ВИДЕО — Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мыйзам бузууларга жол берген соттордун жоопкерчиликтерин карайбыз!»

ВИДЕО — Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мыйзам бузууларга жол берген соттордун жоопкерчиликтерин карайбыз!»

Бүгүн, 4-мартта мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайы болуп өттү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактардан келген судьялар, Президенттик администрация, Коопсуздук кеңеш, күч структуралар, Жогорку Кеңеш, сот ардагерлер, адвокаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Садыр ЖАПАРОВ: «Сот системасы миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт»

Президент Садыр Жапаров  бүгүнкү иш-чара — сот системасы үчүн эле эмес, бүткүл өлкө үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчы: “Анткени сот системасы— судьялардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү гана эмес, өлкөнүн, анын миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт. Андыктан азыркы сот системасынын алдында турган маанилүү милдеттерди терең талдап, соттор тууралуу айтылып жүргөн көйгөйлөрдү жоюу жолдорун аныктап, бүгүнкү курултайды конструктивдүү өткөрүү зарыл! Сот тутумундагы сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу, судьялардын статусун жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин бекемдөө, сот өндүрүшүнүн, процессуалдык жана материалдык укук ченемдерин оптималдаштыруу — мунун баары абдан маанилүү! Ошого байланыштуу сиздерге жемиштүү иш, реалдуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууну каалайм”, -деди.

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Ишти кароонун айлап, жылдап мыйзамсыз созууну токтотуу керек!»

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков коомчулуктун сотторго айтылып жаткан сын-пикирлерин моюнга алуу менен, айрым учурларда бир жактуу каралоо болуп, соттордун ишине болгон кийлигишүүлөргө реалдуу бөгөт коюу керек экендигин айтты. “Азыркы кезде сотторду түйшөлткөн чоң көйгөйлөрдүн бири- ишти кароонун айлап, жылдап мыйзамсыз созуу же негизсиз ишти токтотуу болуп жатат. Буга сөзсүз бөгөт коюлат! Тез аранын ичинде мындай мүчүлүштүктөрдүн келип чыгышынын себептери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам бузууларга жол берген соттордун жоопкерчиликтерин карайбыз”, -деп, Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, ар бир судья акыйкаттан тайбаган, кара кылды как жарган, калыс жана адилеттүү болушун айтты.

Курултайдын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин аткарган иши боюнча маалымат берилип, аталган кеңештин жаңы курамы  шайланды. Судьялардын курултайынын резолюциясы кабыл алынып, Жогорку  сотунун жана Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары сот тутумунун бир катар кызматкерлерине ыйгарылды.

Президент сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн   бир катар судьяларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.