Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик туу күнү белгиленди
Бүгүн, 3-мартта ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып, ага ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана өздүк курамы катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков бүгүн мамлекеттин тарыхын, мамлекеттик Гимнди жүрөгүбүз менен ырдап, өлкөбүздүн бийик символу болгон Мамлекеттик тууну желбиретип көтөрүп, даталуу күн, Мекенин сүйгөн бардык жарандар, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери үчүн абдан маанилүү экендигин айтып, “Мамлекеттик туу күнү” менен куттуктады.
Ошондой эле министр Мамлекеттик туунун тарыхы жөнүндө кыскача баяндама жасады:
— Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан туубуз мындан 30 жыл мурда, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдор болгон. “Манас” эпосунда: Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу, Көк асаба кызыл туу, Көк жаңырган улуу чуу”-деген саптар, Кыргыз элинде мамлекеттин символу байыртадан бар экенин далилдейт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туудагы кырк нуру тегиз чачыраткан күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат. Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Ошентип кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелеп турат.
Туунун кызыл түсү — кубаттуулук менен кайраттуулукту билдирсе, жаркыраган күн — түбөлүк менен өмүрдү билдирип, түндүгү – ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат. Ата-бабаларыбыз тууну бекем тутуп, аны ыйык сактап, кийинки муундарга мурас катары өткөрүп, жогорку ишенимге жол көрсөткөн. Ошондуктан, 30 жылдан бери туубуз өңү-түсүн жоготпой, эл аралык деңгээлде маанилүү орунду ээлеп, мекенибиздин жашоочулары байыркы кайратман калктан куралып, кыйын күндөрдөн чыңалып, сыноолордон сынбаган элден экендигинен кабар берип келүүдө. Даңазалуу элибиз бүгүнкү күнгө чейин өз жерин, улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин, каада-салт, үрп-адаттарын жана ыйык тууну аздектеп келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Себеби, туунун жыгылганы – душмандын колуна түшкөнгө же жеңилгенге тете болгон.
Мындан 30 жыл мурун, 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Туунун авторлору беш киши болушкан. Жусуп Матаевден сырткары авторлор тобуна Эдил Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаров кирген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар.
ИИМдин Басма сөз кызматы