МАЕК — Нургүл БАКИРОВА: «Атамдын тирүү кезиндеги жаңы жылды эстесем, көзүмө жаш тегеренет»

МАЕК — Нургүл БАКИРОВА: «Атамдын тирүү кезиндеги жаңы жылды эстесем, көзүмө жаш тегеренет»

Ата-энесинен жакшы тарбия алып, мектепте жакшы окуп, 2-класста эле, болгондо да 22-апрель — туулган кγнγндѳ пионерге ѳткѳн Нургүл Бакирова бγгγн Жогорку соттун тѳрайымы. Бул кызматка да былтыр, 22-апрелде шайланган. Жолборс жылы, эскиче жыл сүрүүдө барс жылы деп койчу жаңырган жылда сыртынан сүрдүү туюлган менен турмушта жөнөкөй, адамгерчиликтγγ, боорукер, жароокер, жакшы жар, мээримдγγ эне Нургүл Жакыповна менен саясаттан тыш, ата-энеси, балалык чагы, бир туугандары, үй-бүлөсү тууралуу маек курдук. Маектешγγдѳ кайын агам Мелис (Эшимканов) агабыз тууралуу эскерүүсү жүрөктү жылытты…

Нургүл БАКИРОВА: «2 кг 200 гр болуп кичинекей төрөлүп, ыйлаак да болгон экем»

— Нургүл Жакыповна, уй жылын узатып, жолборс жылын тосуп алдык. Өткөн жыл сиз γчγн кандай жыл болду?

— Ар бир адам жаңы жылды жакшы тилек менен тоскондой, биз дагы үй-бүлөбүз менен 2022-Жолборс жылын жакшы тилек менен тосуп алдык. Албетте, өткѳн жылга саресеп саласың, анализ кыласың. Уй жылы мамлекет γчγн жаман жыл болгон жок, өлкөнүн мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болчу бир топ маанилүү чечимдер кабыл алынып, олуттуу кадамдар болду. Ал эми сот тутуму үчүн маанилүү окуялардын бири, албетте, Кыргызстандын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы менен сот тутумунун ишин жөнгө салган мыйзамдардын жаңыланышы болду. Жаңы парламентти шайлап алдык. Эми 2022-жыл Кыргыз мамлекети үчүн ак жолтой жылдардан болсун! Мамлекет үчүн зор жетишкендиктердин жылы болсун. Элибиз аман, журтубуз эсен болуп, коомубузда ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!
Балалык кезде Жаңы жылды сиздердин үй-бүлө кандай тосчу эле? Андагы жаңы жылдар эмнеси менен эсиңизде калды?

— Балалык кезге кайрылсам эле атамды эстейм. Атам менен тоскон жаңы жылды эстесем, азыркыга чейин көзүмө жаш тегеренет… Биз 4 бир тууганбыз: агам Талантбек, эжем Мира, мен жана эң кенжебиз Жайнагγл сиңдим. Ортончу кыз болуп 1973-жылдын 22-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында жарыкка келгем. Апамдын айтуусунда, 2 кг 200 гр болуп кичинекей төрөлүп, ыйлаак да болгон экем, атам: “он баланын ордуна чоңойтконбуз” десе, “20 баланын ордуна чоңойтком” дейт апам. Ата-энем балдардан мага көбγрөөк көңγл буруп, аздектеп багышыптыр. Бала бакчага барганымда апам мен γчγн кесиби менен иштеп аткан ишин таштап, бала бакчага ишке орношуптур. Атам экөө “Канаттуулар фабрикасында” — атам жетекчи, апам ветврач болуп эмгектенишчγ. Ар жылы атам ишканада жаңы жыл салтанаттарын уюштурчу, ага γй-бγлөбγз менен барчубуз. Апам тикмечи, саймачы, колунан көөр төгγлгөн ууз айым. Баарыбыз балатыга даярданып калганда, кийимдерибизди кооз кылып тигип берчγ. Мектепке барганда да ар улуттун кийимин ар тγрдγγ кылып көркүнө келтирип тигип берээр эле. Кийип барган карнавалдык формам менен баш байгени классташтарыма бербей жγрдγм, дайыма 1-орунду алчумун. Атам болсо, баласаак киши эле, бизди эч нерседен кем кылган жок. Ата-эне мээримине бөлөнγп, бактылуу балалыкта чоңойдук. Баарыбызды жогорку билимдүү кылып, турмушка узатышты. Баарыбыз турмуштан ордубузду таптык. Эже-сиңдим үйлүү-жайлуу. Эжем жеке ишкер, сиңдим ЗАГСта иштейт. Талантбек агам ооруп, 46 жашында каза болуп калган. Балдары айылда. Апам неберелеринин колунда. 75-кышты тосуп, небере келиндеринин тѳрγндѳ ысык чай ичип, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатат. Кудай ушуну кут кылсын!

