Камила ТАЛИЕВА: «Кыргыз-тажик чек ара боюнча маалыматы жок элчини издеген эле эл. Ал кайда?»

Камила ТАЛИЕВА: «Кыргыз-тажик чек ара боюнча маалыматы жок элчини издеген эле эл. Ал кайда?»

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги отурумга чогулуп, күн тартибиндеги маселени талкуулашууда. Парламент жыйынында «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Камила Талиева 10 мүнөт сүйлөп, эл издеп жаткан элчинин ролун аткарды. Тагыраак айтканда, депутат Кыргызстан менен Тажикстандагы чек арадагы азыркы абал, жабыркаган жарандарыбыз боюнча учкай маалымат берип өттү.

Эл өкүлү Камила Талиева былтыркы Баткен облусундагы Лейлек районундагы баш аламандык окуяны эске салып, анда жабыркаган Арка айылындагы жарандардын барбаган жери, какпаган эшиги калбаганын билдирди. Депутаттын айтымында, Арка айылында 22 үй тонолгон. Алар ушул убакка чейин компенсация ала албай жүрөт. Бул маселе Министрлер кабинетинин вазыйпасы экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, ал Баткен облусундагы Максат, Кулунду айылы Тажикстан менен чектеш чек арадагы участоктогу жол талаш тууралуу да айтып өттү. Тажик тарап мыйзамсыз иштерди кылып, биздин жарандарга басым-кысым жасап жатканын, алар биздин жарандарыбызга ар кандай шарттарды коюп жатканын баса белгилеп, алардын андай мамилеси ызы-чууга алып баратканы тууралуу бийликке коңгуроо какты. «Ушул маселе боюнча биздин Тышкы иштер министрлиги Тажикстан тарапка нота бериш керек эле. Элчи кайда? Элчини издеген эле эл. Биздин ондогон жарандарыбыз абакта отурат. Алар Тажикстандын беренеси менен камалып отурат. Элчи ал маалыматты билбейт. Ошондон улам, биз элчинин дагы маселесин карашыбыз керек болууда«,-деди.

Көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келет…

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 29-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Депутат Камила Талиева дал ушул көйгөйлүү маселени бийликке, эл таппай жаткан элчиге эскертип жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Ой, ким бул, ой?

73 жаштагы элчинин эмгек жолу эми укмуш…

Эми эч нерсе кылбай келаткан элчиге келсек… Бул адам ким? Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбековду элчи болгондон бери издеп келатабыз. Ал 2018-жылы, андагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 73 жаштагы Жаныш Рүстөмбековдун өмүр баянын карасак, бул киши жалан таасирдүү, майлуу кызматтарда иштеп келатыптыр.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь айылында 1949-жылы 25-сентябрда туулган элчи Москва энергетикалык институтун аяктап, инженер кесибине ээ болгон. Эмгек жолун кесиби менен баштаган. Алгач «Киргизглавэнерго» ишканасында инженер, башкы инженер болуп иштеген. Андан кийин, 1975 – 1977 —жылдары Ленин коммунисттик жаштар союзунда инструктор, сектор башчысы; 1977 – 1981 — жылдары Фрунзедеги Ленин райондук комитетинде Ленин коммунисттик жаштар союзунда биринчи катчы; 1981 – 1984 — жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Ленин райкомунда өнөр-жай бөлүмүнүн башчысы; 1984 – 1987 —жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитетинде партиянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчи орун басары; 1987 – 1992 —жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аткаруучу комитетинин башчысы; 1992 – 1993 —жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими; 1993 – 1994 —жылдары президенттик аппаратта мамлекеттик катчылык менен аппарат жетекчилигинде эмгектенген; Бир жыл (1994 – 1995 —жылдары) Мамлекеттик катчы болгон; 1995 – 1996 —жылдары Ош облусунун губернатору; 1996 – 2000 —жылдары Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору; 2000 – 2005 —жылдары Жогорку Кеңеште эл өкүлдөр палатасынын депутаты; 2005 —жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарып, эки жыл (2005 – 2007 —жылга чейин) Өзгөчө кырдаалдар министри болгон; 2007 – 2011 —жылдары Кыргызстандын Казакстандагы элчиси; 2014 –2018-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенген. 2018-жылдын декабрь айынан бери Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси.

Мына, окурман! Жаныш Рүстөнбеков 4 жылдан бери элчи экен. 4 жылдан бери эмне иш кылды?.. Жогоруда депутат Камила Талиева айткандай, элчинин маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек! Эл таппай жаткан элчинин «укмуш өмүр баянын» карап отура беребизби? Элди ойлогон, чек арадагы чырды өз убагында чече билген ишбилги элчи бул кызматка келиши керек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Камила ТАЛИЕВА: «Кыргыз-тажик чек ара боюнча маалыматы жок элчини издеген эле эл. Ал кайда?»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.