ВИДЕО — Мыкты мугалим Уулкелсин Калдымолдоеванын жетимсиреген кабинети, лабораториясы, приборлору…

ВИДЕО — Мыкты мугалим Уулкелсин Калдымолдоеванын жетимсиреген кабинети, лабораториясы, приборлору…

Эсен болуп, эстей жүр!

Бишкек шаарынын тургуну, бир кыз, эки уулдун апасы, жети неберенин, эки чөбөрөнүн чоӊ апа-тайнеси, Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын физика боюнча мыкты мугалими, КРнын Билим берүүнүн мыктысы Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна былтыр, 2020-жылдын 17-июлунда 72 жашында коронавирустан каза болгон.

Ошол азалуу күндөн бери бир жыл өттү… Бүгүн жылдыгы…

Бардык мугалимдер Укен эже деп сыйлап-урматташкан Уулкелсин Жолдошевнаны бир жыл өтсө да жүрөктөр тереӊинде калган жылуу элестерден, окутуу-тарбия ишиндеги артыкчылыктарынан кеп козгоп кайрадан эскерип беришти. Эскерүүнү алгач мектеп директору Белегенова Чынар Джакыпековна баштап берген эле

Эскерүү кебин уланткан математика мугалими Райкан Шатманова Уулкелсин Жолдошевна 1986-жылдан бери далай-далай сабактарды өткөн, ошол кездер жаӊырыктай сакталып калган 207-кабинеттин ичи-сыртына чейин көрсөтүп, маркумдун өз колу менен жасаган класстын жасалгасын, сыймыктануу менен ар бир окуучуга жасаган тесттик эмгектери сакталып турган папкаларды  көрсөтүп, ар бир окуучуга кылган камкордугун айтып сүйлөп берди.

Көздү кубантып класс ичи жайнап толуп турган ар түрдүү гүлдөрүн,  лабораториясындагы жетимсиреген приборлорун көрсөттү… Укен эжей гүлдү сүйгөн, бапестеп багып өстүргөн аялзаты болгон экен…

Өмүр баян… Өмүр сапар…

Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна 1948-жылы 26-мартта Талас районунун Арал айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1965-ж. орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң ошол кездеги Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) физика факультетине тапшырган. Институтту аяктагандан кийин эмгек жолун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында мектептен баштаган.

1970-1972-ж.ж. кесиптик ишин өзү бүтүргөн институтта уланткан.

1972-1986-ж. ж. Фрунзе политехникалык институтунун техникалык физика кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

1986-жылы №64 мектеп-гимназиясына физика мугалими болуп келип, өмүрүнүн акырына чейин — 40 жылга жакын ошол жерде балдарга билим берип эмгектенген.

Уулкелсин Жолдошевна жөн-жай мугалим болгон эмес, ал 1987-1990-ж.ж. шаардык физика мугалимдеринин шаардык секциясынын башчысы болгон. 10-11-класстын окуучулары үчүн эксперименталдык, модификацияланган физика программаларынын автору.  9-11-класстын окуучулары үчүн физика тесттерин иштеп чыгып, түзгөн.ж.ж. шаардык физика мугалимдеринин шаардык секциясынын башчысы болгон. 10-11-класстын окуучулары үчүн эксперименталдык, модификацияланган физика программаларынын автору.  9-11-класстын окуучулары үчүн физика тесттерин иштеп чыгып, түзгөн.

1995-1996-ж.ж. «Мыкты кабинет» сынагына катышып, 1-орунду жеӊип алган. Ошол эле жылы «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болгон.

1996-1997-ж.ж. шаардык, республика боюнча «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, 1-орунду жеӊип алган. Өзү эле эмес, анын окуучулары да жыл сайын физика боюнча шаардык, республикалык олимпиадаларга активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп турушкан.

Бир нече жыл окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон.

Аёосуз адам өмүрүн алган коронавирус бизден алыс узай элек…

Ааламды аралай адам өмүрлөрүн алып жаткан коронавирус илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан башталып, кыска аралыкта эле дүйнөгө жайылган болчу. Бизге, Кыргызстанга 2020-жылы жазында келгени эсибизде: COVID-19 вирусуна чалдыккандар 18-мартта аныкталган.

Ошондон бери коронавируска байланыштуу «мынча адамдан айрылдык, мынча адам айыгып чыкты, мынча адамдан аныкталды» деп «статистиканы» берип келаткан ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-июлга карата берген маалыматы боюнча аталган илдеттен 11 адам көз жумуп, алтоо Бишкекте, үчөө Баткенде, бирден адам Жалал-Абад жана Нарын облустарында кайтыш болгон. Бул оору 1564 адамга жуккан, басымдуусу Бишкекте — 778; Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 205, Ош облусунда — 48, Талас облусунда — 24, Нарында — 24, Ысык-Көлдө — 51, Жалал-Абадда — 85, Баткен облусунда 116 адам коронавируска кабылган. Ушуну менен былтыркы марттан бери COVID-19 тумоосуна 147 968 адам  чалдыгып, 124 058 адам илдетти жеңип сакайып чыкса, тилекке каршы, жазмыш экен, 2165 жараныбыздан айрылганбыз.

Бизден алыс узай элек тумоодон беткап тагынып, тийиштүү тазалып эрежелерин сактап сак бололу, аман бололу, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.