— Мектепте кандай окугансыз?
— Мектепте жакшы окудум, тирикараак болдум, китепти шар окудум. Тартип катуу болчу, дискотека, кинотеатр, туулган кγнгѳ баруу деген бизде жок эле. Бизге атам болгон мγмкγнчγлγктγ, жакшы шарттарды тγзγп берди. Баарыбыз жакшы окудук. Мен мектепти алтын медаль менен бүттүм. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 1995-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым. Өз кесибим менен 26 жыл эмгектендим. Эмгек жолумду Ош облустук прокуратурасынан баштагам, стажер, тергөө бөлүмүнүн прокурору, облустук прокурордун улук жардамчысы болгом. 1997-жылдан 1999-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде декандын орун басары, «Адам укугу жана демократия» борборунун директору, анан Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунда Атайын юридикалык дисциплина кафедрасынын башчысы болуп иштедим.

«Атама кичинемден ѳзгѳчѳ жакын элем, жоктоо дартын жеңүү мага ѳтѳ оор болду…»

2003-жылдан баштап сот тармагында иштеп келем. Шаардык соттун судьясы, облустук соттун төраганын орун басары, Жогорку соттун судьясы, Жогорку соттун төрагасынын орун басары болдум. 2021-жылдын апрель айынан баштап Жогорку соттун төрайымы кызматын аркалап келе жатам.
Армандуу бир өкүнүчүм, тилекке каршы, атам ушул эмгегимдин баарын кѳрбѳй кетти… Атам кесиби боюнча зоотехник болчу да. Өмγр бою мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеди. 55 жашында инсульт болуп кѳз жумду… Мен атама кичинемден ѳзгѳчѳ жакын элем, жоктоо дартын жеңүү мага ѳтѳ оор болду… Атамдан 20 жашымда ажырадым, а бирок атама болгон сагыныч дале жүрөгүмдө жашап келет…
— Атаңыз да өзгөчө адам болуптур… Атага жакын кыз атага окшош болот деп коюшат го…
— Билесизби, менин Бакир чоң атам бир үйдүн жалгызы болгон экен. Бирок ал киши бүтүн Өзгѳн, Кара-Кулжа тааныган, эл, жер башкарган мыкты инсан болуптур. Кушбак, менин атам Жакып, Ыкыбал деген γч балалуу болуп, бирок атамдар ата-энеден эрте калып, жетимчилик турмуштун азабын тартышыптыр. Атам зирек өсүп, интернатта жакшы окуп, билимин ѳркγндѳтγп, кыйынчылыкты жеңиптир. Атам чечкиндγγ, жыл

