Көк-Таш окуясы: ким биринчи ок чыгарып, кол салды? ИИМдин билдирүүсү…

Көк-Таш окуясы: ким биринчи ок чыгарып, кол салды? ИИМдин билдирүүсү…
Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 27-январда, саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.
Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.
Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Бул факт Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.