Президент ИИМдин иш-чарасына катышып, курман болгондордун эстелигине гүл койду

Президент ИИМдин иш-чарасына катышып, курман болгондордун эстелигине гүл койду

2021-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Ага президент, Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ИИМ министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, биринчи орун басар, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир шаардык-райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 24-августта билдирди.

Президент ИИМдин иш-чарасына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМдин ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырды.

Андан соң мамлекет башчысы Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышты. Президентке эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн-жыйындарды өткөрүү залы көрсөтүлдү. Ошондой эле  өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурду. Президентке ИИМдин ЖМК жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия борбору көрсөтүлдү. Аны менен катар мамлекет башчысы милициянын кайгуул кызматынын жаңы техникалары, алардын ичинде электрмотоциклдер,  унаалар, курал-жарак, портативдик көчмө радиостанциялары жана башка атайын жабдуулар менен таанышты. Мындан сырткары, милициянын участкалык инспекторлорунун жайкы, кышкы, күзгү-жазгы жана күнүмдүк варианттарындагы жаңы формаларынын комплектисинин макеттери көрсөтүлдү. Аларды ошондой эле кызматтык планшет жана көкүрөк-камера менен жабдышат.

Президент курман болгондордун эстелигине гүл койду

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койду.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекетте тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди толук жана так аткарууну талап кылды.

Сүйүн Өмүрзаковдун баяндамасы

Жыйында республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын кароо, элдик социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарды, жоруктарды алдын алуу, бөгөт коюу чаралары жана калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапаты,  жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо иш-чаралары жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери  каралды.

Коллегиянын отурумунда Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал –майору Сүйүн Өмүрзаков баяндама жасап, республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Негизинен 6 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды, ошону менен катар кемчиликтер да болду. Жетишкендиктер жана алдыга коюлган максаттар боюнча айта кетсем. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2021-жыл мамлекеттик деңгээлдеги коомдук-саясий иш-чаралар менен башталды. Себеби, Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоону өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча  референдумду жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрүүдө 10 миңден ашык кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди аткарып, массалык башаламандыктарга, коомдук жайларда оор жана өтө оор кылмыштарга, одоно укук бузууларга жол берилген жок. Ушундай эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, андан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда коопсуздук чараларын камсыздоо ишке ашырылып, ага 3 миңден ашуун кызматкер тартылды. Апрель айынын аягында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” аймагында чек ара маселеси курч болуп турган кезде, коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сактоо максатында, жалпы 3 миңге жакын кызматкер жогорулатылган тартипте иш алып барышты. 2021-жылдын 4-июнуна караган түнү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында чек-арада коомдук тартипти 400 кызматкер камсыздашкан”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Андан сырткары, элдин көйгөйүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, жарандарды кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн  50 даана автоунаа менен “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы көчмө пункттар ишке киргизилип, иш алып барууда (ИИМ 2, Чүй 7, Ысык-Көл 7, Нарын 4, Талас 4, Ош ш. 4, Жалал-Абад 9, Ош обл. 8, Баткен 5).

Райондордо, анын ичинде алыскы айылдарда жашаган элдин бир тактама алуу үчүн шаардык борборлорго келип, узун кезекке туруп, убара болуусуна бөгөт коюу максатында, Нарын облусунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Талас облусунун Талас жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү пункттары ачылып, ишке киргизилгенин маалымдады.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде элдин социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, тоноочулук, алдамчылык, каракчылык сыяктуу кылмыштарга бөгөт коюп, коомго жат көрүнгөн ар түрдүү окуялардын алдын алуу үчүн жана ички иштер органдарынын “Санариптештирүү” багытында ишмердигин чыңдоо боюнча республиканын аймагында жалпы 230 видео-камералар орнотулуп, ишке киргизилген (87 коомдук жайларга, 130 мал базарларга).

Элдин көйгөйүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, республикабыздын бардык аймактарында жарандарды жеринде кабыл алып, маселесин чечүүгө бардык шарты түзүлгөн 50 даана автоунаа менен “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы эл арасында автоунаа менен жүрүүчү пункттар ишке киргизилди.

Коомчулук менен жеринде иш алып барууну күчөтүү максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында “Коомдук алдын алуу борбору” ачылып, ишке киргизилди. Учурда Республика боюнча 532 Коомдук алдын алуу борборлору милициянын жана жергиликтүү бийлик органдары, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши жана жаштар тобу менен коомдук тартипти сактоо багытында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келүүдө.

Коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында, өзгөчө чек ара аймактарында коомдук тартипти камсыздоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Нарын облусунун Кочкор, Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жаңы имараты курулду. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында, Ноокат районундагы Жаңы Базар айылында милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн имараттары курулуп ишке берилди. Нарын облусунда кызматкерлерге жаңы үй курулуп тапшырылды, Ош шаарында да кызматкерлер үчүн курулган үйлөрдүн курулушу да аяктоодо.

Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун камсыздап, эл тараптан келип түшкөн чакырууларга ыкчам чыгууну жүргүзүп, маселелерди жеринде чечүүгө карата элге кызмат көрсөтүү үчүн, Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылында имараттын курулуш иштери аяктап, ИИМдин Ички аскерлеринин  № 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери жайгаштырылган,-деди Сүйүн Өмүрзаков

Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ички иштер органдарында тарабынан өндүрүштө турган жалпы 76 миң 413 кылмыш жана жоруктар катталган.  Анын ичинде   кылмыштар 43.159, жоруктар 33 миң 254 түзгөн.

Отчеттук мезгилде өндүрүштө турган 37 миң 406 кылмыштардын жана жоруктардын ичинен 20 миң 924 кылмыштын бети ачылып, бетин ачуу 55,96 түздү.  Сотко 14 миң 909 иш жөнөтүлүп былтыркы жылга караганда 49,6% көп жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, 1051 адамдан турган 425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталган.

Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 580 фактыны түзгөн. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 т 910 кг 801 гр баңгизаттар, психотроптук каражаттар жана перекурсорлор алынды. Ошондой эле Сүйүн Өмүрзаков ички тартипти чындоо боюнча да кошумча багыттарды белгиледи.

Улан НИЯЗБЕКОВ: «4 багыт менен иш алып барсак ийгиликтерге жетебиз»

 

Коллегияда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков бул аралыкта ички иштер органдарынын бардык күч-аракети коомдук тартипти бекемдөө, кылмыштуу аракеттерден жарандарды коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга жумшалганын белгиледи. «Бул коллегияда бардык маселелер менен жаралган көйгөйлөрдү ачык талкуулоо зарыл,  анткени биз кемчиликтерди ачык айтып жана аны жоюунун багыттарын белгилеп, начар иштеген жетекчилерге чара көрүшүбүз зарыл«,- деди.

Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып,  айрыкча  элдин көйгөйүн жаратып жаткан ачылбай жаткан уурулук жана тоноочулук фактыларынын ачылышын өзгөчө көзөмөлгө алына тургандыгын белгиледи.

“Өзүңүздөр күбө болгондой, урматтуу Президентибиз “Ички иштер органдары өз милдеттерин таза жана так аткарып, элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишмердигин мындан ары да чыңдоо жөнүндө” бир катар талаптарды белгилеп, тапшырмаларды койду.

Албетте, биз баарыбыз коюлган тапшырмаларды аткарып, элдин тынч жана коопсуз өлкөдө жашоосуна шарттарды түзүп, коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатып, мамлекет башчыбыздын, элдин ишеничин актоого милдеттүүбүз.

Катардагы ар бир кызматкерден баштап, жетекчиге чейин өлкөнүн ички коопсуздугун сактап, элдин тынчтыгы үчүн берген антына бек туруп, сервистик тейлөөнү күчөтүп, коомчулуктун бардык катмарындагы жарандарга жеринде жардам бериши керек.

Бүгүнкү күндөгү милиция эскиден арылып, жаңы кадамдар менен заманбап ишмердик жүргүзүүгө өтүп, бой көтөрүү, текеберленүү, оройлук деген жаман адаттардан арылып, күнү-түнү чарчап-чалыкпастан, жардам сурап кайрылган же жардамга муктаж болгон бардык жарандарды ыкчам жана тез арада тейлеп, анын жыйынтыгында жаман сөз эмес, жакшы алкыш ала тургандай учурду жаратууга мезгил келип жетти.

Биздин катарыбызда жаман кызматкерлер жок, бирок кээ бир жетекчилер кол алдындагы кызматкерлерге туура тарбия берип, учурунда көзөмөлдөп, жетиштүү деңгээлде ишмердикти уюштура албагандыктан айрым учурларда “милициянын аты” булганып калуусуна түрткү болууда.

Буга чейин көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын ишмердигин, аларга түзүлгөн шарттарды жана иштөө ыкмаларын көрүп, кыялданып келдик.

Биз дагы ошондой шарттарды түзүп, керек болсо андан да жакшы ишмердик жүргүзүп, “Кыргыз милициясынын” тарыхында элдин коопсуздугун чыңдоо боюнча жаңы бурулуштарды жасашыбыз керек.

Ошондуктан урматтуу кесиптештер, ишмердикти мындан ары чыңдап, өлкөбүздүн коопсуз өсүп-өнүгүшү үчүн жана заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берүү максатында алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Ички иштер министрлиги мындан ары 4 багытта иш алып барат:

Биринчи: Укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу.

Экинчи: Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден-соолугуна, элдин социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын баардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү.

Үчүнчү: Сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жана акыйкат тергеп,  калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдарын угуп, талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу.

Төртүнчү: Элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, берген антына бекем турган моралдык адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, ишмердикте ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердикти ишке ашыруу.

