Сооронбай Жээнбековдун депутат кудасына мыйзамсыз баюу боюнча териштирүү башталды

Сооронбай Жээнбековдун депутат кудасына мыйзамсыз баюу боюнча териштирүү башталды

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун 54 жаштагы депутат кудасы Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 1-мартта, билдирди.

«Абжалиев кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, «мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн» деп шек саналууда. Ал кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган. Булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланууда» деп жазылат УКМК билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевдин баласы Атабек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө баш кошкон.

Айтмакчы, чет өлкөдө операция болуп, бир аз тыӊыр менен Кыргызстанга кайтып келген УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 18-февралда Баткен облусуна барып, жашоочулар менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Матраимов, башка чиновиктер тууралуу сөз козгоп, «Матраимовдун соту боюнча, мен ошону алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй мүлктөрүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде барып, ошол маалыматтарды топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам. Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөм го деген ойдомун…. Кудай буйруса, азыр биз бул жактан (Баткенден — ред.) саат төрттө учуп кетебиз. Жумушка барып эле президент менен жолугам. Эртеңден баштап көрөсүздөр, биз бир нече чоң чиновникти камакка алабыз. Себеби алар элдин канын сорушкан«, — деген эле…

«Камчыбек Кыдыршаевич айтты эле, качан эми, узарып баратат го убактысы…» деп Ак үй тарапка кулак түрүп, күн санап жатты эле коомчулук… иш башталганбы дейм…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.