«Социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө чектөө киргизиш керек!» дептир Нарматова. Эмне дейли?..

«Социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө чектөө киргизиш керек!» дептир Нарматова. Эмне дейли?..

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Надира Нарматова Баткен облусундагы чек арадагы жаңжал боюнча пикирин билдирди. Ал “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын бүгүнкү, 28-январдагы чек ара маселеси боюнча отурумунда, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө чектөө киргизүүнү сунуштаптыр. Бул тууралуу 24. kg жазып чыкты.

«Бул тема абдан оор. Өзүн патриотмун деп ойлогондор түз эфирге чыгып, ар кандай билдирүүлөрдү жасаганга тыюу салыш керек!»

Анын айтымында, социалдык тармактарда өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген маалыматтар таркалууда. «Бул тема абдан оор. Өзүн патриотмун деп ойлогондор түз эфирге чыгып, ар кандай билдирүүлөрдү жасаганга тыюу салыш керек! Мамлекет өз иши менен алек болушу керек! Эл дагы сабырдуу болуп, чагымчылдыкка алдырбашы керек!«,-дептир депутат. Анын айтымында, Төрт-Көчө маселеси да соңку убакта апыртылып жазылып жаткан имиш.

«Шайырбек Ташиевди эл шайлаган, болгондо дагы бир мандаттуу округдан келген. Ал аягына чейин иштеши керек!»

Чынын айтыш керек, Надира Нарматова депутат болуп келгенден бери чеке жылытаарлык сөз айта элек. Мына, кечээги эле, 27-январдагы жоругун айтсак, кесиптеши Шайырбек Ташиевдин мандатын коргоп чыкты.  «Мандат тапшыруу Ташиевдердин үй-бүлөлүк чечими болсо керек. Бирок, элдин талабы бар да. Фракциялаш катары жеке пикиримде, ар кандай кырдаалда ата балага, бала атага, бир тууган бир тууганга жооп бербейт. Аны эл шайлаган, болгондо дагы бир мандаттуу округдан келген. Ал аягына чейин иштеши керек. Аманатка кыянат кылбай элдин берген ишеничин, тапшырмасын аткарышы зарыл”, — деп чырылдаганын «Азаттык» жазып чыкты.

Ал эми Шайырбек Ташиев өзү бул жыйынга чейин мандатын тапшыруу үчүн аталган фракцияга кайрылган. Ал маселе 26-январдагы жыйында каралган. Ал жыйындын алдында Бишкекте он чакты адам анын мандатын тапшырышына каршы пикетке чыгышкан. Нарматованын чырылдаганын улам, «он чакты адамды уюштурдубу?» деген да ой кетет экен…

«Саясатта бир эле Ташиев болот, Шайырбек иним шаршемби күнү жалпы жыйында мандатын тапшырат»

Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун окуясынан кийин, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын билдирген. Ал: «Саясатта бир эле Ташиев болот, Шайырбек иним шаршемби күнү жалпы жыйында мандатын тапшырат«,-деген болчу.

Мына эми, караңыз, биз эмне деген маселе менен алек болуп келдик?! Баткендин жашоочулары чек арадагы коопсуздук боюнча социалдык тармактарда чыгарып, бийликке коңгуроо кагып келди. А бирок биз болсо ушундай иштер менен алектенип келдик. Болбосо… Гулпери Жанышбековна аттуу жараныбыз чырылдап эле жатты… Баткендеги чек ара маселеси боюнча депутат Камила Талиева да парламентте айтып, чырылдады эле го.. Анда эмне Нарматова чырылдап чыкпайт?..  Баткендеги туугандарыбыз социалдык тармактарга чек арадагы абалды билдирип турбаса, биз эмне болуп жатканын кайдан билебиз, урматтуу Надира айым!

И баса…

Нарматова Надира депутат айым буга чейин да мамлекеттик телевидениеден башка телевидениелер парламенттеги сессияны түз эфирге чагылдырууга тыюу салууну сунуштаган болчу. Ал эми өзүнчө чоң кеп. Азыр бардыгыбыздын жүрөгүбүздө Баткен турат. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен болгон чындыкты жазып туралы, туугандар!

Баткеним, менин Баткеним! Эртерээк тынчтык орносун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.