Жогоруда аталган 4 багыт менен иш алып баруунун натыйжасында, сөзсүз түрдө ийгиликтерге жете алабыз.

Андыктан, 4 багыттагы ишмердик ички иштер министрлигинен баштап, Айылдык милиция бөлүмчөлөргө чейин аткарууга алынуусу үчүн, бүгүнкү коллегиянын жыйынтыгы менен төмөнкү тапшырмалар койомун деди Улан Ниязбеков.

Алар, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратына:

  • Башкы штабга жана тиешелүү кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилерине — Элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдап, заманбап ишмердик жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча Ички иштер министрлигинин 4 багытын ишке ашыруу үчүн “Кадамдык иш-мерчем” түзүлүп, аардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынсын.
  • Ар бир багыт боюнча аткарыла турган иштер жана алдыга коюлган максаттар так белгиленсин.
  • Жер-жердеги баардык жетекчилерге:
  • Кызматкерлердин патриоттуулук сезимин көтөрүү максатында ар бир жуманын дүйшөмбү күндөрү мамлекеттик ГИМНдин коштоосунда, баардык ички иштер органдарында желек көтөрүү иш-чарасы өткөрүлүп турсун.
  • Ар бир жуманын шейшемби күндөрү кызматкерлерди руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча атайын окутуулар уюштурулуп, таалим-тарбия иштери күчөтүлсүн.
  • Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта ишмердик жүргүзүү үчүн, конкреттүү негизде “Бирге аткара турган иштер” боюнча иш-чаралар иштелип чыксын.
  • Жер-жерде орун алган көйгөйлүү маселелер, анын ичинде эл арасында бир топ жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр аныкталып, ар турдүү митинг же нааразычылык акцияларын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жеринде чечүү иштери жүргүзүлсүн.
  • Калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлсүн, анын ичинде “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердиги күчөтүлүп, ишмердиги көзөмөлгө алынсын.
  • Коомго сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүп, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн, жеринде баардык иштөө жана жашоо шарты түзүлгөн, жаңы түстөгү ар бир мезгилге өзүнчө ылайыкташкан формасы, колунда заманбап планшети, көкүрөгүндө эл аралык талаптарга жооп берген боди-камерасы илинген, милициянын жаңы “элдик модели” боло турган Участкалык инспекторлорду ишке киргизүү колго алынсын.
  • Элдик участкалык инспекторлор, бир участокко бир инспектор деген принцип менен ишке ашырылып, шайлоо аймактарына карата бөлүнгөн элдин санына, географиялык шарттарга жараша 2 миң 420 участокко, 2 миң 420 участкалык инспектор ишке киргизилип, аларга берилген планшеттер жана боди-камералар аркылуу ишмердиги көзөмөлдөнсүн.
  • Жол унаа кырсыктарын азайтуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлсүн. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында пропаганда иштери күчөтүлсүн.
  • Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, жабыр тарткан жарандарга жеринде биринчи жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.
  • Элдин арыз-билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иштери сапаттуу тергелип, чындык, акыйкаттуулук, келтирилген чыгымдарды өндүрүүгө аракететтерди көрүү деген принциптер менен иш алып барылсын.
  • Кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча күнүгө өткөрүлгөн нускамаларда эскертилип, айтылып турсун. Пара алуу, уюшкан кылмыштуулукка аралашуу жана башка ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген окуяларга аралашып, милициянын атын булгоо деген учурларга бөгөт коюлуп, жол берилбесин.
  • Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлердин ишмердигине шарт түзүүгө карата имараттарды оңдоп-түзөө, кылмыштуулук же укук бузуулар орун алган участокторго “Милициянын аймактык пунктун”, “Айылдык, шаардык бөлүмчөлөрдү” курууга, кылмыштуулук менен күрошүүнү жакшыртуу боюнча видео-камераларды орнотуу боюнча иштерди алып барсын.
  • Элдин социалдык-турмуш тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга, окуяларга бөгөт коюп, алдын алу профилактикалык иштерди күчөтүп, көйгөйлүү кылмыштарды, окуяларды болтурбоо үчүн жер-жердеги координациялык кеңешмелерде карап, аны чечүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын.
  • Милициянын аткарып жаткан жакшы иштерин толук чагылдыруу максатында жана ошондой эле милициянын баркына шек жаратып, доомат айтылган учурларга жеринде төгүндөө, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн, республиканын аймагындагы ички иштер министрлиигне тиешелүү бардык маалыматтар Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы менен макулдашылып басма сөз каражаттарына кабарланып турсун,- деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетекчилердин ролу тогуз айдын жыйынтыгы менен ал эми жол коопсуздугун сактоо багытындагы маселелер сегиз айдын жыйынтыгы менен карала тургандыгы баса белгиленди.

 ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

5 thoughts on “Президент ИИМдин иш-чарасына катышып, курман болгондордун эстелигине гүл койду

  1. Уведомление: Алакан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.