Улан НИЯЗБЕКОВ: «Айдоочулук күбөлүктү сатып, акча алгандардын орду биздин катарыбызда эмес, түрмөдө»

Улан НИЯЗБЕКОВ: «Айдоочулук күбөлүктү сатып, акча алгандардын орду биздин катарыбызда эмес, түрмөдө»
Бүгүн, 28-январда ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Октябрь Урмамбетов. Эркебек Аширходжаев “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчилик курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, министр  президент Садыр Жапаровдун (2021-жылдын 7-декабрында № 548 сандуу “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”) Жарлыгы чыгарылып, анда “Унаа” мамлекеттик мекемесин, Жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө функциясын, айдоочуларды окутуп, даярдоо лицензиясын ИИМге тапшырылып, Жарлыктын негизинде, Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынып, учурда мекемени өткөрүп алуу процедурасы аяктоонун алдында турганын билдирген.
Улан Ниязбековдун жолугушууда сүйлөгөн сөзү:
Буга чейинки “Унаа” мекемесинде орун алган, эч нерсеге жооп бербеген мамиленин натыйжасы жалгыз мекемеге эле эмес, бүтүндөй элге терс кесепетин тийгизип жыйынтыгы кординалдык чараларды көрүүгө алып келди деп билсеңиздер болот. Эң башкысы “Унаа” мекемесинде мыйзам бузуучулуктар, пара алуу, коррупцияга аралашуу, ортого түшүп акча жасап, элдин тагдырын, ден соолугун, бүткүл жашоосун убактылуу акчага алмаштырууга багытталган бардык мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлөт. Кимде ким пара алып, коррупцияга аралашып, иштин кызыкчылыгын саткан болсо, анда териштирүү жүргүзүлүп, юридикалык баа берилет. Таза эмес, өз ишин акчага саткан, адам өмүрү деген баалуулукту тепселеген кызматкерлердин орду биздин катарыбызда болбошу керек. Окууларды жүргүзгөн авто-мектептерге жана эл ташыган унааларга лицензиялар кандай тартипте берилип жаткандыгын көзөмөлгө алып, мыйзам бузуулар же кемчиликтер аныкталса ага да териштирүү жүргүзүлөт.
Азыркы учурда жол кырсыктарын алдын алып, коомго тийгизген ар түрдүү терс кесепеттерге бөгөт коюу учурдун талабы. Коомубуз жол кырсыктарынан зыянга учурап, канчалаган жаш балдардын жаны кыйылып, канчалаган жаштар өмүр боюу ден соолугунан ажырап, үйүнө жетпей көз жумган карыларыбыздын канынан коркпостон айдоочулук күбөлүктөрдү сатып, акча алгандардын орду биздин катарыбызда эмес, алардын орду түрмөдө болушу керек.
Дүйнөдө адам өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок. Ошондуктан, жол кырсыктарынан улам оор тагдырга туш болгон жарандарыбыз болбошу керек. Андыктан, биздин алдыбызда бир гана милдет бар. Ал милдет – коомубуз үчүн таза иштеп, элибиздин жол кырсыктарына кабылуусуна бөгөт коюу болуп эсептелет. Анткени, жол кыймылынын коопсуздугу маселесин өлкө башчыбыз жеке көзөмөлүнө алып, Министрлер кабинетинин төрагасы көңүл буруп, элдин суроо-талабы менен ишке ашып жаткан ушул кадамдар — абалдан чыгуу үчүн эмес, реалдуу түрдө өзгөрүүгө барууга жасалып жаткан иш-аракеттер деп билиңиздер. Туура багыттагы ишмердик жүргүзүүнүн жыйынтыгында жол кырсыктарын азайтып, коомго келтирилген коркунучтарды жок кылууга карата иш алып баруу баарыбыздын милдетибиз.
Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы менен “Унаа” мекемесинин кызматынын алдына 7 пункттан турган багыттамалык тапшырмаларды койомун.
Биринчи: “Унаа” мекемесинин, анын ичиндеги бөлүмдөрүнүн ишмердигин жөнгө салган Жобо жана ченемдик-укуктук актылар Ички иштер министрлигинин функцияларына шайкеш келтирилсин.
Экинчи: Элге сервистик тейлөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүп, ишмердикти үзгүлтүккө учуратууга жол берилбесин. Коррупцияга аралашуу, пара алуу, жарандарга оройлонуу, өз милдетин аткарбоо, иш убактысында жеке иштер менен алектенүү, бири-бирине арыздануу, өз кызыкчылыгын ойлоо деген жаман сапаттарга, мыйзам бузууларга жол берилбесин.
Үчүнчү: Айдоочуларга күбөлүктөрдү берүүдө катардагы кызматкерден баштап, биринчи жетекчилерге чейин жогорку жоопкерчилик болсун.
Төртүнчү: Ишмердикти санарип ыкмасы менен мындан ары өнүктүрүү боюнча заманбап сунуштар иштелип чыгып, камсыздалсын. Ар бир жүргүзүлгөн жаңы кадамдардын жыйынтыгы элге ыңгайлуу шарттарды жаратууга алып келсин.
Бешинчи: Мыйзам чегинде иш алып барып, элге ак кызмат кылып, анын натыйжасында жол кырсыктарына бөгөт коюлган абалга жетүүгө карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барылсын. Кызматкерлердин кызматтык тартиби, ишке болгон туруктуулугу көзөмөлгө алынсын.
Алтынчы: Айдоочулардан экзамен алуу тартибинин эрежесин оптималдаштыруу, эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы программалык багыттарда даярдап чыгаруу боюнча сунуштар иштелип чыгып сунушталсын.
Жетинчи: Ички иштер министрлигинин жана жер-жердеги ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүктөрү менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жол кырсыктарынын санын азайтууга, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарына бөгөт коюуга жетишкен жагдай түзүлсүн.
Айтылган жети пункттун аткарылышы, мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандарга болгон сервистик тейлөө ИИМдин Ички иликтөө кызматы, Тергөө кызматы жана бир катар ыкчам кызматтар тарабынан дайыма үзгүлтүксүз көзөмөлдө болот.
Эгерде, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин ишмердиги оңдолбосо, элдин нааразычылыгы орун алса, элге сервистик тейлөө көрсөтүлбөсө анда орчундуу чечимдерди кабыл алып, мекемени түп тамырынан бери өзгөртүүгө алып барабыз. Муну ачык айтып коюшум керек. Мындан ары заманбап “Унаа” мамлекеттик мекемесин өнүктүрүү жана элди тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптешкен багыттар менен заманбап ишмердик жүргүзүүгө өтөбүз. Сиздерге бир ай сыноо мөөнөтү берилет. Убакыт абдан тар. Эгерде бир айда бүгүнкү кеңешмеде орун алган кемчиликтер дагы кайталанып, берилген тапшырмалар аткарылбаса, милдетин аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.