«Өзүмдү атама аябай окшоштурам. Мγнѳзγм дагы окшош»…

дыздуу, боорукер, жароокер, кең пейил, меймандос адам эле. Мен 1-курста окуп жγргѳндѳ Бишкекке келгенбиз. Чыкыйып костюм-шым кийген, галстук тагынган адам эле. Адамдар суктанып карашчу. Себеби, атамдын жγзγнѳн нур чачырап турчу. Бир карасаң нурлуу, бир карасаң сγрдγγ болчу. Ал кезде тγшкѳн сγрѳтγбγз бар, өзүмдү атама аябай окшоштурам, окшошмун. Мγнѳзγм дагы окшош. Атамды Отуз-Адыр айылыбыздагы адамдар сыйлачу. Атам кѳп адамдарга жардам берген касиеттγγ адам болчу. Эч ким менен урушкан жок. Урушкандарды да, ажырашкандарды да жараштырчу. Асыл атамдын ушундай эмгегин, кадырын сыйлап айылдагылар бир чоң кѳчѳгѳ Жакып Бакиров деп ысымын ыйгарышкан. Айылым менен мен да сыймыктанам. Биздин айылга бар-жоктун баары эгилет: коон, дарбыз, ашкабак, пахта жана жер-жемиштин түрү. Отуз-Адыр жашылча-жемиштин мекени. Суу проблема болгону менен биздин айылдын эли эмгекчил, эбин таап баарын ѳстγрγп келатышат.

— Баамдашымча, сот болуп калышыңызга деле атаңыздын таасири тийген экен да?
— Кандайдыр бир деңгээлде таасири тийди го деп ойлойм. Себеби, атам кичинемде эле: «Менин кызым чоңойгондо сот болот» дей берчγ… Атамдын тилеги аткарылды деп ойлойм.
— Атанын эрке кызы болгон турбайсызбы?
— Жок, эрке деле болгон жокмун. Ооба, атам эркелетчү, бирок тартипти катуу кармачу. Антпесе, таза эркелеп начар окуп калмакмын да. Отличница, пионерка, комсомолка, активистка болчумун. 2-класста эле пионерге ѳткѳм. Кыргыз тили, орус тили, орус, кыргыз адабият сабактарын жакшы кѳрчγмγн. Ал сабактардан олимпиадага барчумун. Балалык кезим, окуучулук күндөрүмдө менин жашоом жалаң китеп болчу. Ушунчалык китеп окуганды жакшы кѳрчγмγн, бекинип, караңгы жерге барып да окуйт элем. Кыз балдарга тиешелγγ жумуштардан кол бошобойт да, ата-энем бизге кошумча тыгынчык болсун деп мал кармашчу эле, мен китеп окуш γчγн атайын мал кайтарганы чыкчумун. Талаага кой кайтарып кетет элем, бир колумдагы баштыкта тамак-ашым, бир колумдагы баштыкта — толтура китеп. Талаага койду кое берип коюп, шашпай китеп окучумун.

— Кандай китептерди окудуңуз: тарыхый, детектив, комедия, драма?
— Кыргыз жазуучуларынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын баарын окудум. «Бетме-бет»,»Жамийла», «Саманчынын жолу», «Гγлсарат» жана башка. Чыгармаларынын айрымдарына кино да тартылбадыбы. Каармандардан бирин жакшы, бирин жаман көрүп далай бушайманга түшкөм. «Бетме-беттеги» терс каарман Ысмайылды канча жаман кѳрγп жγрдγм. Бечара бирѳѳнγн жалгыз уюн уурдап союп, жесир аялды балдары менен сγтсγз калтырганына ачууландым. «Ак кемедеги» Ороскулду жаман кѳрдγм, аялын сабагандыгы, кайнатасын сыйлабагандыгы, улуу, кары адам дебей бетке чапкандагы зѳѳкγрлγгγн кѳрγп жиним келген. Бир жолу мектептен кыргыз тил адабияттан берген 75 жаштагы Ташматов Бает агайга ошол Ороскулдун образын ачып бергеним эсимде. 6 же 7-класста окусам керек эле. Оң, терс каарманды талдап калдык. Ошондо мен агайга: «Ороскул жакшы киши» десем, мени карап калды. «Эгерде анын баласы болгондо андай зѳѳкγр болмок эмес. Баласы жок болгондуктан жаман адам болду» десем, агай: «Ушуну таап чыктыңбы?» деп таңгалган. Негизи Ороскулдун балага болгон сүйүүсү өтө күчтүү болгон да…
Башка акын-жазуучулардан Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Касымалы Жантѳшов, Аалы Токомбаевдин чыгармаларын окудум. Эң кызыгы Карл Маркстын «Капиталын» окугам. Китепканадан ушул сыяктуу оор, татаал китептерди алып келип окучумун. Сталин, Ленин, Гитлер, Наполеондорду окуп таасирленгем. Ал учурда СССР тарыхын көп окутчу эмес беле бизге….

