ВИДЕО — Тулаев Баткендеги чек ара чыры эмнеден башталганын журналисттерге айтып берди

ВИДЕО — Тулаев Баткендеги чек ара чыры эмнеден башталганын журналисттерге айтып берди

Бүгүн, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Андагы айылдардын тургундары көчүрүлүп жатканы тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылууда.

Тулаевдин айтымында, президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, райондун акими жана айыл өкмөт башчысы чыр чыккан жерде экенин «Турмушка» билдирген. Ал чыр эмнеден чыкканын жана атышуу токтоло электигин айтып берген:

Камила Талиева кечээ коңгуроо какты эле…

Кечээ эле парламент жыйынында «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Камила Талиева  чек ара боюнча тынчсызданып, бийликке эскертти эле. Ал тажик тарап мыйзамсыз иштерди кылып, биздин жарандарга басым-кысым жасап жатканын, алар биздин жарандарыбызга ар кандай шарттарды коюп жатканын баса белгилеп, алардын андай мамилеси ызы-чууга алып баратканы тууралуу бийликке коңгуроо каккан болчу…

Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.