жазат, жазганына ыраазы болбойт, издейт, издегенин бирде табат, бирде таппайт… Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек.

Күтүү
Наполеондой боюңа
батпай турат ички отуң.
Жаныңды азыктандырып
окуй бербей тытынып,
орозо тут бир азга.
-Китеп өлүк,
тирүү болчу жаткан кезде жазылып –
деди мага бир дервиш…
Генийлердин жандары
кирип алып дүйнөңө,
кете көрбө жарылып.
Сен керексиң антиподу Мелистин*.
Эс алсаңчы, Гималайга кетсеңчи,
убактылуу кечил болуп алсаңчы
(Убактылуу эмес, эмес түбөлүк…).
Кет чокуга,
Кум-шагылдын арасында кор болдуң.
Күн бетине ыр түшүр,
жылдыздарды сүйлөм кылып сүйлөтүп,
көк асманды ойготчу…
(Талкан куюп алгансып унчукпайт да, бул неси?)
Күтөм сенден жарылуу,
дөдөйлөрдүн айынан
кетти менин мээм ачып.
Ар бир тыбыш, тамгасы ырдаган ыр таап кел.
Ал, Кыдыр – ыр сага гана жолугат.

 Нурлан КАЛЫБЕКОВ,

“Ирмемдер” китеби, 2015-жыл

Эрнис АСЕК уулу: “Жер алсам колектеп болсо да үй салат элем”

Деген аруу тилегине жетпей кетти…

2019-жылы, күзүндө Нурлан Калыбеков: “Назира, генийлер өзүнүн баа-баркын, калеминин курчтугун билбей, кежирленип жүрө берет. Гений да, кежир да күйөөӊ бар, анын поэзия кечесин 2020-жылы 28-январда өткөрөлү. Ага чейин ыр китебин чыгаралы, Жазуучулар Союзуна мүчө кылалы. Көндүр. Акын, жазуучу, котормочуларга мүмкүнчүлүктөр бар” деп алдыдагы жакшы пландарын айтты. Аттиӊ, Эрнис кежирленбей, Нурландын сунушуна көнгөндө, поэзия кечеси өзүнүн барында белгиленип калмак экен… Ушул датанын эртеси, 29-январда каза болуп жатпайбы…

Ошентип, Эрнисти көндүргөнчө кыш келди. Жаңы жыл алдында, декабрдын башында: “Байым, Жазуучулар союзуна мүчө болбойсуңбу, жер берет экен” десем, “Чынбы? Анысы жакшы экен. Жер алсак кичинекей, чакан үй салып алат элек э, квартиралабай…” деп кубанды. Себеби, экөөбүз жөө басып жүргөндө же бир жактан келатканда бош жерди көрүп калса, “Ушуну айыл өкмөтүнөн сурап көрүш керек экен. Канча турат болду экен?!” деп эле жер алууга кызыгып жүргөн. Жер алсак, чындап эле үй салмак. Себеби, эркекке тиешелүү иштин баары колунан келчү…

Ошентип, 11-декабрда Нурлан мүчөлүккө кабыл алынган акын, жазуучуларды кеңсесине чакырып, күбөлүктөрүн тапшырды. Жер алам деген кыял менен Жазуучулар союзуна мүчө болду. Жолдо келатканыбызда: “Жалжалым, жер берээри чынбы? Же мени алдап эле мүчө кылдыңарбы? Нурландан элдин көзүнчө сурай алган жокмун. Жерди жазында алып калсак, кышка чейин колектеп болсо да кичинекей үй салат элем” , — деди.

Жети жылда 9 квартирага көчүппүз… «Өзүм квартираласам да, балдарым квартиралабасын» дечү… Акыркы үйүбүз “Арча-Бешик” конушунда болду. 2020-жаңы жылды жакшы тилек менен тостук эле. Январдын ортосунда: “Нурланды үйгө чакырбайсыңбы, жаз эми эле келет. Ага жолугуп, жерди сурайынчы” деп калды. Жолугушуунун убакыт, сааты 26-январь болду. Эки акын бири-бирин көрүп аябай сүйүндү. Билинээр- билинбес кар себелеп, туман басып турду эле… Күн суук. Кафеге кофеге кирдик. Экөө Жазуучулар союзунун жагдайын, абалын сүйлөшүп, Нурлан февралда, андагы президент Сооронбай Жээнбековго акын, жазуучуларды жолуктурарын айтты. “Президентке котормочулар жөнүндө айта турган сөзүм бар, сөзсүз планыңды ишке ашыр!” ,- деди Эрнис. Сүйлөшүүнүн арасында Нурлан “Мастер менен Маргарита” романын кандайча которуп калганына кызыгып сурап калды. “Кара мышык” түшүнө киргенден кийин, эки айда жазып бүтүрүп салганын айтты байым. “Эки айда бүтсөң, «Кара мышыкты» түш көрсөң, анда сени шайтан эле жаздырып коюптур”,- деди Нурлан. “Балким” деп жылмайган, жадырап-жайнап отурган Эрнисимден үч күндөн кийин ажырап калабыз деп Нурлан экөөбүз, дегеле эч ким ойлогон эмес. Арман… Арман…

Көзүнүн тирүүсүндө эле ушинтип байымдын эмгегин барктап, баалап, «Гений» деп, азыр да кайда барбасын Эрнисти оозунан түшүрбөй, чыгармачылыгын мактап,  «Мастер менен Маргарита» котормосунун чыгышына чуркап жаткан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбековго тереӊ ыраазычылык билдирем. Бар бол, Нурлан!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.