— Жакшы окуп, 2-класста эле пионер болупсуз, комсомолго да эрте ѳткөн жок белеңиз?
— Комсомолго 13 жашымда ѳткѳм. Башта айткандай, пионерге 2-класста, болгондо да 22-апрелде — туулган кγнγмдѳ ѳткѳм. Лениндин туулган кγнγндѳ тѳрѳлгѳм деп кубанчумун. Дружина кеңешинин председатели болгондо, чоң бир мектептин сыноосунан ѳтγп, жашоомо таасир калтырды десем жаңылышпайм. Себеби, ал учурлар кынаптап куюлган жакшы пайдубал болуп бериптир. Союздук деңгээлдеги лагерлерге бардым, баштапкы уюмдун секретары болдум. Республикалык олимпиадаларга келип, 1-орундарды алып жγрдγм. 9-класста окуп жγргѳндѳ укук таануу сабагынан Бишкекке келип 1-орунду алгам. Республикалык комсомол съездине катышкам.
— Республикалык съезддерде кез келип таанышып калган адамдардан кийин белгилγγ болгондору болсо керек?
— Албетте. Мен 11-класста окуп жатканда, 1990-жылдын апрель айында Москвада ВЛКСМ Борбордук Комитетинин XХI съезди болгон. Мен ошол съездге мектептен Комсомол уюмунан делегат болуп баргам. Ал эми азыркы Министрлер Кабинетинин тѳрагасы Акылбек Жапаров андагы Фрунзедеги политехникалык институтта, ВЛКСМ БКнын мүчөсү, Комсомол уюмунун секретары болчу. Москвадагы съездге чогуу барганбыз. Акылбек Үсөнбекович менен ошондон бери таанышмын.
ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Республикалык съезди Кыргызстанда (андагы Фрунзе шаарында) өткөндө да келгем. Съезд азыркы Кыргыз драма театрында өткөн. Ошондо мен айтылуу Мелис Эшимканов менен таанышкам. Мен мектеп окуучусу болсом, Мелис байке «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштечγ. Менден интервью алып, гезитке чыгарган. Экинчи жолу Мелис байкени студент кезимде троллейбустан жолуктургам. Эс тутуму кγчтγγ экен, мени жазбай таанып, учурашканбыз. Бир канча жылдан кийин, 2007-жылы Жогорку Кеңештин фойесинде жолуктук. Жогорку Кеңеш депутаттары Ош облустук соттун тѳрагасынын орун басарлыгына менин талапкерлигимди карап жаткан кез эле. Анда мен сот системасында иштеп турганыма 6 жыл болуп калган. Мелис байке болсо депутат болчу. Ал кезде депутаттардын макулдугу менен ѳтчγбγз да. Фойеде жолдошум, кесиптештерим менен турсам, Мелис байке боз узун пальтосу менен бат-бат басып ѳтγп кетти. Бирок, шарт бурулуп эле мени таанып, «Бакирова, сен эмне кылып жγрѳсγң?» деп калды. Фамилиямды да унутпаптыр. Жылуу учурашып калдык. Жолдошум менен тааныштырдым, мени ага мактады. Келгенибиздин чоо-жайын айтсам, «колдойм!» деп шашып басып кетти. Кайдадыр шашып эле жγрчγ эле го. Оппозициялык маанайдагы депутаттардан экен. Менин талапкерлигимди депутаттар бир добуштан колдоп, кызматымды бекитип беришти. Азыркыга чейин Мелис байкенин кубанганы кѳз алдымда турат… Эки колун кѳтѳрγп өтө сүйүндү эле. Тура калып кол чапкан. Телефон алышып, биз Ошко кеттик. Катташып турдук. Жолдошумду да жактырып, мактаган. Тγштγк аймагына келген сайын келип турчу.

