“Кана эмесе, кыздар!” оюнунда кайсы окуу жайдын кыздары жеңишке жетти?

“Кана эмесе, кыздар!” оюнунда кайсы окуу жайдын кыздары жеңишке жетти?

Бүгүн, 2-марта Кыргызпатенттин инновациялык борборунда Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе, кыздар!” аталышта интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Аталган оюнга Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Иш-чара “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан, Кыргызпатент жана Кыргызстан эл аралык университетинин көмөгү менен уюштурулду. ЖОЖдордун студент кыздары интеллектуалдык менчик жана аялдардын укугун коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар боюнча билимдерин сынашты.

Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында 1-орунду «Назик» (КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы) , 2-орунду «Аруузат» (Ж. Баласыгын атындагы КУУ), ал эми 3-орунду «Сымбат»(Кыргызстан эл аралык университети) командалары багындырышты. Жеңүүчүлөр дипломдор жана өнөктөштөр тарабынан баалуу белектерге ээ болушту.

Катышуучулар үчүн Инновациялык борборго экскурсия уюштурулду.

Кыргызпатенттин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.