ВИДЕО — Аттиң, Алиден айрылып калдык. Боздогон эне баласынын сөөгүн Түркиядан алып келе жатат..

ВИДЕО — Аттиң, Алиден айрылып калдык. Боздогон эне баласынын сөөгүн Түркиядан алып келе жатат..

Күлүм КУРМАНОВА: «Шум ажал баламды алып тынды»

Апластикалык анемия (кызыл сөөк чучукта жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу) диагнозу коюлган 8 жаштагы Али Рустамов Түркияда дарыланып жаткан ооруканада түндө — 15-январга караган түнү көз жумду… Баласынын амандыгын кудайдан тилеп, бирок акча айынан зарыгып, уулунун өмүрүн сактап калыш үчүн туш-тушка чуркап, зарыл болгон 90 000 доллар жыйналбай, топтолгон 10 000 доллар менен көздөн учкан Түркияга жеткен менен Апластикалык анемия боюнча операцияга чейин башка операция жасалып, абалы турукташсын деп баласынын керебетин күзөтүп жаткан Эне буркурап буларды жазды:

Эх, жашоо!.. Жан сыздаткан оору, шум ажал баламды алып тынды. Кыргыз элим, сиздердин жардамыңыздар менен акырына чейинки аракеттер жасалды. Бешенеге тагдыр ушундай жазган экен, балама ушул жашты буйруптур. Уулумдун он гүлүнүн бир гүлү ачылган жок. Бир гана нааразычылыгым, биздин врачтар ушул диагнозду койгондо эле: «Бул диагноздогу оорулар биздин колдон келбейт! Биз айыктыра албайбыз! Элге жалдырайсыңбы, күнүгө кудайчы болосуңбу алып кет!» деп так кесе башында эле айтыш керек эле да. Тилекке каршы, андай врачтар жок. Алар өздөрү үчүн тажрыйба топтоп жаткандай… Алинин көзүнө «Вишневского мазды» балчайта коюп жатышты эле… Көрсө, анын тамчысын да көзгө тийгизбеш керек экен. «Жалдагы» бир реаниматологдун сөзүн айтсам таң каласыңар. Ал боюнча сөзүм көп, узун кеп. «Апластикалык анемияда мындай болгон эмес эле» деп кыла бербей, токтотуш керек эле, кадимки малды кылгандай. Мен муну менен эмнени эмнени айткым келип жатат? Башкалар да биздей болуп жапа чегип калбаш керектигин чыркырап айткым келди. Дары коюп жатканда кагаздагы инструкцияны мурунтан окуп, билиш керек экен. Мына, ушунун баарына көз жумуп коюп, уулум айыгып, Кыргызстанга аман-эсен кайтабыз деген аруу тилегим бар эле. Ал тилегиме жетпей калдым, арман…

Жакшы тилек менен Түркияга учуп кетишти эле…

Аттиң, биздин да Али айыгып кетет деген тилегибиз, үмүтүбүз күч эле…

Жарыкка келген 8 жашынын мекениндеги соңку күндөрүн Бишкек шаарындагы Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо улуттук борборунда 8 ай дарыланып өткөргөн Алиге операция Түркияда жасалмак болчу. Ага апластикалык анемия (кызыл сөөк чучукта жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу) өткөн жылы 19-майда коюлган. Оору белгилери сасык тумоодон улам ачык байкалып чыккан. Май айында мойнунан операция болгон. 12-сентябрда кайра ооруканага  жатып, жаагынан операция болгон. Ноябрдын ортосунда кулагынан операция болуп, абалы оорлошо тъшкөнън апасы Күлүм айтты эле…

Али Кыргызстандан Търкияга учуп кеткенче донордук кан менен гана жашоо улантып келди. Костный мозгду (кызыл сөөк чучугун)  трансплантация кылуу үчүн 90 миң доллар керек деп, ата тарабы, тай тарабы колдон келген жардамдарын аянбай, бирок бардыгында эле чектелүү турмуш, чектелүү тиричилик болгондуктан, боорукер, кайрымдуу элден жардам сурап кайрылууга аргасыз болушкан… 19-декабрда Бишкекте кайрымдуулук концерт да өткөрүштү…

Бирок, тилекке каршы, керектүү сумма толук чогулбай калды… Алинин абалы улам оорлоп бараткандыктан, ата-энеси Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында Эмсей клиникасынын врачтары менен сүйлөшүшсө, алар  90 миң долларды бөлүп-бөлүп төлөө макулдугун беришкен. Жыл жаңырардан аз күн мурун — 26-декабрда Түркияга учуп кетип, Али жаткырыла турган «Эмсей» клиникасына жетишкен болчу… Бирок ал жакта да Алиге негизги операциядан мурун бир нече операция жасалышы керектиги билиниптир…

«Балам, «Апа, бир көзүм кана?» десе, эмне деп жооп берем?»

Түркиядагы Күлүм менен Вотсаптан байланышып турдук. Уулунун ден соолугун сурап жазганыбызда, Алиден трепанобиопсия алынганын, тамакка табити чаппай жатканын, «Балам тамак ичпөөнүн шылтоосун кылып: «Мен кыргызстандыкмын, ошол жактын тамагын жейм» деп атат» деп, көзү, мурду, кулагына врачтар кайра операция кылганы жатканын жазды эле.

«Бир көзүнө пластикалык көз салыш керек экен, бир көзүн алышат. «Көзүм кана?» деп балам кыйнайт го» деп айлам түгөнүп, тирүүнүн өлүгү болуп, жанымды коерго жер таппай, сыздап, боздоп, көз жашымды жайып отурам. Жашым менен бетимди жуугандан башка колумдан эч нерсе келбейт экен. «Мынча кыйналсак, анда жашоого эмне келдик? Баламда эмне күнөө?» деп зар какшап отурам. Кандай гана тыкылдаган балам бар эле. Тентек кылса да, чыр кылып ыйласа да көзүмө гүл сунуп жаткандай мага жагат эле. Бир канча максаттары бар эле Алимдин кичинекей болсо да» деп ЭНЕЛИК мээрим, тынчсыздануу, уулуна болгон ченемсиз сүйүүсүн көз жашка чылап 6-январда жазды эле…

90 миң доллар… Эненин бир чүрпөсүнүн өмүрүн сактап калыш үчүн ушунча акча керек эле… Бул сумманы бир эле берип койчу адамдар деле бар… Ошончо акчаны бекерге чачып, шапар тээп өмүр кечирип жаткандар да жок эмес… Өзүнө жетпеген турмуш өткөрүп жатса да, акыркысын бөлүшкөнгө даяр боорукер адамдар да бар…

90 миң доллар… Али диагнозу анык болгон акыркы 10 айда ата-энеси менен элден үмүт этип зарыгып  күткөн сумма… Күлүм жазды эле, баарыбыз «бир кудайдын колундабыз. Ошенткен күндө да сиздер бизге себепчи болушуңуздарды суранабыз» деп...

Күлүм, энелик сабалаган жүрөгүң менен болгон күчүңдү жумшап, дуба-тилек кылып уулундун кашында болдуң. Баарыбыз бир Алланын колунда экенбиз… Колдон келгендин баарын кылдың, кайрат кыл!

Али, кыйналган балапан жүрөгүңө канча тилекти, максатты жыйнап кеттиң. «Жашагым келет» деп, эң башкы тилегиң — сейрек кездешкен оорудан айыгуу эле…  Аттиң… Кош бол, алтын бала…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Алинин ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт! Эне күйүтүн, ата күйүтүн эч кимибиз жеңилдете албайбыз. Сабыр кылыңыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.