Биз Бишкекке келгенде γйγнѳ барып, Асел жеңе менен таанышканбыз. Балдарынын аттары да Адам, Миэлла деп бир башкача. Алар кичинекей болушчу. Чай ичип, кабарлашып эле жγрдγк. Америкадагы Жылдыз кызы тууралуу кѳп айтчу…
Анан бир кγнγ эле Мелис байкени ѳтγп кетти деп оор, жаман кабар уктук. Кабыргабыз кайышып аябай жаман болдук. Мелис байке орду толгус инсан эле, мына бγгγн да журналистикада да, саясатта да жетпей турат. Мыкты журналист эле. «Асабанын» ар бир санын γзбѳй окучубуз. Мелис байке ѳзγ айткандай, авантюристтиги менен кγчтγγ гезит чыгарып, мыкты инсан болду. «Асаба» алдыңкы, элдин баары кγтγп окуган гезит эле. Мелис байке мыкты жетекчи болгон γчγн мыкты гезит чыгарды да.

Кубат Жусубалиев тууралуу айтып берчγ… «Бардыгынан чарчап-чаалыкканда Кубат акеге Алайга кетип калам. Тоого чыгып, башка дγйнѳгѳ сγңгγп, депрессиядан чыгып келем. Ал киши эт жебейт. Башкача бир тамактанат, Кубат акенин тамагын ичип, жеп 20 кг арыктап келем» деп айтып калаар эле. Бир жолу жолдошум: «Мелис байке тγштγктγ тγрѳ кыдырып жγрγптγр. Жолдон машинасынын балону жарылып калып, мага чалган. Барсам, машинасынын багажында отун, суу, самоор, казан, идиш-аяк, депкир, азык-тγлγктγн баары бар экен. Анда дагы алардын баарын ѳз-ѳзγнчѳ тыпырайтып жыйнактуу кылып, тизип коюптур. Айбек деген бала менен Кыргызстанды кыдырып жγрγптγр» деп жолдо жγргѳндѳгγ камбылдыгын суктануу менен айтып берген.

Мелис байке ошол кездердеги бир жолугушуубузда 7 айлык болуп тѳрѳлгөнүн, киши болбойт деген жерден киши болуп кеткенин, футболду жакшы кѳрѳѳрγн, топ тепкенден ырахат аларын, «кан басымым жогору, ошондон улам башымдан кан алдыргам» деп, айтор, кобурашып калганда көп нерсени айтып берер эле. Бу киши тууралуу айтып отурсаң, сѳз тγгѳнбѳйт да. Жакшы адам эле, Кыргызстанга керек киши эле. Эмне кылабыз, ѳмγрγ ѳтѳ кыска экен. Жаткан жери жайлуу болсун! Адам менен Миэлланы жалгыз ѳзγ ѳстγрγп келаткан Аселге Кудай кγч-кубат берсин!
— Кудай деп калдыныз Алла Таалага, динге ишенимиңиз кандай?
— Кудайга ишеним бар. Салттуу динди кармайбыз. Курман айт, Орозо, Рамазан айында жыт чыгарып, куран окуйбуз. Апам жасаган оромосун жакшы кѳрѳм. Андай кылып эч ким жасай албайт, бир башкача жасайт.
— Өзүңүз ашканага кандайсыз?
— Жакшымын, тамактын, салаттын тγрγн жасайм. Баарын кылам. Бир гана тиккен жагына жокмун. Сайма сайып, шырдак шыруу дегенге такыр кызыккан жокмун.

