“Голос” долбоорунун жеңүүчүсү, ырчы Александр Волкодав “Маданияттын мыкты кызматкери” болду

“Голос” долбоорунун жеңүүчүсү, ырчы Александр Волкодав “Маданияттын мыкты кызматкери” болду
Бүгүн, 15-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов  “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодавды кабыл алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карагана, жолугушуунун жүрүшүндө, министр А.Волкодавды жеңиши менен куттуктап,  ийгилик каалап, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Кыргыз Рсепубликасынын Министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырган.
«Чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп, мындай дем берүү абдан маанилүү» деп ыраазылыгын билдирген 32 жаштагы Александр Волкодав алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштөө, мындан ары “Пелегеянын” тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болорун айтты. Ошондой эле, ал Кыргызстан дайыма анын көңүл борборунда болоорун баса белгилеп, дайыма байланышта болорун билдирди.
Эске сала кетсек, Александр Волкодав Россиянын «Голос» долбоорунун 10-сезонуна катышып, жеңүүчүсү болгон. Ал финалга ырчы Алишер Каримов менен калып, көрүүчүлөрдүн добушу менен жеңипке ээ болгон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.