ВИДЕО — Тажик тарап менен жолугушууга барган Камчыбек Ташиев маалымат берди

ВИДЕО — Тажик тарап менен жолугушууга барган Камчыбек Ташиев маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы бүгүн, 28-январда, эртең мененки саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экендигин билдирди.  Алардын маалыматына таянсак, «Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана «Головной» аймактарында абал стабилдүү. Түн тынч өттү.

Баткен облусуна барып, тажик тарап менен жолугушууга барган УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да абал турукташканын журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул окуяны түнү менен президент Садыр Жапаров да көзөмөлдөгөн. Эч кандай жоготуу болгон жок. 11 аскер кызматкери жаракат алып, ооруканада. Бүгүн саат 11:00до тажик тарап менен жолугушуп, көптөгөн маселелер чечилет. Тажик тараптын келишимдерди одоно бузгандыгы боюнча комиссия түзүлөт, алар бардыгын текшерип чыгат.

ВИДЕО

Эске сала кетсек, кечээ, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, кечки саат 17:00 чамасында Тажикстан тарап Баткен районундагы чек арада жайгашкан Төрт-Көчө жолун жаап салганы, ок атылганы маалымдалган. Президенттин Баткен облусундагы өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев кары-картаңдар, аялдар, балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылып жатканын журналисттерге билдирген.

Чек арадагы жаңжал боюнча толук маалыматты «Турмуштан» окусаңыздар болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.