— Канча жашыңызда турмуш туткасын кармадыңыз?
— Жолдошум менен 5 жыл сγйлѳшγп жγрγп, турмуш курдук. Чγйгѳ келин болгонума 27 жыл болду. Жакшы жерге туш болдум. Кайын энем 2017-жылы ѳтγп кетти. Ал киши тууралуу сѳз таба албайм, алтын киши эле, бир башкача жан эле. Жумгалдын сулуусу болчу. Жапакеч, адамгерчиликтγγ, жѳнѳкѳй адам эле. Перизат деген атына заты жарашкан, мээримин тѳгγп турган эне эле. Апабыздан 65 жашында айрылдык, инсульттан каза болду. Кан басымы кѳтѳрγлγп кетип кете берди. Мени кызындай жакшы кѳрчγ, атымдан айтчу эмес, «берекем, кѳлѳкѳм» дечγ. 2017-жылга чейин жаман сѳз эмес, жаман кѳз карашкан жокпуз.
— А ѳзγңγз кандай кайын эне болдуңуз, катуубу же жумшакпы?
— (Кγлγп) Кызматыма жараша сурап жатканыңарды тγшγндγм, өзүм деле ушундай кызматта катуу кайын эне болсом керек деп ойлогом. Андай болгон жокмун, жумшакмын. Эки келиним бар, бири Токтогулдан, бири Ысык-Кѳлдѳн. Бирѳѳсү кош бойлуу. Кызыбыз — студент. Ашканада чогуу эле тамак жасап жγрѳ беребиз. Мен бир нерсени келиндериме кѳрсѳтγп, кайра аларга кошулуп ар нерсени жасап жγрѳ берем. Ѳзγм жасаганды жакшы кѳрѳм.
— Салт кармайсызбы?
— Албетте. Келиндерим узун халат, буттарына байпак кийип, жоолук салынып, жγгγнγшѳт. Мен да ошондой келин болгом.
— «Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр» демекчи, кемчилик адам болбойт да. Кайсы сапатыңыз жакпайт жана адамдан кандай сапатты издейсиз?
— Кемчилигим — шашмамын, шашма жагым бар. Адилетсиздикти, интрига, ушакты, кѳралбастыкты жаман кѳрѳм. Менде мындай сапаттар жок. Ушул кызматка келгенде эле коллективге айткам, «интрига болбосун» деп.
— Ары жооптуу, ары кооптуу кызматта отурасыз. Адилетсиз чечим болуп калганда, кандай абалда болосуз?

— Ооба, туура, ѳтѳ жооптуу кызматтамын. Ушул кызматта турганыма атамдын акыл-насааттары мага кγч-кубат берип турат. Атам менен сырдашканда: «Адам адилеттγγ болуш керек. Кызым кийин сот болгондо адилеттγγ сот болот!» деп кѳп айтаар эле. «Сыйлык алса дагы татыктуусу алсын» деп тилейм. Чечим чыгарарда, калыс чечим чыкса экен деп уктабай чыккан тγндѳр да болот. Себеби, бир эле соттун туура эмес чечиминен бардык соттор жаманатты болот. Бардыгына, коллективге да «адилеттγγ болгула!» деп айтып келем. Сот тутумунда 5 миңге чукул кызматкер бар, кайрымдуулук иштерди жасап келебиз. Кайрымдуулук иштерди да атам көп жасачу. Кайрымдуулук бала кезден бери келаткан адат.

— Укканыбызга караганда эки кызды багып алып, турмуш жолуна узатыпсыз. Багып алууга эмне себеп болду эле?
— Ооба, аларды кичинесинен эле багып алганбыз. Алардын бизге эч кандай тууганчылыгы жок. Дегеним, туугандарыбыздын балдары эмес. Бирѳѳлѳр бир кызыбызды тарбиялап берсеңер деп эле колубузга беришкен. Бир кызыбыздын ата-энеси жок болчу. Мээрим, жакшы тарбия берип, окутуп, жогорку билимдγγ кылуу тилегибиз аткарылды. Азыр алар γйлγγ-жайлуу. Бизди неберелγγ кылышкан.

— Сиздерди өкγл балдары да кѳп деп уктук эле…
— Кудайга шүгүр, 28ге чукул ѳкγл кыз, ѳкγл балдарыбыз бар. Башыбызды кемитпесин! Бапырап турган кандай жакшы! Жакшылыктарына тең ортоктош болуп, уулдуу, кыздуу болушса, неберелерибиз көбөйүп жатат деп кубанып келатабыз…
— Кѳп жыл сот тармагында иштеп, эмне таап, эмне жоготтуңуз?
— Ден соолукту жоготтум. Ар бир адамга ѳкγм чыгараарда адилеттγγ чечим чыкса экен дейсиң. Алардын тагдырын ойлойсуң. Ошентип, кан басымын пайда кылып алдым.
— Эмнеге кубанасыз?
— Кубанганым — тынчтыктын ѳкγм сγрγп турганы.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.