Элчи Ибрагим Жунусовдун дипломатиялык миссиясы аяктап, жолугушууларды өткөрдү

Элчи Ибрагим Жунусовдун дипломатиялык миссиясы аяктап, жолугушууларды өткөрдү

Дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстан мамлекетинин Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен 12-январда, 13-14-январда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

А.Камилов менен жолугушууда Ибрагим Жунусов эки мамлекет башчыларынын саясий эрки менен учурда кыргыз-өзбек кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде экендигин, ынак коңшулук мамилелер чыңдалып, өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу өсүүсүн, биргелешкен ишканалар түзүлүп, аймактардын ортосундагы чек ара кызматташуусу жигердүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Ал эми Камилов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн Жунусовго ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, көп кырдуу кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде аймактык өз ара аракеттенүүнүн алкагында боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды.

Өзбекстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аякташына байланыштуу 2022-жылдын 13-14-январында Элчи Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Өзбекстан Республикасынын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана  Хокими Жахонгир Артикходжаев менен  жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, пандемия учурундагы кыргыз-өзбек өз ара аракеттенүүсүн, атап айтканда, Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө өзбек тараптын эффективдүү колдоосун талкуулашты.

Өз кезегинде өзбек тарап Ибрагим Жунусовдун Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси кызматында жемиштүү жана жигердүү ишмердүүлүгүн баса белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ибрагим Жунусов кызматынан качан бошотулган?

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен былтыр, 23-декабрда бошотулганю Анын ордуна Фархат Иминовдун талапкерлиги сунушталып жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мамасадык Бакиров 22-декабрдагы парламент жыйынында айтып чыккан. Анын айтымында, Эл аралык комитетинин тогуз мүчөсү сурамжылоо жолу аркылуу Иминовдун талапкерлигин колдоп, кол коюп беришкен.

Ибрагим Жунусов бул кызматка 2018-жылы келген. Эки жыл алгылыктуу иштерди жасады. Ал 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.