Милиция кызматкерлери акча чогултуп, балдарга азык-түлүк, окуу курал, белек тапшырышты

Милиция кызматкерлери акча чогултуп, балдарга азык-түлүк, окуу курал, белек тапшырышты
Ички иштер министрлиги Красная Речка айылындагы жатак мектебинин тарбиялануучуларын кубанычка бөлөдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги бир нече мектеп интернаттарын өз камкордугуна алып, жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган балдарга көңүл буруп, жардам берип келет. Салтка айланган кайрымдуулук иш-чарасында бул ирет Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылындагы ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн уюштурулган жатак мектебине барышты.
Анда, ИИОнун кызматкерлери чогулткан каражатка айыл-чарба шаймандарын, азык-түлүктөрдү, окуу куралдарын жана жаңы жылдык таттууларды алып, тапшырып келишти. Жүрөк жылыткан бул кайрымдуулук иш-чарасына ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Талант Райымбеков, кесиптик даярдыкты уюштуруу бөлүмүнүн начальниги Бекболсун Бейшенов жана кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору Азамат Эсенбеков, ошондой эле жатак мектептин директору жана тарбиялануучулары катышты.
Иш-чара учурунда, уюштуруучулар балдарды жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгилик каалап, алып келген белектерин тапшырышты. Андан соң, мектептин ичи жана окуучулардын жашоо-шарты менен таанышып чыгышты. 4 гектар жерди ээлеген 8 корпустуу Красная Речка айылындагы жатак-мектебинде жалпысынан кароосуз калган жана мүмкүнчүлүгү чектелген 140 өспүрүм тарбияланат.
Жалпысынан иш-чарага 130 миң сом каражат сарпталды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.